Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыздар»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Алыман келер-келбес, кеч эми баарына, Досуңа бекем туруп сөзүңдү кармадыңбы? Кааладыңбы досуңа узун өмүрүн жашоодо? Баарына үлгү болуп аттадың ортого. Эмнегедир чек ара арабыздагы маселе, Бөлүнүп жатабыз көчөбүз менен көчө чак келбей. Карабызбы, агыбызбы баарыбыз бирдейбиз, Белгисиз пайдасы кимибиз жеңип жеңбейбиз. Кырылып жүрүп акыры өзүңдүн эле жакыныңдан, Ажырагандан кийин түшүнүү керек зарылбы? Ынтымагыбыз жоголуп, келечегибиз кор болуп, Жүрө беребизби ортобуздан чек ара торолуп. Биримдик кайсы күнү пайда болуп чыгар экен? Баары ынтымакта чоң пайда кыла алар бекен? Пайдасы тиер-тийбес жаштардын колуна, Көптөрү сынып түшө албай жүрөк жолуна. Тилеген максатыбызга жеткибиз келип жүрөт, Максатыбыз эмне экени белгисиз сүрөт. Адашып жолубуздан, кара жаман оюбуздан, Бирибиз бирибизди көрө албайбыз ортобузда. Агымдагы өмүрүң теридей сыйрылып, Тегерегиңди курчап тургандардан айрылып. Жадакалса досторуң курмандыкка кабылат, Досуңа досуң өмүрүн да аябайт. Кара жол караңгы эч нерсени ылгабайт, Түшүп алдыңбы жолуна андан эч ким чыга албайт. Карышкырсың кадимки узак эмес өмүргө, Көрө элек жатып жашоону айлансын түлкүгө. Чек ара болүнүүдөн башталып жатпайбы бары? Бөлүнүп алып көчөгө ызы-чуунун чыр-чатагы. Кабылдыңбы ушуга анан өйдөнү көздөй, Көчөнүн балдары менен мамилесин үзбөй. Салмагы бар баланы сыйлап турушат бүт баары, Жолу жок менен багы жок баланын эле арманы. Балдары көчөнүн, көшөгөсүз чек аранын, Көчөнүн мыйзамы бул — көчөнүн мыйзамы.
  • Тарых беттен чийилгиc, Кас душманга ийилгис. Баскан жолун изилдесең, Эч бир улут теңелгис. Башка кийген ак калпак, Колдо суусундук чалап. Ал жактырган бир тамак, Ал тамак минтип аталат. Кайырма: Беш, беш, бешбармак! Кадырлуу, сыйлуу тамак. Беш, беш, бешбармак! Камыр, эт, калың табак. Үрп адат, каада салт, Бабалардан аманат. Ак калпактуу, Ала Тоолук, Кыргыз кымыз жыттанат. Меймандос, жери кооз, Дастаркону ачат ооз. Ак серке, боорсок, куймак, Этке бай, камыр тамак.
  • Алгачкы ак сүйүүм, Алгачкы тун сүйүүм, Алгачкы сүйүктүүм, Элесиңден сүйкүм. Ал, ал менин алгач сүйүүм, ал, Ал дагы эле турат күйүп, ал, Ал эми күнү-түнү элесиңди сүйгөм, Ал махабатым, ак сүйүүм ал, Кайталангыстай бүгүн ал, Эми элес гана эсимдеги, Жанымда эмессиң, бирок унута албайм сени. Өмүрүмдү келет сени менен сүргүм, Сени менен гана менин алгач сүйүүм. Өмүрүмдү келет сени менен сүргүм, Алгачкы махабатым, аппак сүйүүм. Ал менин алгачкы ак сүйүүм, Алгачкы тун сүйүүм, Алмашкыс сүйүктүүм, Элесиңден сүйкүм… Жөнөкөйлүгү сөзүнөн көрүнүп турат, Көзүнөн, жүзүнөн жылдыз учуп тартып турат өзүнө, Кыялы өзгөчө ар бир адамга жагымдуу, Алгачкы сүйүүм, сени эстен келбейт өчүргүм. Мен сени сүйгөм, бирок айта алчу эмесмин, Убакыт өттү бир топ, эми жалгыз эмессиң. Бирок менин жүрөгүмдө болосуң түбөлүк, Түбөлүк сүйүүм сага арналат, сүйгөнүм. Жаным, сени мен эч качан унута албайм, унута албаймын сени Унута албай кыйналам бир гана өзүңдү мен. Алгачкы ак сүйүүм, Алгачкы тун сүйүүм, Алмашкыс сүйүктүүм, Элесиңден сүйкүм. Көз алдымда турасың эстен кетпей, Дагы эле издейм сени же издемиш боломбу калп эле? Билем бирок мен сенин кайда экениңди, Айта турган сөзүмдү айта албаймын эми.