Казахские песни Узбекские песни

Песня «Нестан - Дарежан»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кечип таштап данктан, атактан,
Келечегин издеп бараткан.
Кайгылуу шер дүйнө кыдырат,
Кайдасың сен, Нестан-Дарежан.

Кайырма:
Ак сүйүүнүн дайрасын кечип,
Азап-кайгы жүрөктү эзип.
Алоолонуп күйүп баратам,
Ал ансайын сүйүп баратам.
Аялзаттан башкача сезип…

Тоскоол мага боло албаган
Тонгон муздуу, ызгаар Бадахшан:
Тоону тешип өтөм сен үчүн,
Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан.

Кайырма:
Махабаттын дайрасын кечип,
Кумарланып жүрөктү эзип,
Алоолонуп күйүп баратам,
Ал ансайын сүйүп баратам.
Аялзаттан башкача сезип…

Күнү-түнү чыкпай санаамдан,
Күйгөн шамсың мен деп жаралган.
Күйүт мени мыжып жатса да,
Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан.

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Анчалык эмне үзүлүп карадың ай, Алтыным, менден нени самадың ай? Жактырып мен да отурдум бет маңдайда, Жылдызын төгүп турган кабагыңды ай. Карындаш ай, Жылдызын төгүп турган кабагыңды ай. Тигилип карегиме каректерин, Титиреп бүткөн боюм электедим. Өзүңө болгон экен табышмак сыр, Өчүрбөй обон кылып керектедим. Карындаш ай, Өчүрбөй обон кылып керектедим. Ошончо көп адамды көзгө илбей, Анчалык не тиктедиң көз ирмебей? Көзүңө көзүм менен жооп беремин, Тиктешип отурабыз эми бирдей. Карындаш ай, Тиктешип отурабыз эми бирдей.
  • Айла жоктон неттим ай, Акылымдан кеттим ай. Сүйүп калып сени, Эркинай. Жолдоп айтып болгонун, Жолболдудай Чолпонум, Сен деп ырдайм Мен да, Эркинай. Кайырма: Аттиң, неге жолуктуң? Сени алам деп оолуктум, Улуу кызым окуп калганда. Үчүнчүсү төрөлүп, Ак бешикке бөлөнүп, Ортончусу басып калганда. Тоодой ойду толгоюн, Токтогулдай боздоюн, Сүйгөнүм чын сени, Эркинай. Ырга салып торгоюм, Ырыспайдай боздоюн, Сүйгөнүм чын сени, Эркинай. Кайырма: Бирге турсам жанашпай, Бирге бассам жарашпай, Каламынбы сага, Эркинай? Албырып күйгөн чырактай, Арманым деп Чубактай, Каламынбы же мен, Эркинай?
  • Жүздөр кызарып, буттар тушалып, Бирге да баспасам бийлеп кусалык. Күлкүм жоголот күндөр узарып, Жүзүң көргөндө жүрөк лакылдап, мезгил закымдап. Жаркын керемет ойду терметет, Келчи жакындап. Ойлор жадатты, күндү санатты, Кантип унутам ушул адатты. Берди көңүлгө сүйүү канатты, Санаа түмөндөп, түндө уктабайм жылдыз түгөлдөп. Сүйүү сырлары, сүйүү ырлары Кантип түгөнмөк.