Казахские песни Узбекские песни

Песня «Эмне айып?»
исполнителя Гүлбү Ороскул кызы.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жан жүрөктөн жаралган, Жаным менин, жан балам. Таянар тоо болсун деп, Теңир мага арнаган. Эркин куштай талпынган, Эрезеге жет, балам. Эмгегиңди бааласаң, Зирек болгун акылман. Укта балам, жан балам, Аппак жүздүү, нур балам. Укта балам, жан балам, Аппак жүздүү, нур балам. Айдай жүзүң нурчалган Адам болгун жөлөгүм. Адал иштеп ар убак, Аткарылсын тилегиң. Күндөн жүзүң нурчалган, Күзөтү бол элиңдин, Элин-жерин коргогон, ай Опол тоодой милдетиң. Жараткандан суранам, Узун болсун өмүрүң. Жакшыларга жанашкын, Эмгек болсун көңүлүң. Кызмат кылып журтуңа, Өсүп-өнгүн көбөйгүн, Кабыл кылсын теңирим, ай Ата-энеңдин тилегин. Укта балам, жан балам, Аппак жүздүү, нур балам. Укта балам, жан балам, Аппак жүздүү, нур балам. Алдей, алдей, алдей, ай, Укта балам, ай балам.
  • Көгүлтүр көлдүн бетинде, Кайыкта жүрдүк кечинде. Калкылдап сүзүп баратып, Каралдым дедиң эсимде. Кайыкта сүзүп баратып, Сүйөмүн дедиң эсимде. Кечээги күндөр эсимде, Келбедиң күттүм кечинде. Кайдасың, азыр кайдасың? Элесиң турат эсимде. Кайдасың, азыр кайдасың? Күтөмүн көлдүн жээгинде. Көлүмдө сүйүү түптөлүп, Махабат бизге жүктөлүп Ортомчу болду Ысык-Көл, Сүйүүгө бизге күч берип. Калкылдап сүзүп баратып, Каралдым дедиң эсимде. Кайыкта сүзүп баратып, Сүйөмүн дедиң эсимде.
  • Өзүндү көп ичинен издеп жүрөм, Өзүнө көңүлүмдү түздөп жүрөм Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп, Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм. Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын, Сөз кылса кыздар сени кызганамын. Айылыма келээр бекен бастырып деп, Азаптуу айлуу түндө уктабаймын. Сен менен колтукташып көл бойлосом, Ак чабак балык болуп көлдө ойносом. Асылып чарчасаң да моюнуңа, Кумарым канмайынча жөн койбосом.
  • Асылым алыстасың үмүт менен Сагынып саргаюуга түтө берем Түбөлүк от сыяктуу алоолонуп Бир күнү келээриңди күтө берем Кайырма: Эээй асылым эй, асылым Жаным берген жакыным Асылым эй, асылым Сүйүп жүрөм жашыруун Көзүмдү жумсам дагы көрүнөсүң Бөлөктөн бир башкача бөлүнөсүң Эрчитип ажайып бир алыстарга Алдыма ак нур болуп төгүлөсүң Кайырма Асылым алыстасың үмүт менен Сагынып саргаюуга түтө берем Түбөлүк от сыяктуу алоолонуп Бир күнү келээриңди күтө берем Кайырма