Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыштагы сүйүү»
исполнителя Майрамбек Осмонов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жашоо кызык жаралганбыз өмүргө
Азык издеп ар убакта күнүмкү
Бул ыр менен айткым келди баарысын
Өзүм аман сүйгөн жарым жөнүндө

Кайырма:

Таанышканбыз кычыраган кышында
Биздин сүйүү тазалыгы ушунда
Куш сыяктуу келген ушул бакытты
Суранарым бекем карма учурба

Мен дайыма сени күтүп издегем
Үмүт деген үзүлбөгөн биз менен
Ортобузда болгон бардык жакшылык
Өмүр бою калсын дейлик биз менен

Туура кеткен эң алгачкы багытың
Бул ырымда айткандарым бары чын
Ошол кышта таза бойдон жолуккам
Булганбасын бөксөрбөсүн багытың

Другие песни исполнителя:

  • Күн нуру батып күүгүмдөп, Үйлөрдө чырак бүлбүлдөп. Уйларын сааган энелер, Дасторкон жаят күлүңдөп. Кайырма: Айылды каптап караңгы, Ай, жылдыз ээлеп ааламды. Тындырып барат түнкү убак, Түйшүгүн арткан заманды. Азайып элдин агымы, Карайып көчө жарыгы. Уйкуга чөгүп баратат Тынчы жок турмуш кайыгы. Кайырма: Айылды каптап караңгы, Ай, жылдыз ээлеп ааламды. Тындырып барат түнкү убак, Түйшүгүн арткан заманды. Эс алуу үчүн жаталы, Эске албай кайгы-капаны. Эсен-соо өтсүн түнүбүз, Жараткан берип батаны. Кайырма: Караңгы улам коюлап, Жатууга достор, болду убак. Түнүңөр бейпил болсун деп, Калалы биз да кол булгап.
  • Менде бар сезим сенде бар Сезбеген аны пенде бар Сен деле сезип жүрөсүң Сезимден ысык эмне бар Эч кимден алып көчүрбөй Эпкини эрте өчүрбөй Эңсеген сүйүүм жаш кезден Өзүңдөй болчу өзүңдөй Менде бар сенде болсо экен Көңүлдөр бирге толсо экен Көргөндө мени сен дагы Көңүлү да учуп консо экен Отуна чыдап түтө албай Ойлогон ойду бүтө албай Асманга учам дагы эле Айланып жерге түшө албайм Менде бар сезим сенде бар Сезбеген аны пенде бар Сен деле сезип жүрөсүң Сезимден ысык эмне бар Өмүрдү сүрдүк экөөлөп Өйдө бир төмөн ынтыгып Азыр да сени көргөндө Асманда учам көкөлөп Эч кимден алып көчүрбөй Эпкини эрте өчүрбөй Эңсеген сүйүүм жаш кезден Өзүңдөй болчу өзүңдөй