Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бейпил болсун түнүңөр»
исполнителя Майрамбек Осмонов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күн нуру батып күүгүмдөп,
Үйлөрдө чырак бүлбүлдөп.
Уйларын сааган энелер,
Дасторкон жаят күлүңдөп.
Кайырма:
Айылды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.
Азайып элдин агымы,
Карайып көчө жарыгы.
Уйкуга чөгүп баратат
Тынчы жок турмуш кайыгы.
Кайырма:
Айылды каптап караңгы,
Ай, жылдыз ээлеп ааламды.
Тындырып барат түнкү убак,
Түйшүгүн арткан заманды.
Эс алуу үчүн жаталы,
Эске албай кайгы-капаны.
Эсен-соо өтсүн түнүбүз,
Жараткан берип батаны.
Кайырма:
Караңгы улам коюлап,
Жатууга достор, болду убак.
Түнүңөр бейпил болсун деп,
Калалы биз да кол булгап.

Другие песни исполнителя:

  • «Жан кызым» деп мен колуңдан жетелеп, «Апакелеп» куурчак ойноп секелек. Ар нерсени сурай берген божурап, Кыз болчусуң, чачы өрүмгө жетелек. Кайырма: Мейли кызым барагой, Бактыңды издеп табагой. Айдай болуп жаркырап, Жылдыз болуп жанагой. Ак жол кызым барагой, Бактыңды издеп табагой. А, дегенде, ай кызым, Кайненеңе жагагой. Алыш үчүн апакеңдин мурасын, Чоң турмушка аттанганы турасың. Адебиңе, алган жарың арзысын, «Кайсыл жердин кызы экен?» деп, сурасын. Кайырма: Ак жолтой бол, алганыңа терең бол, Кабак түйбөй, кайын журтка кенен бол. Турмуш кандай көрсөтсө да сыноосун, Жарың менен бардыгына белен бол. А, дегенде, ай кызым, Кайненеңе жагагой. Андан кийин ай кызым, Кайнатаңа жагагой. Кайын журтка жагагой.
  • Айылыңа капыстан барып калдым, Көрөр замат көңүлгө жагып калдың. Ырдап жатсам гүл сунуп чыгып келдиң, Ошол бойдон каректе калып калдың. Кайырма: Кылыктанып кылчайып күлүп койдуң, Сүйөрүңдү көзүңдөн билип койдум. «Сезбей кетти сүйүүмдү» дебесин деп, Мен да сени жалт карап күлүп койдум. Ошол күнү уктабай ойгоо жаттым, Ооналактап тынымсыз ойго баттым. Көптөн бери жүрөгүм эңсеп жүргөн, Ак сүйүүмдү акыры Оштон таптым. Кайырма: Кыялымда дайыма жанымдасың, Өмүр бою издесем табылбасым. Ортобузда чын эле сүйүү болсо, Кадырыңа жетейин, карындашым. Кайырма:
  • Кайыңдар, шамал уруп, бороон уруп, Шуулдасаң, мен да кошо улутунуп. Качанкы сезимдерди эске салдың, Каректе бара жаткан унутулуп. Кайыңдар, өзүң гана калыс элең, Мен анда кекчилдиктен алыс элем. Баарына бариктериң күбө болуп, Бакыттын байтереги жалгыз элең. Далдаңда далай түндү узатчу элем, Саамайым сага гана сылатчу элем. Кайыңдар неге бүгүн тунжурашат, Бир кезде төлгө кылып, сыр айтчу элем. Унутуп көп баригин кайың калды, Унутуп ак кайыңын айыл калды. Мен гана жалгыз сени унута албай, Аралап басып келем кайыңдарды.
  • Туулган жерим, ыйыгымсың бабам баскан, Баары-жогун бирдей көрүп, бирдей баккан. Шамалыңа көкүл сылап эркелетсең, Ызгаарда ороп чулгап, коюн каткан. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы. Жаралагандан жанып турган жарыгымсың, Аталардан калган өзөк, тамырымсың. Кубат кетип, алдай тайып турганымда, Гүл азык болуп берчү азыгымсың. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы. Сырын сактап, сының сактап, өмүр улап, Жылдар эмес кылым өтөөр убап-чубап, Сурай албай калсам дагы абалыңды, Сен турарсың урпактардан абал сурап. Канатыңа калкалай бер балдарыңды, Баары бир айтпайсың сен арманыңды. Тээ алыста жүргөндөр көп сагынышып, Жакын туруп кабар албай калбадымбы.
  • Тоосу бийик суусу таза Эч өзгөрбөйт ушу гана Мекеним Кыргызстаным Келсек дайым тосуп алат Көркөмүнө моокум канат Мекеним Кыргызстаным Сенден гана кубат алам Сен бар үчүн жокко санаам Кагылайын Кыргызстаным Кубансак да кайгырсак да Кайрылбасак кайрылсак да Бизди күтөт Кыргызстаным Мекеним мекеним Кыргызстан Көз артып бүт дүйнө кызыгышкан Сактасын жараткан элибизди Мекеним мекеним Кыргызстан Бир аз кетсем сенден узап Көргүм келип көздөн учат Карааныңдан Кыргызстаным Карегимдей ыйыгымсың Калкаланган уюгумсуң Кагылайын Кыргызстаным Биз өзгөрсөк өзгөрбөгөн Пейилинен бөксөрбөгөң Кенен жерим Кыргызстаным Такыр канбайт сагынычым Кусалансам дарым ушул Дабаам сенсиң Кыргызстаным