Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сенсиз деле жашоом зыңк»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кадырымды билбедиң, баркым сезбедиң,
Жесир калган улактай неге кектедиң.
Унутпаймын жалооруп карап турсам да,
Башканын сен колун кармап узап кеткениң.
Кайырма:
Сенсиз деле жашоом зынк, эй жашап жүрөмүн,
Сенсиз деле өтүүдө менин күндөрүм.
Сенсиз деле күн батып, таңдарым атат,
Сенсиз деле бул өмүрдүн доорун сүрөмүн.
Мейли кетсең кеткиниң, кайра келбегин,
Алоолонгон сүйүүмдү өзүң сезбедиң.
Балким сүйүүм билерсиң анда кеч болот,
Кечир мени мен да сага кайтып келбеймин.
Кайырма:
Кош бол эми жазбаймын сен деп ырларды,
Кош бол эми тартпаймын сен деп муң-кайгы,
Сүйгөнүм чын, а бирок сүйүүдөн дагы,
Жигит үчүн андан өткөн намыс турбайбы.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Тарых беттен чийилгиc, Кас душманга ийилгис. Баскан жолун изилдесең, Эч бир улут теңелгис. Башка кийген ак калпак, Колдо суусундук чалап. Ал жактырган бир тамак, Ал тамак минтип аталат. Кайырма: Беш, беш, бешбармак! Кадырлуу, сыйлуу тамак. Беш, беш, бешбармак! Камыр, эт, калың табак. Үрп адат, каада салт, Бабалардан аманат. Ак калпактуу, Ала Тоолук, Кыргыз кымыз жыттанат. Меймандос, жери кооз, Дастаркону ачат ооз. Ак серке, боорсок, куймак, Этке бай, камыр тамак.
  • Патриот жигиттер келе жатат тик туруп Алар үчүн ыйык ,алар үчүн улук Ата-Мекен, Ата-Журт деген 7 дубан жерден биримдикте бекем Алар элине, жерине жан берет Алар чын жүрөктөн терең ант берет Алар бир бирине туугандай ини-ага Тың, өжөрлүү жана ураандары алга Кандары ысык, күчтүү эр жүрөк келет Намысына бек, эл жерине тирек Алар эр жүрөк, жери үчүн күйөт Алардын ар бири чыныгы патриот Жетөө тең жек көрөт, бөлүп бөлүнгөндү Алардын ар бирөө тутат бүтүндүктү Эзелтеден калган сиңип калган канга Жериң үчүн күрөш элин үчүн алга Кайырма: Жигиттер эр журок — алар ким Патриот Эли, жерин суйот — албетте Патриот Мекенине куйот — чыныгы Патриот Алардын каны ысык журогу от болот Жигиттер эр жүрөк — алар ким Патриот Эли, жерин сүйөт — албетте Патриот Мекенине күйөт — чыныгы Патриот Алардын каны ысык, жүрөгү от болот Бекер эместир, ар бир аккан тери Текке кетпес ал элимдин эроол эри Жүрөгүндө от алолонгон эми Эли үчүн жери мекенинин деми Керегине жара, ажалга тик кара Ата-Мекен, журт үмүтү чоң сага Ар бир айткан сөз, сен үчүн дем болсун Тилегеним болсо, эрдигиң кең болсун Желегин желбирейт, улутун женгин дейт Көкүрөктөн терең жеңишти энчиле Мекенчил эр, эй тикеңен тик тур Милдет үчүн эмес, мекен үчүн бул Эсине бек тут, сени менен эл журт Терең, кенен дем ал, абаны чоң жут Манас атан болгон, эли жериң сүйгөн Эр эми сен болгун, мекениңе күйгөн Кайырма: