Казахские песни Узбекские песни

Песня «Аралаба»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жигитсиңби, бир сөзүңдөн танбагың
Танбагың
Кызыл гүлдү сабагынан кармагың
Кармагың
Көрүнгөнгө көрүнгөндөй сөз айтпай
Ошол кызга ак сүйүүңдү арна, арнагың
Аралаба топ кыздарды
Кыздын баркы кетпейби
Арасынан бирди сүйсөң
Ошол эле жетпейби
Жетпейби
Асманда ай да сулуу, күн да сулуу
Күн да сулуу
Ар бир адам өз-өзүнө айдай сулуу
Айдай сулуу
Асманда жымыңдаган жылдыздардай
Сүйгөнүм ого бетер айд, айдай
Айдай сулуу
Гүлдүн баркы кетпейби
Арасынан бирди үзсөң
Ошол эле жетпейби
Жетпейби
Аралаба топ кыздарды
Кыздын баркы кетпейби
Арасынан бирди сүйсөң
Ошол эле жетпейби
Жетпейби
Аралаба топ гүлдөрдү
Гүлдүн баркы кетпейби
Арасынан бирди үзсөң
Ошол эле жетпейби
Жетпейби

Другие песни исполнителя:

  • Кыска этек киесиң, Кылыктуу жылмайып жүрөсүң. Кыйналып ичимден, Кызганып жатканым билесиң. Сымбатың менен сыйкырлап мени, Санаага ойду чырмап салдың. Жашоомо бакыт тартуулап анан, Жүрөктү аста уурдап алдың. Кайырма: Саамайыңа күндү илейин, Сен да мага көңүл бурчу! Махабатым билдирейин, Токтой турчу! Сезимимди океандай, Сен да туюп кабыл алчы. Эзе бербей өчүң бардай, Аясаңчы! Көзүңдү боёйсуң, Көңүлдү азгырып коёсуң. Кокустан кез келсек, Көрсөң да, көрмөксөн болосуң. Жамалың менен жадырап карап, Жанымды торго илип алдың. Жомокто сулуу периште сымал, Жүрөккө аста кирип алдың.
  • Кичинекей менин жүрөгүм, Көксөп күткөн анык тилегим. Жыттап тойбойм, эркем жытыңа, Ак жүзүңдөн күндө сүйөмүн. Жаным бөбөгүм, сени өбөйүн. Бардыгынан билсең, артык көрөмүн. Кайырма: Атасынын данеги, сен кызым, Апасынын кареги, сен кызым. Балбылдаган көздөрүңдөн, Бакыт көрдүм, бүт ааламга тең кызым. Өскөнүңдө гүлдөй ачылып, Көрүү үчүн келем шашылып. «Атакелеп» тоссоң алдыман, Чарчаганым калат жазылып. Асыл бөбөгүм, кызым жөлөгүм, Үйүбүздү чон бакытка бөлөдүң. Кайырма:
  • Экөөбүз жолукчу жер, Көлдүн жээги, аба салкын ааай, Күндөгүдөн баскандарын, Бүгүн эртен, арбын арбын, ааай. Шашкансып толкундарды кечип өттүм, Кол сунуп, жолугарда ойго чөктүң, Ойумда эч нерсе жок ай кучактасам ааай, Башкага жар болдум деп, башкага жар болдум деп ыйлап өптүм. Махабат бооруң ташпы, Агыздың го көздөн жашты ааай, Бактымды кармай албай, Бул сүйүүдөн көңүл калды ааай. Тилеген ой бар эле дагы канча, Сөз бүтпөй сүйлөшө элек ай чыкканча ааай, Алтыным кош болгун деп, кете бердиң Көзүмдөн акты жашым, көзүмдөн акты жашым узаганча Кызарып күн жаныдан, Тоого кирип баткан эле ааай, Көл дагы коштошконсуп, Жээке сунуп чачкан эле ааай. Кааларым бакыт кошуп таабарыңды Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды Кош эми түболүкө бактылуу бол ааай, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды. Тоого кирип баткан эле ааай, Көл дагы коштошконсуп, Жээке сунуп чачкан эле ааай. Кааларым бакыт кошуп таабарыңды Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды Кош эми түболүкө бактылуу бол ааай, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды, Унутпа сени сүйгөн, унутпа сени сүйгөн адамыңды.
  • Күндүн нуру жүзүңөрдө Күндө куулуп турат Балдай ширин сөзүңөрдү Жаным сүйүп угат Эркелеген кылыгына Эстен алып баарат Эхх сулуулар жаныңардан Жаным күйүп жанат Дайым жанасынар Дайым сулуусуңар Сүйөт сүйөт басканың Жигиттердин бүт баары Кыргызымдын кыздары Жүрөктөрү дары Майда майда басканындар Кагышы жүрөктүн Сагындырып аласыңар Суусундай мүрөктүн Көргүм келип өзүңөрдү Алып учат жаным Ээх сулуулар багыбызга Бар болгула дайым
  • Жүрөгүмө жарык нур берген, Ак сүйүүмдүн тазасы элең. Махабатым бир сага арнап, Сени сүйүп, сен деп жашап келгем. Кайырма: А бирок сен сезбедиң мени, Сага болгон тунук сезимди. Сага арналган сүйүүмдү сен, Түшүнбөдүң, кантейин эми? Жылдар жылып, убакыт өтөт, А жүрөгүм бир сени күтөт. Таалайыма жазганбы тагдыр? Табышмактай чечилбей келет. Кайырма: Сагынычтан күн өтөт, Сагынып жүрөк күтөт. Сагынычтан сыздайт эт жүрөк. Кайырма: