Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сага»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кадала тиктеп өзүңдү,
Карагым келет көзүңдү.
Кыялга бөлөп койдуң сен,
Көңүлүм сага бөлүндү.
Неге мынча татынасың?
Назданып сен тартынасың,
Балдан ширин таттуу жансың…
Кайырма:
Жан дүйнөм сага,
Сезимим сага.
Жүрөктөн чыккан,
Ырларым сага.
Жылдыздай жанат,
Көздөрүң мага.
Тойбоймун карап,
Тамшанып сага.
Жашоомдун сенсиң жыргалы,
Сезимдин өчпөс чырагы.
Садагам сага мен дайым,
Санаалаш болсом ар дайым.
Неге мынча татынасың?
Назданып сен тартынасың,
Балдан ширин таттуу жансың…
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Көңүлүмдөн калдың, Карегиңе кошулуп айлансам да, Көңүлүмдөн калдың, Көлөкөңдөй жаныңа байлансам да, Көңүлүмдөн калдың. Көңүлүмдөн калдың, Канатымды сындырып айлам канча, Көңүлүмдөн калдың, Кош акуудай бир учуп байралганча, Көңүлүмдөн калдың, Көңүлүмдөн калдың. Кайырма: Ыйласада жүрөгүм амал жок, Сени унутамын, Оюн кылган ал сүйүүң жалган, жок, Сени унутамын. Суранарым жалгыз, Эски дартым ырбатып жолукпагын, Эми сүйүү баргыс, Артка кайтпас сезимдин жолундамын, Ар кадамым алсыз. Көңүлүмдөн калдың, Сунган колум атайын байкабадың, Көңүлүмдөн калдың, Сүйөөрүмдү канча ирет кайталадым, Көңүлүмдөн калдың, Көңүлүмдөн калдың. Кайырма:
  • Алыстаба менден жаным, Качпа сенден суранамын. Бүт оюмду ээлеп калдың сен Жүрөк оту күчөп барат, Сен жок калса жалгыз калат, Сезимиме бүлүк салдың сен. Кайырма: Карагат көздөрүңө мен Баары бир жетип аламын. Ээрибес жүрөгүңө мен, Көрөсүң ачкыч табамын. Мүнөзүң катуу тоготпос, Баш ийет мага баары бир, Кыялың эрке жолотпос, Табат го менден сүйүүнү. Жүрөк байкуш ооруп турат, Сезим гүлү соолуп турат, Бакыт берчи мухит тамчы сен. Күндө багыт таба берем, Мен өзүңө бара берем, Ак сүйүүмдү кабыл алчы сен. Кайырма: Кыялым байланат, Ырларым арналат, Өмүрүмдү арнасам сага…
  • Сен дагы мени сагындыңбы Мен сени сагынганда Жактырдым сени алгач көздөр кабылганда Жан шерик болдуң тайгак жолдо Мен жалгыз баратканда Ыраазымын сага жолуктурган жаратканга Кайырма: Сени сүйөм сени сүйөм Кайталап сүйөрүмдү Сага гана сага гана Арнаймын гүлдөрүмдү Карагат кара көздөрүң менен Ээледиң жүрөгүмдү Арнаймын сага ааламдагы Сезимдин тазасын Сен болдуң менин бир жаралган Чексиз бактым Түбөлүк таттуу өмүр сүрүп Тунук сүйүү жашасын Эчкимди мени алмаштыргыс махабатым