Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алгачкы сүйүү»
исполнителя Добр.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Алгачкы ак сүйүүм,
Алгачкы тун сүйүүм,
Алгачкы сүйүктүүм,
Элесиңден сүйкүм.
Ал, ал менин алгач сүйүүм, ал,
Ал дагы эле турат күйүп, ал,
Ал эми күнү-түнү элесиңди сүйгөм,
Ал махабатым, ак сүйүүм ал,
Кайталангыстай бүгүн ал,
Эми элес гана эсимдеги,
Жанымда эмессиң, бирок унута албайм сени.
Өмүрүмдү келет сени менен сүргүм,
Сени менен гана менин алгач сүйүүм.
Өмүрүмдү келет сени менен сүргүм,
Алгачкы махабатым, аппак сүйүүм.
Ал менин алгачкы ак сүйүүм,
Алгачкы тун сүйүүм,
Алмашкыс сүйүктүүм,
Элесиңден сүйкүм…
Жөнөкөйлүгү сөзүнөн көрүнүп турат,
Көзүнөн, жүзүнөн жылдыз учуп тартып турат өзүнө,
Кыялы өзгөчө ар бир адамга жагымдуу,
Алгачкы сүйүүм, сени эстен келбейт өчүргүм.
Мен сени сүйгөм, бирок айта алчу эмесмин,
Убакыт өттү бир топ, эми жалгыз эмессиң.
Бирок менин жүрөгүмдө болосуң түбөлүк,
Түбөлүк сүйүүм сага арналат, сүйгөнүм.
Жаным, сени мен эч качан унута албайм, унута албаймын сени
Унута албай кыйналам бир гана өзүңдү мен.
Алгачкы ак сүйүүм,
Алгачкы тун сүйүүм,
Алмашкыс сүйүктүүм,
Элесиңден сүйкүм.
Көз алдымда турасың эстен кетпей,
Дагы эле издейм сени же издемиш боломбу калп эле?
Билем бирок мен сенин кайда экениңди,
Айта турган сөзүмдү айта албаймын эми.

Другие песни исполнителя:

  • Аяйым карындашым сен төрөлгөн жаңы, Турат күндөр эсте, көкүрөктө жанып. Сенин алдей чагың, ыйлаганың жаңы, Сени колго алып өтө кубанганым. Турат күндөр эсте, жүрөгүмдө бары, Алгач кадам шилтеп, тай тайлагандарың. Сенин алгач сөзүң, эрке кыялдарың, Алгач өнөрлөрүн чыга баштаганы. Жүрөгүмдө турат ошол күндөр эсте, Өмүр өтөт тура, өтөт тура мезгил. Убакыт келди окшойт чоңойдун сен дагы, Түгөйүн менен кошо эрчишип кетип калдың. Ата- энең, агаң, синдиң менен иниң, Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин . Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө , Ак жоолук салынып, жашындың көшөгөгө. Кайырма: Аяй карындашым акпасын көз жашың, Бактылуу бол жарың менен кол кармашып. Ата энен жакшы берген тарбиясын, Жүрөгүңө сактап балдарына тапшыр. Жарыгы бол күйгөн, жаңы конгон үйгө, Үй бүлөңдү сүйгөн, жароокер бол бүлө. Жарың менен кошо, сүрө турган жашооң, Ынтымакты камтып, бакыт жүрсүн коштоп Жарың болсун ата, а сен болчу эне Мен дагы сүйүнүп, болоюн таеке Дарегине жетсин айтылган ак сөздөр Кудай үй бүлөңдү сактай жүрсүн көздөн Кайда жүрбө дайым, болгун эсен аман Жар, эне бол айым, жолдошуңа жаккан Экөөңөр кармашкан, колуңар үзүлбөсүн Ушул күндөн баштап, экөөң бир үй бүлөсүң Ата-энең аган сиңдин менен иниң Бакыт сага каалайт, бактылуу бол келин Бүгүн эми кеттиң, башкага болдуң бүлө Ак жоолук салынып жашындың көшөгөгө. Кайырма: Аяй карындашым акпасын көз жашың, Бактылуу бол жарың менен кол кармашып. Ата энен жакшы берген тарбиясын, Жүрөгүңө сактап балдарына тапшыр.
  • Кайырма: Кел, баарың, келе гой, бүгүн майрам, бүгүн той. Бүгүн жаңы жаралган ырларымдын бирин кой. Алгач сага бешбармак конок пейил кыргыздан. Комуз менен ыр ырдап, сунам сага кымыздан. Деги, а деги, айтарым тээ илгери, Кыргыз деген улут тээ кылымдардан бери. Конок пейил элим ээлеген бейиш жерин, Эгемен жашоо сүрүп, эбегейсиз деңгээли. Деле деңгээли бийик-бийик аскаларды ийип, Ак калпагын кийип эл, Ала-Тоом ыйык. Кең пейил, ак дасторкону, урмат-сыйы, Таң калтырган тамагымдан ал, ооз тийип. Кайырма: Таңдар аткан жакка таң калтырган Ала- Тоо абадан жыттаган ал адам гана. Таң берет, не керек, жериң, бах, керемет, Табигатың сулуу, Ысык-Көлүң — бермет. Кен байлыгың жерде, сууң акысыз, бекер, Төрт мезгилиң эле бейишке тең тете. Тегерегиң бак-дарак, толо жемишке, Күч-кубат, эрк ,комузуң. Көз тийбесин улутум улук, тең изде, Мелтиреген кара көз сулуулар бизде. Баатырга бай балакай, бала чак кезден, Байыртадан көчмөн калк аталып нечен. Ат арыта, канчалаган таштап кадам, Салт-санаасын жана үрп-адатын кармап. Башкасын кой, кел кымызыма ал кызып, Бешбармактан, кана, көрчү, кел, даам сызып. Кайырма: Улуу кыргыз элим, тээ кылымдардан бери жериң, Сактап келген миң душмандарын жеңип. Ата-бабаларым менин үрп- адатын берип, Боз үйүмдө жашап келген ата- тегим. Улуу кыргызым, бар кыргыз элиң, жериң, Ата-бабаларың берген, тууң бар, эркиндигиң. Бар экенин, унутпа кыргыз тилин, Тилегим бүтүндөй өркүндө, кыргыз эл, жерим. Кайырма: