Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сары кыз»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жакшы көрүп жамалыңа жаным байланам
Жалгыз сага менин сүйүүм аманат
Башка ааламдан түшүп келдиң беле сен
Ак сүйүүмдөн дайым башым айланат

Майда майда басканыңдан ыргалып
Жылмаюдан биздин өмүр нурданып
Эч билгизбей жашап келем мен
Өзүмдөн өзүм кызганып

Кайырма :

Мончок-мончок көздөрү кара
Сага деген сүйүүм дайра
Эзилемин жаным
Карай берем сени кайра кайра
Мончок-мончок көздөрү кара
Сага деген сезимдер дайра
Эзилемин жаным
Карай берем кайра кайра

Бул дүйнөдө бир жаралат мындай махабат
Ушул сезим бизге гана жарашат
Төрт мезгилдин сулуулугу сендей
Көздөрүңө көзүм жаным кадалат
Ал ан сайын көзүм албай карадым
Канча өмүр баарын сага арнадым
Жүрөк ээлеп алган үчүн
Дары кыз деп сени атадым

Другие песни исполнителя:

  • Адаштырып мени ар качан Азаптарга жаным салбасаң Өкүнүчтө калып сыздап калсамчы Өмүрүмдүн бүтүн эй өмүрүмдүн бүтүн эй өмүрүмдүн баарын сизге арнасам Карындаш кимди сүйөсүң ээй
  • Жаным, мөлтүрөгөн көздөрүнө зармын, Сени менен кол кармашып дайым. Жаным, жүрөгүмдө өзүң болчу дайым, Сездим окшойт мен бакыттын даамын Кайырма: Эки жүрөк бирге болсочу, Экөөбүзгө бакыт консочу, Бекем болуп өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Эки жүрөк бирге болсочу, Оротобузга сүйүү орносун Кел жашоомду өзүң кооздочу, Менин дүйнөмдү. Жаным, түбөлүкө жаным болчу дайым Сени менен бир болойун жаным, Жаным, бул сыноолор өтөт кетет баары, Сага гана эркелейин дайым
  • Ынтымак менен, Ырыс күнүбүз келгендей. Биримдик менен, Кыйын учурду жеңгендей. Сыноодон өтөбүз, Жеңишке жетебиз, Өмүрдө жанып бир келген эй. Жашайбыз ал үчүн Жакшы күн бар үчүн, Биз дейбиз эми жекеленбей. Хор Элим, жашасын элим! Кубанычтын жолун курап Элим, бар болсун элим, Журок сен деп согуп турат Бар болгун Элим! Баары алдыда, Жаңыртып күлкү, ырларын. Жаштар жабыла, Элимдин курайт жыргалын. Биликтей күйүшкөн, Отко даап киришкен, Заманың билди кыз-уулдарын. Жүрөктөн сүйүп сен, Алдыга үмүттөн Жашагын, жаша утулбагын. Хор Элим, жашасын элим! Кубанычтын жолун курап Элим, бар болсун элим! Жүрөк сен деп согуп турат Керек эсенин. Тарыхтан үлгү алып келечекке багыт сал, Алыска умтулалы, күтөт бизди жарыктар. Ала тоодой бек бололу, Элибизге чеп бололу! Баарыбыз тен биримдикте Улуу тек бололу Кымындай бөлүнбөй, Ынтымакка келип биз, Сөзсүз көздөгөнгө жетебиз. Кыргызым эч качан Сыноодон жеңилбе, Күтүүдө алдыда Керемет келечек. Сыноодон өтөбүз, Жеңишке жетебиз. Өмүрдө жанып бир келген эй Жашайбыз эл үчүн Жакшы күн бар үчүн Биз дейбиз эми жекеленбей Хор Элим, жашасын элим! Кубанычтын жолун курап Элим, бар болгун элим! Жүрөк сен деп согуп турат Хор Элим, жашасын элим! Кубанычтын жолун курап. Элим, бар болсун элим! Кубанычтын жолун курап. Элим, бар болсун элим! Жүрөк сен деп согуп турат Бар болгун элим! Бар болгун элим!
  • Күлсөң эгер назарыңдан, Күн шооласы чачылат. Күлмүңдөгөн ажарыңдан, Көңүл чери жазылат. Карегиңде бир сырың бар катылган, Көрсөм сени жүрөк тойбой сагынган. Селкинчек сезимдерге күүлөнүп, Сейил куруп жүрөлүк. Сырымды ачык айтсам жашырбай, Сага сүйүүм түбөлүк. Жаз сымал жүрөктөргө гүл өнүп, Жанашып биз жүрөлүк. Жан дүйнөм ашыктыкка берилип, Жакшы көрөм түбөлүк. Жылытасың илебиңе, Жалындаган от сындуу. Жакындашып тилегиме, Жаштыкка нур коштуңбу? Бийиктеги махабат жылдызымды, Билгизбестен уурдап кеткен жоксуңбу?
  • Карек толуп, ата-энең толкуп кубанат, Келген элең сен жарыкка бүгүн ыңаалап. Көңүл сүйгөн сайран, достор менен майрам, Ар жыл сайын, ай, уланат. Кучак толо гүлдөр, жылмайышкан жүздөр, Туулган күн шаңга бөлөнөт. Кайырма: Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Амандыкты тилейли, Ден соолукта жүргүн. Ачылсын ар дайым Жаштык өмүр гүлүң, Бактың, сүйүүң. Бүгүн, бүгүн, бүгүн Сенин туулган күнүң. Ата-эне бир тууганга, Алтын башты ийгин. Жашоонун кадырын Узак жашап билгин, Ойноп-күлгүн. Жаркын маанай, дасторкон үстүн саймалап, Жакындарың кымбат белек алып камданат. Коноктор топтолуп, ыр-бийлер коштолуп, Куттук сөздөр, ай, арналат. Эч нерсе жетпеген, эсиңден кетпеген Эх, кандай сонун салтанат, эй. Кайырма: