Казахские песни Узбекские песни

Песня «Биздин айыл»
исполнителя Майрамбек Осмонов.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айланасын тоолор курчаган,
Кайда барсам эстен чыкпаган.
Биздин айыл жердин сулуусу,
Жылда барсам, жылда суктанам.
Кайырма:
Биздин айыл – биздин сүйүүбүз,
Береке көп, толо үйүбүз.
Айланайын, менин айылым,
Түбөлүк сага калат сүйүүбүз.
Шыңгыраса тоонун булагы,
Көңүлүмдүн канат кумары.
Ыйык туткан биздин айылдын,
Өчпөсө экен дайым чырагы.
Кайырма:
Ыйыктыгың сенин билемин,
Сүттөй таза сага тилегим.
Алыс жакта иштеп жүрсөм да,
Сен деп согот дайым жүрөгүм.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Жашоо кызык жаралганбыз өмүргө Азык издеп ар убакта күнүмкү Бул ыр менен айткым келди баарысын Өзүм аман сүйгөн жарым жөнүндө Кайырма: Таанышканбыз кычыраган кышында Биздин сүйүү тазалыгы ушунда Куш сыяктуу келген ушул бакытты Суранарым бекем карма учурба Мен дайыма сени күтүп издегем Үмүт деген үзүлбөгөн биз менен Ортобузда болгон бардык жакшылык Өмүр бою калсын дейлик биз менен Туура кеткен эң алгачкы багытың Бул ырымда айткандарым бары чын Ошол кышта таза бойдон жолуккам Булганбасын бөксөрбөсүн багытың
  • Күлкүң сонун жаш толкундун шаңындай, Жылмайганың кең жайлоонун таңындай. Жаным бирге, сенсиң сүйүү булагы, Бүт жылуулук берип турган жалындай. Кайырма: Мунара, Мунара, Мунара, Мунара, ойлончу калбай убалга. Мунара, Мунара, Мунара, Мунара, аячы, берчи убада. Элестейт көз алдыма, Колтуктап мени басканың, Алкымдан жыттап анан да, Эрдиңден сүйүп жатканым. Бассаң-турсаң көзгө сүйкүм элесиң, Ак шооладай жарык нурун бересиң. Керемет күч мен тарапка тартылып, Көлдүн көркү ак куу болуп келесиң. Кайырма: Күндө жаңы жашоо-турмуш агылып, Жан дүйнөмдөн түркүн гүлдөр ачылып. Бир өзүңө арзуум артып баратат, Сен сагынсаң мен да сени сагынып. Кайырма:
  • А, дегенде жакты басканың, Анан айдай чийме каштарың. Сени гана эңсеп жүрөгүм, Сага көңүл бура баштадым. Кайырма: Сүйлөбөдүм сага, сүрдөдүм, Сүйүп калганымды билбедиң. Алгач сени көргөн мезгилде, Бул татына сулуу ким дедим. Айта албадым сенден сүрдөдүм, Ашык болгонумду билбедиң, Айдай сулуу Асел, Аселим, Болсо керек сенин сүйгөнүң. Сендей кызды издеп самагам, Болсом деймин сенин жан агаң. Кычыраган кышта көрсөм да, Жайдай болгон менин садагам. Кайырма: Бийлеп жаттың бирок барбадым, Өзүмдү-өзүм кой деп кармадым. Эгер сени издеп таба алсам, Жолукканда айтам калганын. Кайырма: