Казахские песни Узбекские песни

Песня «Көңүлүмдөн калдың»
исполнителя Данияр Эрматов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көңүлүмдөн калдың,
Карегиңе кошулуп айлансам да,
Көңүлүмдөн калдың,
Көлөкөңдөй жаныңа байлансам да,
Көңүлүмдөн калдың.
Көңүлүмдөн калдың,
Канатымды сындырып айлам канча,
Көңүлүмдөн калдың,
Кош акуудай бир учуп байралганча,
Көңүлүмдөн калдың,
Көңүлүмдөн калдың.
Кайырма:
Ыйласада жүрөгүм амал жок,
Сени унутамын,
Оюн кылган ал сүйүүң жалган, жок,
Сени унутамын.
Суранарым жалгыз,
Эски дартым ырбатып жолукпагын,
Эми сүйүү баргыс,
Артка кайтпас сезимдин жолундамын,
Ар кадамым алсыз.
Көңүлүмдөн калдың,
Сунган колум атайын байкабадың,
Көңүлүмдөн калдың,
Сүйөөрүмдү канча ирет кайталадым,
Көңүлүмдөн калдың,
Көңүлүмдөн калдың.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жолугуп ойлонбогом эч нерсени Чынында түйшүктүн да жеткен чеги Үйрөтүп санаалардын көздөрүмдө Мынчалык күлбөптүрмүн көптөн бери Кайырма: Айтылды тамаша сөз түркүн-түркүн Бул күнгө баасы жетпес, берсе миң күн Жаандай дарыяны ташкындаткан Күч берди мага бүгүн сенин күлкүң Күлдүрүп, күлүп көпкө бир басылбай Боорумду эздиң мынча кымбатым ай Бирөөгө таарынганым унутуп калып Айтылды жүрөктөрдө сыр катылбай Кайырма :
  • Суктанам, суктанамын, Жапжашыл айланага. Укмуштай жаз көркөмү, Теңелбейт сага гана. Кайырма: Тартынбай бери карап күлчү, жаным, Бек кучактап жүзүмдөн сүйчү, жаным, Түбөлүк күлгүн болуп жүрчү, жаным. Аралап жаш шиберди, Келесиң сен жаныма. Сезимиң уялыңкы, Сезилет мага гана. Кайырма:
  • Кара көз сулуу, ажайып нурдуу, Татынакай биздин кыздар, ай. Арбап алышат, ойго салышат, Назданышкан назик кыздар, ай. Кайырма: Кыздар, ай, кыздар, ай, Кыздар, ай, кыздар, ай, Татынакай биздин кыздар, ай. Кыздар, ай, кыздар, ай, Кыздар, ай, кыздар, ай, Кылыктанган, сүрдүү кыздар, ай. Ачылган гүлдөй, асманда күндөй, Ай чырайлуу, сулуу кыздар, ай. Жүрөк эриткен, көңүл сергиткен, Кылыктанган, сырдуу кыздар, ай.