Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызды даңктайлы (New version)»
исполнителя Арсен.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ай-ий, Манас ата калтырган бул белеги,
Ой-ий, Мекен үчүн чептей туруп берели.
Ай-ий, элине тийген кереги,
Ой-ий, урпактар өссүн береги.
Ай-ий, жүрөгүң арнап бергин сен элиңе,
Ой-ий, гүлдөтүп булак болуп бер жериңе.
Ай-ий, күч кошуп элдин демине,
Ой-ий, алдыга умтул темине.
Ай-ий, кыргыздын элин даңктайлы!
Ой-ий, кылымга аны сактайлы!

Другие песни исполнителя:

  • Ай асмандай бийиксиң, Алыстан мен аярлайм. Асылдыктын бирисиң, Айта албаймын, абайлайм. Жаралгансың ким үчүн? Жаздын жарык күнүндөй, Жылмайганың, күлүшүң, Жарык чачат күлүңдөй. Кайырма: Жаным деп, Айткым келет мен тажабай, Жамалыңа зар болуп, Жалооруймун баладай. Жан дүйнөмдү эңсетип, Жаным, менден алыссың. Туң сүйүүмдүн эркеси, Түштө көргөн жарыксың. Кезиккенбиз капыстан, Ошол күнүм арманбы? Жетпей сага ашыккан, Махабатым жалганбы? Кайырма: Кайгырамын таба албай, Кайдан издеп барам, ай? Дүйнө кезип издесем, Кезикпедиң сен мага. Кайырма:
  • Карегим сага кадап, Көзүмдү албай карап, Кыялым учуп барат. Жүзүңдөн жылдыз жанат, Махабат оту тамат, Жүрөгүм сени самап. Кайырма: Сезимдерим канат байлап, Сага карай учуп барат. Махабатым күйүп жанат, Жүрөгүңдөн орун алат. Жүрөгүм сени тандап, Жүрөмүн дайым жандап, Түгөнбөс сүйүү арнап. Жамалың турса жайнап, Махабат мени арбап, Бакыттын кушун кармап. Кайырма:
  • Менин бактым белең? Жарык чачып сезимге сен. Күнү-түн үмүтүм, Күндөрдү бирге өткөрсөм деймин. Сага карап айтам, Жүзүң сүйүп, эркелеп сен. Карегиң карагат, Жагымдуу күлкүң жарашат сенин. Кайырма: Тагдырым бирге болсо, Ажырабай жүрөк соксо. Айланабыз ажайып, Кооз гүлгө толсо. Эркелетип, эргитип сүйсөм, Сен махабат оту бол. Алоолонуп жалыны, Аткан таңымдай. Жашоо көркү сен болуп жүрсөң, Жанымдан кетпей. Кайра-кайра эңсейм, тартыламын, Гүл болчу, күн болчу сен. Кайырма: