Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суйкум элес»
исполнителя Райкан Абдувалиева.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Азыр сен алыстасың, менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?
Жазылып бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын маңдайына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып жүрөгүмө.
Сезимди сооротомун, унуттум деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.

Другие песни исполнителя:

  • Сизди сүйөм, кыз өппөгөн жигиттей, Сиз сүйдүңүз көңүлүмдү кирдетпей. Сүйгөнүм чын өмүрүмдө биринчи, Сүйүү деген азап экен илдеттей. Сизди сүйөм жашыңыздан жазганбай, Түбөлүккө тагдырыма жазгандай. Узун түндү көз ирмебей өткөрөм, Эмне кылам, мени баскандай. Көкүрөктү ээлеп алды атыңыз, Түк түшүнбөйм, кантип мага жактыңыз? Эч бир жанды тоготпогон кыз элем, Жүрөгүмө кандай ачкыч таптыңыз.
  • FacebookTwitterWhatsAppOdnoklassnikiTelegramVKРесурс Кошулушуп эки жаш, жуп болуптур, жар-жар, Кубанышып эл-журту, кут конуптур, эй, жар-жар. Толкуп келген мейманга той баштайбыз, жар-жар, Болушунча аянбай, бой таштайбыз, эй, жар-жар. Алтын ордо, гүл бакча, калаалуу бол, жар-жар, Аркаңардан ээрчиген балалуу бол, эй, жар-жар. Ак элечек колго алып, ырдап жүргүн, жар-жар, Жакшы менен жаманды ылгап жүргүн, эй, жар-жар. Ырыс алды – ынтымак, билип жүргүн, жар-жар, Ата-энеңе башыңды ийип жүргүн, эй, жар-жар. Ак булуттан себилген кар болгула, жар-жар, Дайым ушул жашоодо бар болгула, эй, жар-жар.
  • Кайырма: Сен назик жүрөгүмдү ээлеп, Сен менин махабатым. Мен сенин жүрөгүңдү элеп, Мен сенин махабатың. Мен сүйгөн адам сен белең, Жаным, жаным. Жүрөгүм ысып кайнады, Каным, каным. Тагдырдын ушул тапканы, Сен деп, сен деп. Бир татсак кантет сүйүнүн, Балын,балын. Кайырма: Мен күткөн адам сен белең, Жаным, жаным. Сезимди өрттөп дүрт этти, Жалын, жалын. Арманда өткөн сүйүүсүз, Өмүр жалган. Гүлдөсүн эми махабат, Багым, багым. Кайырма:
  • Элесиңди карап турсам сүрөттөн, Эске түшөт көлдүн жээги гүл өскөн. Эсиңдеби, кечиндеги сырдашуу, Сууруп чыгып таттуу сөздү жүрөктөн? Жүрөгүмдө сүйүү турса чыдатпай , Жүзүң жарык, жанып турган чырактай. Суктандырдың, суусаттырдың кайрадан, Эзелтеден бирге жүргөн ынактай. Сансыз жылдыз бизди гана карашып, Сени менден, мени сенден талашып. Ойноп-күлүп көпкө жүрдүк, жаркыным, Кеткичекти аппак болуп таң атып.