Казахские песни Узбекские песни

Песня «Издеп жүрөм»
исполнителя Гүлбү Ороскул кызы.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өзүндү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүнө көңүлүмдү түздөп жүрөм
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.

Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айылыма келээр бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабаймын.

Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасаң да моюнуңа,
Кумарым канмайынча жөн койбосом.

Другие песни исполнителя:

  • Асылым алыстасың үмүт менен Сагынып саргаюуга түтө берем Түбөлүк от сыяктуу алоолонуп Бир күнү келээриңди күтө берем Кайырма: Эээй асылым эй, асылым Жаным берген жакыным Асылым эй, асылым Сүйүп жүрөм жашыруун Көзүмдү жумсам дагы көрүнөсүң Бөлөктөн бир башкача бөлүнөсүң Эрчитип ажайып бир алыстарга Алдыма ак нур болуп төгүлөсүң Кайырма Асылым алыстасың үмүт менен Сагынып саргаюуга түтө берем Түбөлүк от сыяктуу алоолонуп Бир күнү келээриңди күтө берем Кайырма
  • Көңүлгө да көңүл тушалып, Көрүшпөс болуп узадык. Көңүлдө калды, а бирок ай, Көксөткөн санаа, кусалык. Байыр алып, басып наздана, Баш ийип калдың башкага. Бактылуу кылып башканы сен, Бактылуу болдуң аз гана. Сагындым, мынча сезбейсиң, Сезесиң, сен да эстейсиң. Томогоңду үзүп бир ирет, Анда не келип кетпейсиң? Агарып таңдын атканы, Кызарып күндүн батканы. Кызыксыз мага өмүрдүн, Өзүңсүз өтүп жатканы.