Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жел кайык»
исполнителя Гүлбү Ороскул кызы.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Багытын беттеп шамалга,
Баратса жалгыз жел кайык.
Баладай коштоп сүйүнгөн,
Бактылуу жанда эмне айып?
Утурлай тосуп алдынан,
Уччудай колун кең жайып.
Кынала калып теңине,
Кылгырган көздө эмне айып?
Жазгырып жандын дүйнөсүн,
Жыпарын чачса кең жайып.
Жаркытып турган демине,
Жароокер жанда эмне айып?
Эңсетип сүйүү элеси,
Эсиңде турса тор жайып.
Санаага батып, жол карап,
Сагынган жанда эмне айып?
Баладай коштоп сүйүнгөн,
Бактылуу жанда эмне айып?
Сагынган жанда эмне айып?

Другие песни исполнителя:

  • Өзүндү көп ичинен издеп жүрөм, Өзүнө көңүлүмдү түздөп жүрөм Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп, Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм. Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын, Сөз кылса кыздар сени кызганамын. Айылыма келээр бекен бастырып деп, Азаптуу айлуу түндө уктабаймын. Сен менен колтукташып көл бойлосом, Ак чабак балык болуп көлдө ойносом. Асылып чарчасаң да моюнуңа, Кумарым канмайынча жөн койбосом.
  • Жылдызың күйүп жылмайдың жүрөк жаралап, Жылыттың жанды от-жалын болуп аралап. Жылгадан ылдый агылып мөлтүр булактай, Жылуулук издейм өзүңдү көздөй, жан адам. Жан алат, чиркин, жаралап дене-боюмду, Жан алат, чиркин, жаралап асыл оюмду. Жалгыздык деген жүрөгүм бүгүн кубанып, Жаным, ай, күтөм күнүгө келчү жолуңду. Үнүңдү уксам үлбүрөк сезим кубарып, Үзүктөй болуп үмүтүм сенден уланып. Жүгүргөн суудай кан-жаным сага тамырлайт, Жүрөктү жүрөк сүйүүсү менен сугарып.
  • Асылым алыстасың үмүт менен Сагынып саргаюуга түтө берем Түбөлүк от сыяктуу алоолонуп Бир күнү келээриңди күтө берем Кайырма: Эээй асылым эй, асылым Жаным берген жакыным Асылым эй, асылым Сүйүп жүрөм жашыруун Көзүмдү жумсам дагы көрүнөсүң Бөлөктөн бир башкача бөлүнөсүң Эрчитип ажайып бир алыстарга Алдыма ак нур болуп төгүлөсүң Кайырма Асылым алыстасың үмүт менен Сагынып саргаюуга түтө берем Түбөлүк от сыяктуу алоолонуп Бир күнү келээриңди күтө берем Кайырма