Казахские песни Узбекские песни

Песня «Агылам сага»
исполнителя Гүлбү Ороскул кызы.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жылдызың күйүп жылмайдың жүрөк жаралап,
Жылыттың жанды от-жалын болуп аралап.
Жылгадан ылдый агылып мөлтүр булактай,
Жылуулук издейм өзүңдү көздөй, жан адам.
Жан алат, чиркин, жаралап дене-боюмду,
Жан алат, чиркин, жаралап асыл оюмду.
Жалгыздык деген жүрөгүм бүгүн кубанып,
Жаным, ай, күтөм күнүгө келчү жолуңду.
Үнүңдү уксам үлбүрөк сезим кубарып,
Үзүктөй болуп үмүтүм сенден уланып.
Жүгүргөн суудай кан-жаным сага тамырлайт,
Жүрөктү жүрөк сүйүүсү менен сугарып.

Другие песни исполнителя:

  • Өзүндү көп ичинен издеп жүрөм, Өзүнө көңүлүмдү түздөп жүрөм Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп, Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм. Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын, Сөз кылса кыздар сени кызганамын. Айылыма келээр бекен бастырып деп, Азаптуу айлуу түндө уктабаймын. Сен менен колтукташып көл бойлосом, Ак чабак балык болуп көлдө ойносом. Асылып чарчасаң да моюнуңа, Кумарым канмайынча жөн койбосом.
  • Көңүлгө да көңүл тушалып, Көрүшпөс болуп узадык. Көңүлдө калды, а бирок ай, Көксөткөн санаа, кусалык. Байыр алып, басып наздана, Баш ийип калдың башкага. Бактылуу кылып башканы сен, Бактылуу болдуң аз гана. Сагындым, мынча сезбейсиң, Сезесиң, сен да эстейсиң. Томогоңду үзүп бир ирет, Анда не келип кетпейсиң? Агарып таңдын атканы, Кызарып күндүн батканы. Кызыксыз мага өмүрдүн, Өзүңсүз өтүп жатканы.
  • Өзүңдү өмүр бою унута албай, Өткөрдүм өмүрүмдүн жашыл жазын. Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым. Күйгүзгөн жалынына сенин отуң, Отуңа кактап коюп өзүң жоксуң. Кечигип кемитпечи, асылзатым, Кечигип неге келбей, көңүл болсун? Сенсиң го менин сүйгөн асылзатым, Өзүңө өмүр бою багынайын. Кылымдар кылым санап өтсө дагы, Карыбайт сага деген махабатым. Жаралып жан дүйнөмдөн жайнап чыккан, Сенсиң го менин сүйгөн өмүр жазым.