Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бар болгун элим»
исполнителя Нурлан Насип.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ынтымак менен,
Ырыс күнүбүз келгендей.
Биримдик менен,
Кыйын учурду жеңгендей.
Сыноодон өтөбүз,
Жеңишке жетебиз,
Өмүрдө жанып бир келген эй.
Жашайбыз ал үчүн
Жакшы күн бар үчүн,
Биз дейбиз эми жекеленбей.

Хор
Элим, жашасын элим!
Кубанычтын жолун курап
Элим, бар болсун элим,
Журок сен деп согуп турат
Бар болгун Элим!



Баары алдыда,
Жаңыртып күлкү, ырларын.
Жаштар жабыла,
Элимдин курайт жыргалын.
Биликтей күйүшкөн,
Отко даап киришкен,
Заманың билди кыз-уулдарын.
Жүрөктөн сүйүп сен,
Алдыга үмүттөн
Жашагын, жаша утулбагын.


Хор
Элим, жашасын элим!
Кубанычтын жолун курап
Элим, бар болсун элим!
Жүрөк сен деп согуп турат
Керек эсенин.

Тарыхтан үлгү алып келечекке багыт сал,
Алыска умтулалы, күтөт бизди жарыктар.
Ала тоодой бек бололу,
Элибизге чеп бололу!
Баарыбыз тен биримдикте
Улуу тек бололу
Кымындай бөлүнбөй,
Ынтымакка келип биз,
Сөзсүз көздөгөнгө жетебиз.
Кыргызым эч качан
Сыноодон жеңилбе,
Күтүүдө алдыда
Керемет келечек.
Сыноодон өтөбүз,
Жеңишке жетебиз.
Өмүрдө жанып бир келген эй
Жашайбыз эл үчүн
Жакшы күн бар үчүн
Биз дейбиз эми жекеленбей

Хор
Элим, жашасын элим!
Кубанычтын жолун курап
Элим, бар болгун элим!
Жүрөк сен деп согуп турат

Хор
Элим, жашасын элим!
Кубанычтын жолун курап.
Элим, бар болсун элим!
Кубанычтын жолун курап.

Элим, бар болсун элим!
Жүрөк сен деп согуп турат
Бар болгун элим!
Бар болгун элим!

Другие песни исполнителя:

  • Элесиң көз алдымда, Гитара үнүн уксам. Унутам бир азга мен, Нотасын ырдын жазсам. Унутам бир азга мен, Ал күндү эске тутсам. Ал күнү ошол кечте Гитара үнү коштой. Ак бийге түшкөн элек, Ак көйнөк кийген бийкеч. Ак көйнөк кийген бийкеч, Келемин сени издеп. Келсе деп ошол майрам, Бакыт күн биз жолуккан. Байкабай калыптырмын, Жүрөктү жаралапсыз. Сурабай калыптырмын, Аты жок калыптырсыз. Ак көйнөк бийкеч болуп, Аты жок калыптырсыз. Ал күнү ошол кечте Гитара үнү коштой. Ак бийге түшкөн элек, Ак көйнөк кийген бийкеч. Ак көйнөк кийген бийкеч, Келемин сени издеп. Келсе деп ошол майрам, Бакыт күн биз жолуккан. Ырдаймын ушул кечте, Жетер деп сүйүүм сизге. Көрсөңүз эгер мени, Качпаңыз алыс жерге. Уксаңыз эгер мени, Бололу бир аз бирге. Ал күнү ошол кечте Гитара үнү коштой. Ак бийге түшкөн элек, Ак көйнөк кийген бийкеч. Ак көйнөк кийген бийкеч, Келемин сени издеп. Келсе деп ошол майрам, Бакыт күн биз жолуккан. Келсе деп ошол майрам.
  • Мен келгенде эстен кетпейт эч эле, Жезде дечүң мени жалгыз сен эле. Бара-бара эркелигиң жоголуп, Бой жетилип, сен чоңойдуң, Бой жетилип, сен чоңойдуң, Тез эле… Кайырма: Балдыз, балдыз, неге жалгыз, Ыйлайсың сен күн алыс? Тандап терген, белестерден, Сага жездең гүл карыз. Эстейм, аттиң, баары күндөй кеч эле, «Сүйүү эмне?» деп сураганың эсимде. Сүйүнчүлөп тыя албастан күлкүңдү, Кадам койдуң сен, секелек, Кадам койдуң сен, секелек, Сезимге… Кайырма: Мен келгенде эстен кетпейт эч эле, «Кел, жезде» деп чай сунганың эсимде. Эми сен да төктүң сүйүү көз жашын, Мезгил, чиркин, өтөт тура, Мезгил, чиркин, өтөт тура, Тез эле… Кайырма:
  • Билбеймин мени кантип арбадың, Көп кыздардан бир сени тандадым. Бүт өмүрүмдү сага арнадым мен, Жүрөк ээси жалгыз өзүңсүң. Сен менен татамын, Издеген бакыт даамын. Жанымда күлүп турсаң, Сүйө берем ар дайым. Жүрөккө нурун чачкан күнүмсүң, Жашоомдун көркүн ачкан гүлүмсүң. Түбөлүккө бир келчү сүйүүмдүн да, Ээси жалгыз өзүңсүң. Сен менен татамын, Издеген бакыт даамын. Жанымда күлүп турсаң, Сүйө берем ар дайым. Сен менен татамын, Издеген бакыт даамын. Жанымда күлүп турсаң, Сүйө берем ар дайым
  • Бакыттын даамы сезилбей кетти Себеби анын өзүңсүң Ашыктык оту арманга өттү Бир келип кеткен сезимсиң Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Үзүлбөй үмүт дагы эле күтөм Кыялбай жүрөм өзүңдү Сагындым жаным Кол кармап дайым Жетелеп жүргөн кезимди Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың Неге, неге арбадың? Неге мени алдадың? Сенсиз күндөр өтпөй калган кезде Башка жолду тандадың Неге, неге арбадың? Неге жаным алдадың? Жүрөк ээси жалгыз сен деп жүрсөм Башканы сен тандадың
  • Бийик болуп Ала-Тоодон бактыңар, Балдай таттуу сүйүү таптыңар. Көңүл кушу бири-бирин жактырып, Кош ак куудай канат кактыңар. Тагдыр буйруп, ушул күнү баш кошуп, Той өткөрүп турган чактыңар. Келиңиздер деп сыйга чакырып, Конокторго эшик ачтыңар. Кайырма: Жар болгула ата-энени сыйлаган, Жалпы журттан урмат жыйнаган. Жашооңорго ынтымакты каалайбыз, Жан болгула сүйүп, кыйбаган. Жүрөгүңөр махабат деп кагылсын, Жүзүңөрдөн бакыт чагылсын. Куда болуп эки тарап достошуп, Кубанычтар толкуп агылсын. Куттуктайлы эки жашты чын дилден, Коломтоңор өчпөй жагылсын. Ак сакалдардын батасы тийип, Алдей үнү үйдө жаңырсын. Кайырма: