Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жүрөгүм»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сага арнап ырларым арнадым,
Жүрөгүңө неге кабыл албадың?
Сендеп ыйлады, сен деп сыздады,
Кусага толду.
Кайырма:
Жүрөгүм, көздөрүң, сөздөрүң, жүдөдүм,
Карааныңды эстеп зарыгып,
Караңгы түндө калдым мен зарыгып.
Кайда жүрсөм да, ойноп күлсөм да,
Баары бир сыздайт жүрөгүм.
Кайырма:
Жүрөгүм, көздөрүң, сөздөрүң, жүдөдүм,

Другие песни исполнителя:

  • Мына бүгүн сени көргөнү келдим, Сүйөрүңдү мени билгени келдим. Бирге жаныңда мен жүргөнү келдим. Ошондо жакшы болобу? Келчи Жаным, менин көнүлүмдү алчы, Жүрөгүмө сүйүү отун салчы. Бул кечеде мени менен бирге калчы, Ошондо жакшы болобу? Кайырма: Жаным мага жагасың, Жалын болуп жанасың. Жымыңдаган көздөрүңдөн ананайын, Сен оо секет перисиң. Кучагыма келесиң, Ошондо жакшы болобу? Кучагымдан орун бир өзүнө берейин, Кумарланып дагы сага мен келейин. Кудуңдаган Журок сырын мен чечейин, Ошондо жакшы болобу? Эмнегедир бир өзүндү мен карадым, Эмне мынча сулуулугуң мен бааладым. Эрикпечи Жаным, чогуу бирге басалы, Ошондо жакшы болобу?
  • Керек эмес күндөр бекер күйгөнү, Кел, замандаш, өзгөртөбүз дүйнөнү. Табам десең келечекти жаркыган, Тазалыктан башта үйдөгү. Кызыл туудай желбиресек оболоп, Кыргызстан эртең гүлгө оронот, Бийик тоодой жашап, жапыз болбойлу, Биз оңолсок, заман оңолот. Кайырма: Билим болуп жолдошуң, Минип акыл жоргосун, Ала-Тообуз сени колдосун. Жалгызмын деп ой кылбай, Кошул биздин толкунга, Куралат деңиз тамчыдан. Если хочешь что-то изменить вокруг, Ты найди слова надежды и любви. Руку дай тому, кто верит и пойдёт За тобой в далёкий, верный путь. Пусть услышит мир дыханье гор твоих, Как блестят озёра и поют ручьи. Пусть всегда цветёт земля от слов твоих, Вместе мы сберечь её должны. Кайырма: Булутту камчылай өмүр күүсү уланат, Теңир-Тоо толготуп, адамзат ойгонуп… Бакыт кушу конобу деп жергеме, Балдарынан үмүт кылат эл деле, Жарык болуп мекенге биз күйбөсөк, Жалын жашты берди эмнеге? Кайырма:
  • Эң кымбат белектей, Өмүрдү кадырлаш керектей. Жеттимби баркына? Аптыгам айта албай, Артыма кайта албай. Көнсөм да адамдын дартына, Көнбөй койдум калпына! Кайырма: Бала кезге баргым келет, Жалганды билбеген, Жай-кышы гүлдөгөн. Адам бойдон калгым келет, Мансапка байланбай, Маңкуртка айланбай, Ак жашап… Өткөндү кектебей, Пейилиңди оңдосоң, Өзүмчүл болбосоң. Чындыктан четтебей, Адамды сыйласаң, Жан дүйнөңдү нур басат. Көнсөм да адамдын дартына, Көнө албадым калпына! Кайырма Бала кезге баргым келет, Адам бойдон калгым келет. Мансапка байланбай, Маңкуртка айланбай, Ак жашап, Ак жашап…
  • Жалжалым, карааныңды эстей албай, Кусадан сагынычым тарабай. Жашоонун жакшылыгы эмнеде, Сезимим бактыман кетсең? Билмексен болуп неге сен жүрөсүң? Билсең да, жүрөгүмдү кыйнайсың. Сырыңды неге менден жашырып, Көркүңдү жазчы, жылмайып. Кайырма: Жүзүң сезилет кайра-кайра, Сагынам, ойлоп күн-түн. Жүрөгүмө кайгы толду, Келчи, жаным, мага кайра. Негедир таарынып сен жүрөсүң, Кечиргин, негизи, мен күнөөлүүмүн. Эстечи эстен кетпес күндөрдү, Мээримдүү айлуу түндөрдү. Кайырма:
  • Кайкып учкан канаты бар Ак булуттун арасынан кезиккен Катарыңда жүрдүм эле кагылып Кайда кеттиң жүрөгүмдү эзип сен Көк асмандай ачыктыгынды сүйүп мен Көлдөй толкуп көңүлүбүз бириккен Көктө сызган куштан кабар жиберем Көкөлөбөй түшүп келчи бийиктен Кайырма: Асмандагы периштем асмандагы Азабыңдан арманга батсам дагы Ачык болуп жолуң дайым кара булут тозбосун Акыркы бул балким коштошуу Арылбастан сага деген сагыныч Айтылбастан калды канча жалыныч Желде сызып кыдыралы дүйнөнү Жерге түшкөн жанды кайра алып уч