Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бакыт байрагы (Remix)»
исполнителя Арсен.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көңүлүм соолубайт,
Кыялдар түбөлүк,
Кызыл күн батканда.
Жылдызым түгөнбөй,
Түн кетип жанымдан,
Ак таңдар атканда
Жараткан жазганы,
Буйруган өзүмө.
Бактымды тапканда,
Жомокко айланып,
Бакыттын байрагы,
Желбирейт асманда
Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда,
Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба
Бакытым колуңда
Жарыгым жолуңда.
Айланып ар бир күнүм
Тирүүлүктүн жомогуна
Кармадым колума,
Бакыттын байрагы
Азаптар отунда, жомогунда.
Кайгылар баспаган,
Көңүлдү муздаткан
Карангы түндөрдү
Жаштыктын илеби
Толтурган бакытка
Жалындуу дүйнөмдү
Кубанам ар дайым,
Бакыттын байрагы
Арманым түгөндү,
Ар күнү тагдырлар
Өзүмө тартуулайт
Бактылуу күндөрдү
Түгөнбөгөн сүйүү болсо гана сенин жолуңда,
Өмүрдүн кызыл гүлү түбөлүккө соолуба
Бакытым колуңда
Жарыгым жолуңда.
Айланып ар бир күнүм
Тирүүлүктүн жомогуна
Кармадым колума,
Бакыттын байрагы
Азаптар отунда, жомогунда.

Другие песни исполнителя:

  • Ай асмандай бийиксиң, Алыстан мен аярлайм. Асылдыктын бирисиң, Айта албаймын, абайлайм. Жаралгансың ким үчүн? Жаздын жарык күнүндөй, Жылмайганың, күлүшүң, Жарык чачат күлүңдөй. Кайырма: Жаным деп, Айткым келет мен тажабай, Жамалыңа зар болуп, Жалооруймун баладай. Жан дүйнөмдү эңсетип, Жаным, менден алыссың. Туң сүйүүмдүн эркеси, Түштө көргөн жарыксың. Кезиккенбиз капыстан, Ошол күнүм арманбы? Жетпей сага ашыккан, Махабатым жалганбы? Кайырма: Кайгырамын таба албай, Кайдан издеп барам, ай? Дүйнө кезип издесем, Кезикпедиң сен мага. Кайырма:
  • Көптөр сүйгөн күмүш күлкүңдү жанган, Алтын болуп жаркырайсың сен айдай. Арт жагында жүрүп, айласыздан күлүп, Сенин ак сүйүүңө багынып бердим. Кайырма: Сен жалгыз калбайсың жалганда, Көздөрүң күйүп-жанганда. Себепсиз жанып, жалынба, жалынба, Сен байыр алып, ага байланба. Табасың бактың жазганда, Тагдырың сага жазганда. Адилетсиз сүйүү азабы кыйнады, Айланчыктап кыз да аны кыйбады. Көздөрү мөлтүрөп, Көз жашы төгүлөт, Ызага батты, ыйлады. Кайырма: