Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаным сага мен канткенде жагамын»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күлөсүң, күлөсүң, тоготпой жүрөсүң,
Ансайын байланып мен сени сүйөмүн.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Кызганам, кызганам, өзүңдү башкадан,
Кыйнабай түшүнчү сезимди, суранам,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Кайырма:
Кериле сулуу басса керемет,
Табышмак болуп мага сезилет.
Амалын таппай жүрөк эзилет,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Артыңдан калбадым, көңүлүң бурбадың,
Гүлүмдү сунсам мен, кол сунуп албадың.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Издетип өзүңдү жүргөндү сүйөсүң,
Жолуксак капыстан назданып күлөсүң.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Кайырма:
Кериле сулуу басса керемет,
Табышмак болуп мага сезилет.
Амалын таппай жүрөк эзилет,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Жанаша бассам мени теңсинбей,
Көтөрдүң боюң мага ченебей.
Сүйүүмдү айтсам койдуң кенебей,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Другие песни исполнителя:

  • Күтүүсүз сүйүү жаралып, Күн сайын барам арбалып. Секелек кызды жактырган, Жүрөккө турам таң калып. Кайырма: Сен бир карап койсоң жүрөк эзилет, «Байке» деген сөзүң «жаным» сезилет. Жылуу сезим берген, эрке карындаш. Сен менен бактым, келечегим көрүнөт. Айырма бир топ эле жаш, А бирок сендей табылбас. «Байке» деп жүрөк эзбечи, Сүйөмүн сени, карындаш. Кайырма:
  • Бакыттын даамы сезилбей кетти Себеби анын өзүңсүң Ашыктык оту арманга өттү Бир келип кеткен сезимсиң Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Үзүлбөй үмүт дагы эле күтөм Кыялбай жүрөм өзүңдү Сагындым жаным Кол кармап дайым Жетелеп жүргөн кезимди Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың
  • Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң, Кылыктарың чыгат эркелесең сенин. Жаратканымдын энчилеп мага, Буюруп койгон белеги сенсиң. Сен, мен түбөлүк дайым, Кол кармашып жүрөлүк, жаным. Махабатка чөмүлүп бирге, Таталы сүйүүнүн даамын. Кайырма: Мен, мен сени сүйөмүн, Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным. Мен, мен сени сүйөмүн, Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм. Тамаша айтсам таарынып мага, Капа болот менин тентегим. Түбөлүк мага колуңду сунуп, Өмүрүмдүн гүлү болчу сен. Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап, Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап, Бир келген бакытты учурбай, жаным, Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап. Кайырма:
  • Гүлдөй буралып, бастың жанымда, Кыт-кыт күлүп карап, өттүң назданып. Арзуум от болуп, жан дүйнөм чок болуп, Калгансыды жүрөк сүйүүгө мас болуп. Кайырма: Эркелетсемби, кара көз, сени, Суктанып мен карап, эзилеминби? Эркелетейин, келчи, шириним, Кучагыма кысып, эркелетейин. Күндөй жаркып сен, чыктың таң ата, Көзгө сүйкүм болуп, күнгө жанаша. Кандай сүйкүмдүү, сенин элесиң?! Көңүлүмдү буруп, эркелетейин. Кайырма:
  • Тагдыр жазганын билдим, түшүндүм Сен деп жаңылып, эми өкүндүм Жалган көздөрүң арман коштогон Муздап жүрөгүм, жалын кошпогон Мен сагына берем, сагынып келем Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм? Сен деп жашагам өмүрдү өткөн Жол карап дайым озунуп күткөм Эми кайдасың, аттиң, арман?! Ким менен кеттиң, жашынып жалган? Мен сагына берем, сагынып келем Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм? Мен сагына берем, сагынып келем Арманыма азаптан жазылган белең? Эмнеге билбейм, мен такыр ишенбейм Кабарың жок түшүнбөйм, кай жактан издейм?