Казахские песни Узбекские песни

Песня «Асылым»
исполнителя Гүлбү Ороскул кызы.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Асылым алыстасың үмүт менен
Сагынып саргаюуга түтө берем
Түбөлүк от сыяктуу алоолонуп
Бир күнү келээриңди күтө берем

Кайырма:
Эээй асылым эй, асылым
Жаным берген жакыным
Асылым эй, асылым
Сүйүп жүрөм жашыруун

Көзүмдү жумсам дагы көрүнөсүң
Бөлөктөн бир башкача бөлүнөсүң
Эрчитип ажайып бир алыстарга
Алдыма ак нур болуп төгүлөсүң

Кайырма

Асылым алыстасың үмүт менен
Сагынып саргаюуга түтө берем
Түбөлүк от сыяктуу алоолонуп
Бир күнү келээриңди күтө берем

Кайырма

Другие песни исполнителя:

  • Багытын беттеп шамалга, Баратса жалгыз жел кайык. Баладай коштоп сүйүнгөн, Бактылуу жанда эмне айып? Утурлай тосуп алдынан, Уччудай колун кең жайып. Кынала калып теңине, Кылгырган көздө эмне айып? Жазгырып жандын дүйнөсүн, Жыпарын чачса кең жайып. Жаркытып турган демине, Жароокер жанда эмне айып? Эңсетип сүйүү элеси, Эсиңде турса тор жайып. Санаага батып, жол карап, Сагынган жанда эмне айып? Баладай коштоп сүйүнгөн, Бактылуу жанда эмне айып? Сагынган жанда эмне айып?
  • Көңүлгө да көңүл тушалып, Көрүшпөс болуп узадык. Көңүлдө калды, а бирок ай, Көксөткөн санаа, кусалык. Байыр алып, басып наздана, Баш ийип калдың башкага. Бактылуу кылып башканы сен, Бактылуу болдуң аз гана. Сагындым, мынча сезбейсиң, Сезесиң, сен да эстейсиң. Томогоңду үзүп бир ирет, Анда не келип кетпейсиң? Агарып таңдын атканы, Кызарып күндүн батканы. Кызыксыз мага өмүрдүн, Өзүңсүз өтүп жатканы.
  • Өзүндү көп ичинен издеп жүрөм, Өзүнө көңүлүмдү түздөп жүрөм Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп, Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм. Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын, Сөз кылса кыздар сени кызганамын. Айылыма келээр бекен бастырып деп, Азаптуу айлуу түндө уктабаймын. Сен менен колтукташып көл бойлосом, Ак чабак балык болуп көлдө ойносом. Асылып чарчасаң да моюнуңа, Кумарым канмайынча жөн койбосом.