Казахские песни Узбекские песни

Песня «Карагат»
исполнителя Арсен.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Ай асмандай бийиксиң, Алыстан мен аярлайм. Асылдыктын бирисиң, Айта албаймын, абайлайм. Жаралгансың ким үчүн? Жаздын жарык күнүндөй, Жылмайганың, күлүшүң, Жарык чачат күлүңдөй. Кайырма: Жаным деп, Айткым келет мен тажабай, Жамалыңа зар болуп, Жалооруймун баладай. Жан дүйнөмдү эңсетип, Жаным, менден алыссың. Туң сүйүүмдүн эркеси, Түштө көргөн жарыксың. Кезиккенбиз капыстан, Ошол күнүм арманбы? Жетпей сага ашыккан, Махабатым жалганбы? Кайырма: Кайгырамын таба албай, Кайдан издеп барам, ай? Дүйнө кезип издесем, Кезикпедиң сен мага. Кайырма:
  • Адат менен өткөн түн эле, Эсимде жок, түнкү үч беле? Байкамаксан бийлеп, Кирпиктерин ирмейт, тимеле. Токтой турчу, кетпе, каралдым, Билбейм жаным, неге барамын, Балким, сенде мен издеген сүйүү таңы. Кайырма: Оо, жаралуу жүрөк, Оо, жалынып сүйлөйт. Оо, кечирчи мени, Колуңду берчи. Сүйөмүн дечи, Сүйөмүн дечи… Кагылгандай жыла албай калдым, Кабыландай сенин кабагың. Какпайт белең мени, Жүрөк деми эми ээриди. Баарын айтам, сөзгө бек турдум, Баратканмын, бирок шарт бурдум. Алсыздандым, айта албадым сага баарын. Кайырма: Оо, сүйүп барамын, Оо, күйүп жанамын. Оо, куткарчы мени, Колуңду берчи. Сүйөмүн дечи, Сүйөмүн дечи.
  • Муздак кадамым, Жолуң издеп, жолукканда кандай пайда табамын? Алыс карааның, Сагынамын, бүтпөй келет арманым. Жолуккан бактым, Айтчы, неге соолуп калды гүлү күткөн таңдардын? Тарттым азабым, Табышкан күндөрүм билбей жалганын. Кайырма: Арманым, Сага жете албай калып зар болдум. Айласыздан таппай келем жолдорум, Жүрөк ыйлап, сенсиз жалгыз калдым, жаным. Кеттиң теңебей, Сүйүүм күчөп таарынамын, тагдыр, себебин билбей. Балким, сен мендей, Жүргөндүрсүң күтүп сүйүүңдү сезбей. Элесиң кетпей, Оюм жетип, бирок, жаным, сага бир өзүм жетпей. Жүрөктөн эңсей, Жашап келем үмүт менен сени эстей… Кайырма: