Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ата-Эненин Баркы»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • «Жубайым» Менден кетсе кечир, Ачууңду мага берчи, Антип тиктебечи! Жиндиге теңелбечи! Өчүң бардай, жүрөгүң бат муздайт! Таарынычын кандай, ошол замат тарайт! Бактымды таптым жолуктум, Мен сени алам деп оолуктум, Байлап башка ак жоолукту, Жубайым болдуң колуктум! Кудайыма миң ыраазымын, Маңдайыма сендей жардын калганына жазылып! Асыл, жаным, жарым, жарыгым, Жүрөгүмдүн тең жарымы, Бирге көгөрүп, агарып, Келет чогу бир карыгым, Балдарымдын, апакеси, энеси, Атакесинин жубайы, жүрөктүн кожойкеси!!! Кайырма: Өмүр бою түбөлүкө, Деп кол коюп күбөлүкө, Биргеликте бул өмүрдө! — деп чиелик күндөлүкө! Турмуш үй бүлө куруп, Бирге алдыга умтулуп, Мүчөлөрү толук, Балачакалуу бололук! Ата Эне жоопкерчилик, Ар кимде бар бир кемчилик, Кимден кетсе да кечирим, Сурап кою пендечилик! Ортобузда, болбосунчу таарынуу, Андан көрө, келчи чогу бололучу бактылуу!!!
  • Тарых беттен чийилгиc, Кас душманга ийилгис. Баскан жолун изилдесең, Эч бир улут теңелгис. Башка кийген ак калпак, Колдо суусундук чалап. Ал жактырган бир тамак, Ал тамак минтип аталат. Кайырма: Беш, беш, бешбармак! Кадырлуу, сыйлуу тамак. Беш, беш, бешбармак! Камыр, эт, калың табак. Үрп адат, каада салт, Бабалардан аманат. Ак калпактуу, Ала Тоолук, Кыргыз кымыз жыттанат. Меймандос, жери кооз, Дастаркону ачат ооз. Ак серке, боорсок, куймак, Этке бай, камыр тамак.
  • Мен кыргызмын, мен, мен, алга, кыргыз калкым, Мен кыргызмын, улуу кыргыз бойдон келет калгым. Кыргыз улут кыраан-кыраан жигиттерге бай келген, Ырас, ырас эле кыргыз болуп жаралган экем. Кылым карып, бирок кыргыз кыргыз бойдон калган, Мен миң өлүп, миң тирилген, мен ушундай калкмын. Баатыр Манас атам болгон, ал менин гана атам, Миң талашып, миң кырылгын, Манас кыргыздан чыккан. Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Кыргыз элим илгертен баатырларга бай келген, Кыраан-кыраан жигиттерди элим баалап даңк берген. Кыргыз элим намыскөй, намысына бек турган, Кылым карып, жылдар өтүп, алдын көздөй умтулган. Баатырыбыз Манас чыккан, баатыр болгон баласы, Арасынан кыргызымдын чыккан Тайлак баатыры. Ар кай жеринен, жеримдин ар ким жети жагынан, Чыккан Байтик баатырыбыз, Курманбегибиз, Шабдан. Чыккан экен баатырыбыз Атаке, Эр Табылды, Кыраан, күчтүү болгон экен Балбай деген баатыры. Кожомкулдай күчтүү балбаныбыз чыккан кыргызда, Баатыр энелерим болгон Курманжан даткабыздай. Эне баатыр Жаңыл Мырза менен чыккан Кыз Сайкал, Айта берсек, эч түгөнгүс, азыр деле көп алар. Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис, Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис. Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Жагабы, жакпайбы, сага улутум болсо кыргыз, Мен кыргызмын, жакшы көргөн бешбармак менен кымыз. Күндөп-түндөп «Манас» айткан, укмуш черткен комузду, Күлүк атты мендей чапкын, көрдүңбү жер кооздугун. Мен кыргызмын ала-тоолук, ак калпак баса кийген, Бийик койгон өз тилимди, өз элиме ийилген. Кыргыз деген улутум менин, кырылгыс эч качан, Мага каршы чыкпа, сендей миң душманды кыргам. Кыраан-кыраан жигиттерим, менин эр жүрөк келген, Мен кыргызмын намыскөй, намысыма бек келген. Болом өтө конок пейил, мейман тоском илгертен, Кылам дегенимди кылган улут болом билбесең. Кыргызымдан өнөр чыккан, миң тарапка тараган, Өнөрлөрүн өргө чапкан жазуучу, акындардан. Токтогулдай төкмө чыккан, суудай төккөн ордунан, Улуу Чыңгыз жазуучубуз чыккан, дүйнө тааныган. Акын чыккан Алыкулдай, Аалы, Жоомарт, Мидиндей, Саякбайдай манасчыбыз чыккан экен элимде, эй! Төкмө акын Жеңижоктойлордон канчасы чыккан, Сүрөт тарткан Сүймөнкул Чокморовдой болгон адам. Сүйүп-күйүп эл жерине кылып кеткен кызматын. Бекем эске тутуп алгын, ал Исхак Раззаковду. Ошондуктан улуу элиме эч бириң теңелгис, Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис. Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Алга, кыргыз, алга! Ала-Тоолук улуу элиме эч бириң теңелгис Ташка тамга баскан кыргыз тарых беттен чийилгис.