Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сага»
исполнителя Чынгыз Турдубеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сүйүүнүн жолу тагдырда
Чын сүйгөн жанга тар тура
Асыл ардагым
Жүрөгүм арнадым
Өзүңө болгон сүйүүмдү
Таптаза бойдон сактаймын
Өчпөй сезимдер
Түбөлүк жашайсың

Кайырма:

Сага сага сага гана
Ак сүйүүмдү арнайм сага
Аруу дүйнөмдө
Мен сен деп жашаймда
Сага сага сага гана
Ыраазымын жолукканга
Тагдырым сени
Маңдайга жазган да

Бир болбосок да жашоодо
Арманым жок дейм жашоого
Билем кымбатым
Мен сенин кымбатым
Арзышып сүйгөн жүрөктөр
Бир болбой балким күн өтөр
Чындык жашоомдо
Ал бир сени күтөт

Другие песни исполнителя:

  • Билинбей күндөр узап, Сагынычым үмүт менен жол карап. Жалындап күйүп-жанат, Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак. Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Тамчылайм ак жамгырдай, Шаркыраймын көл издеген агындай. Асманда жалгыз куштай, Теңселемин шамал соккон булуттай Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Кезигүүнүн издеп келем айласын, Ойлор курчайт таппачудай пайдасын. Супсак сымал күңүрт алып айлана, Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
  • Билинбей күндөр узап Сагынычым үмүт менен жол карап Жалындап күйүп-жанат Көңүлдөгү жандырмаксыз табышмак Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Тамчылай ак жамгырдай Шаркыраймын көл издеген агымдай Асманда жалгыз куштай Теңселемин шамал соккон булуттай Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Кезигүүнүн издеп келем айласын Ойлор курчайт таппачудай пайдасын Супсак сымал күңүрт алып айлана Жалгызсырап буулугамын, кайдасың? Жалгызсырап буулугамын, кайдасың?
  • Ойноп бир жүрсөң көчөдө Моюн бербей өзгөгө Бардыгынан өзгөчө, эй болуп өзгөчө Курбуларың окшош баарысы Көңүл бурса жашы карысы Ошол сага көңүл дарысы, эй көңүл дарысы Тентек кызсың жаның такыр тынбаган Эч бир сөздү укпай жанды кыйнаган Кылыктарың жүрөктү туйлаткан Ишти кылып акылга сыйбаган Айланаңды эч эле сыйлабаган Өзүмчүлсүң эч бир эле укпаган Таянып сулуулугуңа Атааңдашып курбуңа Сак бол жашоо жолунда, эй жашоо жолунда Татынакай кызсың сонун да Туура ойлонгун жаштыгыңда Жарашпайт бул аялзатына, эй аял затына Ата энең жакындарың эмне десе укпайсың Көчө десе клуб десе жанталашып чуркайсың Интернеттен көргөзөсүң жыпжылаңач денеңди Инстаграммда тиктокто телефондо жашайсың Аялзаты сен бийиксиң сен барктагын атыңды Сен ыйыксың, сен асылсың, алыс кылган жакынды Ук сен ойлон келечекте энесиң Сен сактайсың ыйманды да урпактарын кыргызды