Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айталбайм»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көздөрү - көлдүн бермети
Кылгырып караганың
Кымбатым, самаганым
Жымыңдаган көз карашың
Кыялдарга терметти
Оюмдан кетпеди неге
Жомокто ханыша беле?
Сыйкыры арбады
Сыр болуп калганы
Жүрөктө кадалды жебе
Сезимди арнап беремин
Сездирбей, бирок келемин
Айта албайм, айта албайм
Айта албайм анын себебин
Ийилген белиң, билегиң
Имерип алды илебиң
Жүрөктү, жүрөктү
Жүрөктү неге эзесиң?
Эсимден кетпейт элесиң
Эңсетип дайым келесиң
Күн болуп көрүнүп
Нуруна төгүлүп
Муздай тоңгон жүрөгүмө
Муза болуп бересиң
Карабай башканын баарын
Карады, жүрөктө жалын
Кылыктуу каш кагып
Сезимге баш багып
Сүйдүрүп алдыңбы, жаным?
Сезимди арнап беремин
Сездирбей, бирок келемин
Айта албайм, айта албайм
Айта албайм анын себебин
Ийилген белиң, билегиң
Имерип алды илебиң
Жүрөктү, жүрөктү
Жүрөктү неге эзесиң?
Сезимди арнап беремин
Сездирбей, бирок келемин
Айта албайм, айта албайм
Айта албайм анын себебин
Ийилген белиң, билегиң
Имерип алды илебиң
Айттырбай, айттырбай
Айттырбай качан сезесиң

Другие песни исполнителя:

  • Капысынан жолуктум Марбия Марбия Көрүп сени олуктум Марбия Марбия Жамалыңа суктандым Марбия Марбия Уйгур кызы адеми Марбия Марбия Кайырма: Көздөрүңдү көргөндө Марбия Марбия Көздөрүңдү көргөндө Марбия Марбия Тартып мени арбады Марбия Марбия Арбады да кармады Марбия Марбия Карагаттай көздөрүңдөн Марбия Марбия Балдай ширин сөзүңдөн Марбия Марбия Сезимим сага байланды Марбия Марбия Күлүп турган жүзүңдөн Марбия Марбия
  • Түндө түш көрдүм,апам жанымда, Ысык нан сунат и-ий,менин колума. Ойгонсом түшүм,сыздады жүрөк, Бат эле өттү и-ий бактулуу мүнөт. Припев: Жолун тосуп жөнөйүн,Токтогул жериме Ашуу ашып барайын,айылым,элиме Бала болуп көчөмдө,кайрадан чуркайын Узун акма суусунан,тамшанып урттайын Көздөн жаш тамып,жаздыгым нымдап Уктабай жаттым и-ий жүрөктү тындап Биз өскөн чон там,көзүмдөн учуп Сагыныптырмын и-ий айылды чындап
  • Заманыбыз бузулгандай туюлат. Жаштар жүрөт көчө тентип аралап. Кыргыз элим намыскөйлүү калк келген, Таштагыла, жакшы жолго алып барбайт. Кыйын кезде кырылбаган кыргызым, Башын ийип чөгөлөбөй көп кылым, Алдырбастан эч бир жанга намысты, Сактап келген Ата Мекен кыргызым. Кайырма: Байлык, бийлик азгырат го жолуңдан, Кыргыз элим, адашпагын жолуңдан. Ынтымактуу болуп элим жашайлы, Заманыма ыйман бергин, Жараткан. Жараткандан жалыналы, сурайлы, Элибизге берсин тынчтык, ыйманды. Бирибизди тонобойлу, кыргызым, Ортобузда ынтымак, күч орносун. Байлык десе адашабыз түз жолдон, Пулун берип чоң жумушка орношкон. Жок болсо дейм ошондойлор арадан, Оңолот го кыргыз элим, оо, качан? Кыргыз деген атыбыз эч өчпөсүн, Кылымдарга жаша, эрип чөкпөгүн. Ата Мекен жалгыз бирөө, экөө эмес, Ырыскыңды, кыргыз элим, төкпөгүн. Кайырма:
  • Бул өмүрдө ак сүйүү бир келет, Ар жүрөккө бирден түгөй берет. Ишене бергин жалган жашоодо, Өзүңдү сүйгөн сезим өзгөрбөйт. Билемин жаным ишениш керек, Мындай сезимди жүрөк сезе элек. Кыялдарымды өзүңө арнайм, Жакшы тилектер кепилдик берет. Кайырма: Сен, мен бакыт издедик, Тандап кимди сүйбөдүк. Бакыт дайыма жанаша, Жүрсө неге сезбедик. Махабатыбыз ынтымак берсин, Бакыттын дамын жүрөктөр сезсин. Сүйүүнүн күчү күн өткөн сайын, Салкындап кетпей, эселеп өссүн. Жан шерик издеп, ак сүйүү таптым, Көп жигиттерден бир өзүң жактың. Түбөлүк сүйөм, сага сөз берем, Жөлөгүм сенсиң, таалайым, бактым. Кайырма:
  • Гүлдөй буралып, бастың жанымда, Кыт-кыт күлүп карап, өттүң назданып. Арзуум от болуп, жан дүйнөм чок болуп, Калгансыды жүрөк сүйүүгө мас болуп. Кайырма: Эркелетсемби, кара көз, сени, Суктанып мен карап, эзилеминби? Эркелетейин, келчи, шириним, Кучагыма кысып, эркелетейин. Күндөй жаркып сен, чыктың таң ата, Көзгө сүйкүм болуп, күнгө жанаша. Кандай сүйкүмдүү, сенин элесиң?! Көңүлүмдү буруп, эркелетейин. Кайырма: