Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бешбармак»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тарых беттен чийилгиc,
Кас душманга ийилгис.
Баскан жолун изилдесең,
Эч бир улут теңелгис.
Башка кийген ак калпак,
Колдо суусундук чалап.
Ал жактырган бир тамак,
Ал тамак минтип аталат.
Кайырма:
Беш, беш, бешбармак!
Кадырлуу, сыйлуу тамак.
Беш, беш, бешбармак!
Камыр, эт, калың табак.
Үрп адат, каада салт,
Бабалардан аманат.
Ак калпактуу, Ала Тоолук,
Кыргыз кымыз жыттанат.
Меймандос, жери кооз,
Дастаркону ачат ооз.
Ак серке, боорсок, куймак,
Этке бай, камыр тамак.

Другие песни исполнителя:

  • Саламатсыңбы сүйгөнүм, кагылайын жаным, Бир нерсени айтайын деп жүрүп бирок айта албадым. Эгерде ушул ырды угуп калган болсоң, Сүйөрүмдү жашырбай ачык сага арнадым. Дүйнөдө кымбат сен мага адам белең? Сен сулуу жүзүң менен бары жеңесиң, Сени эстеп, кайра, кайра жанымда жок кезде эңсеп. Ойго батам түбөлүкө кеткенсип сен, Караңгы шамда. Күн тоого батканда, Түшүмө киресиң, Көзүмдү жапканда. Жан жүрөгүмдүн оруун басып, Жок, көңүлүмдөн адам сенден артык. Ай жарык түнүндө, байланыш түйүндө, Төркү телефондо, көйүлүм сөзүңдө. Назик сөзүң адамзатка жагымдуу, Кап-кара көздөрүң, карагаттай өңдөнүп. Көтөргөн көңүлдү, сенин гана көз ирмең, Көңүлүмдө жанган, түнкү жылдызым белең. Тереңден, терең жеке сезимим сага, Теңелбес өмүрүм ыйык сенин атыңа. Кайырма: Сен гана сен, жүрөгүмдүн теңисиңби, Сен гана сен, өмүрүмдүн демисиңби. Сен гана сен, жүрөккө дары сепкенсиң, Сен гана сен, көңүлүлдүн перисисиңби. Жеке сезимим сага, биринчи көргөн кезимде, Алиги тасма дагы деле кетпейт эсимден. Жай себелеген, күн нуру радуга, Жүрөгүмө дары сепкен периштесиң садага. Бассам, турсам, сени жоктоп зарыгам, Үнүңдү укпасам кадимкидей сагынам. Бар экен, жок экен мунун аркасында, Тагдыр айтып бербейт, аба ырайын жаңысында. Жытыңдан жыпар, өзгөчө бир жыттанган, Кыялың бир жөнөкөй, жүзүңө өң жарашкан. Жараткан сени кудай, өзгөчөлөп башкадан, Кереметтеги айымзат, алтындаң нурун чачкан. Кайырма: Сен гана сен, жүрөгүмдү ээлейсиңби, Кагылайын деги сүйөрүмдү сезесиңби. Эмнегедир сени көрүп муну айта албаймын, Көзүмдө жалын күйүп жатканымды байкабадың. Канча аракет жасадым, барибир тилим барбады, Жүрөгүм сыгылып жүрүп, акыры барып дагы тажадым. Экөбүздүн мамилебиз, дос жана таныш элебиз. Дос эле катары көрүп, ашыкча көрбөйсүң неге? Билесиңби жаным деп айта албадым неге? Анткени өзүңдү жоготуп аламбы деймин, Эркелетип жылуу сөз айтып. Колуңдан кармагым келип, Сени гүл менен тосуп алып. Жогору баалагым келди, Жашоонун тагдырына күнөөнү койбоймун эми. Балким ал убакта, убагынан ашып кетти деги, Жашоонун сүйкүм элеси же сүйүү кемеси. Мен үчүн жаралдыңбы же мен үчүн эмеспи? Кайырма:
  • Кадырымды билбедиң, баркым сезбедиң, Жесир калган улактай неге кектедиң. Унутпаймын жалооруп карап турсам да, Башканын сен колун кармап узап кеткениң. Кайырма: Сенсиз деле жашоом зынк, эй жашап жүрөмүн, Сенсиз деле өтүүдө менин күндөрүм. Сенсиз деле күн батып, таңдарым атат, Сенсиз деле бул өмүрдүн доорун сүрөмүн. Мейли кетсең кеткиниң, кайра келбегин, Алоолонгон сүйүүмдү өзүң сезбедиң. Балким сүйүүм билерсиң анда кеч болот, Кечир мени мен да сага кайтып келбеймин. Кайырма: Кош бол эми жазбаймын сен деп ырларды, Кош бол эми тартпаймын сен деп муң-кайгы, Сүйгөнүм чын, а бирок сүйүүдөн дагы, Жигит үчүн андан өткөн намыс турбайбы. Кайырма: