Казахские песни Узбекские песни

Песня «Карындаш»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күтүүсүз сүйүү жаралып,
Күн сайын барам арбалып.
Секелек кызды жактырган,
Жүрөккө турам таң калып.
Кайырма:
Сен бир карап койсоң жүрөк эзилет,
«Байке» деген сөзүң «жаным» сезилет.
Жылуу сезим берген, эрке карындаш.
Сен менен бактым, келечегим көрүнөт.
Айырма бир топ эле жаш,
А бирок сендей табылбас.
«Байке» деп жүрөк эзбечи,
Сүйөмүн сени, карындаш.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жакшы көрүп жамалыңа жаным байланам Жалгыз сага менин сүйүүм аманат Башка ааламдан түшүп келдиң беле сен Ак сүйүүмдөн дайым башым айланат Майда майда басканыңдан ыргалып Жылмаюдан биздин өмүр нурданып Эч билгизбей жашап келем мен Өзүмдөн өзүм кызганып Кайырма : Мончок-мончок көздөрү кара Сага деген сүйүүм дайра Эзилемин жаным Карай берем сени кайра кайра Мончок-мончок көздөрү кара Сага деген сезимдер дайра Эзилемин жаным Карай берем кайра кайра Бул дүйнөдө бир жаралат мындай махабат Ушул сезим бизге гана жарашат Төрт мезгилдин сулуулугу сендей Көздөрүңө көзүм жаным кадалат Ал ан сайын көзүм албай карадым Канча өмүр баарын сага арнадым Жүрөк ээлеп алган үчүн Дары кыз деп сени атадым
  • Өмүрдөгү издеп тапканым, Өзүң менен ачык асманым. Ак жоолук салып, жубай болуп, Астанамды аттадың. Кайырма: Оорусам дарым, жашоомдо баарым, Таттырган бакыт даамын, Менин түбөлүктүү жарым. Апамдын күткөн келини сенсиң, Айдын нуруна теңсиң, Бир сени менен кут келсин. Көпчүлүктү сыйлап жүгүнгөн, Көшөгөнү көрккө бөлөгөн. Үйдүн ичине жарык чачкан, Татынакай затыңдан. Кайырма:
  • Капысынан сени көрүп калдым Карегиме сүйүү отун салдың Ооооооооо Стамбулдун сулуу кызылына Кантип эле мени арбап алдың Ооооооооо Не кадер не кадер сени севиорум Сана сана ашкым калбим бир ойрум Гүлүм сенсиң Лейла Гүлүм сенсиң Лейла Сүйүүм сенсиң Лейла Сендей сулуу кайда Деңиздин жээгинде бастык Сен менен жайнады жаштык Жок жок жок гозаль кыз Көздөрү гозаль кыз Жүрөктү ээлеп алдыңыз Не кадер не кадер сени севиорум Сана сана ашкым калбим бир ойрум Гүлүм сенсиң Лейла Гүлүм сенсиң Лейла Сүйүүм сенсиң Лейла Сендей сулуу кайда
  • Ыймандан дилиң тазарат, Ырлардан көңүл жашарат. Ыр менен жашап түбөлүк, Ырдалып бүтпөйт махабат. Арзуудан өмүр жашарат, Арзуудан жүрөк наз алат. Армандуу дүйнө кимде жок, Айтылып бүтпөйт махабат. Күндө өтүп турса сапар бат, Күлгүн жаш келбейт катарлап. Гүл азык болуп өмүргө, Гүл бойдон калат махабат.