Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жүзүң»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалжалым, карааныңды эстей албай,
Кусадан сагынычым тарабай.
Жашоонун жакшылыгы эмнеде,
Сезимим бактыман кетсең?
Билмексен болуп неге сен жүрөсүң?
Билсең да, жүрөгүмдү кыйнайсың.
Сырыңды неге менден жашырып,
Көркүңдү жазчы, жылмайып.
Кайырма:
Жүзүң сезилет кайра-кайра,
Сагынам, ойлоп күн-түн.
Жүрөгүмө кайгы толду,
Келчи, жаным, мага кайра.
Негедир таарынып сен жүрөсүң,
Кечиргин, негизи, мен күнөөлүүмүн.
Эстечи эстен кетпес күндөрдү,
Мээримдүү айлуу түндөрдү.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Көз артат көптөр жериме, Көз мончок тагып койсомбу? Көркөмүң дагы арттырып, Көпөлөк болуп консомбу? Сук артат көптөр жериме, Айланып сууну чачсамбы? Ансайын көркүң арттырып, Ак марал болуп барсамбы? Кайырма: Сактасын суук көздөрдөн, Садагам Оштой жеримден. Сулайман пирим колдосун, Жоо жүрөк, баатыр элимди. Колумдан келсе туулган жер, Көз тумар болуп тагылсам. Уулуңду кимдер талашмак, От жалын болуп жагылсам. Кайырма:
  • Боль в душе моей, позабудь скорей, Забыть хочу тебя. Любовь она поверь в словах не вечна, Сердце плачет, сердце бьётся. Ответь что было скрыто между нами, Ты была со мной, в глазах играла счастье. Это всё обман, в наших снах печаль, хрусталь, Кайырма: Весь мир для тебя, Скучает душа моя. Это хрусталь, Рождает печаль. Я не один, со мной ведь таешь ты, Любовь наша зла, знай. Сердце плачет вновь, Где же ты любовь? В снах пропала ты, Стараюсь всё стереть, жаль бесполезно. Всё так странно, ты желанна, Поверь отныне я смирился с этим. Ты была в руке моей, Всё растеряли. Это всё обман, в наших снах печаль, хрусталь, Кайырма: Весь мир для тебя, Скучает душа моя. Это хрусталь, Рождает печаль. Я не один, со мной ведь таешь ты, Любовь наша зла, знай.
  • Билемин сүйүүм сага түбөлүккө сакталат, Жашоонун жарык нуру бир өзүңө арналат. Сүйүүмдүн ачылбаган барактары өзүң менен го, Жазгы таңдан нур төктүң го, Жан дүйнөмдү гүлдөттүң ай, ай, Асманда толуп турган айдай, Агарып жаркыраган таңдай, Түбөлүк жүрчү мени жандай, Жаныңда болуу бакыт кандай, Өзүңдү сүйө берем танбай, Өмүрдү жалгыз сага арнай. Сен десем сезимимде канат байлап уча алам, Сезилет бир өзүңдөн жаралгандай бүт аалам. Гүлүмдүн жыпар чачып жаңы ачканы өзүң элең го, Жазгы таңдай нур төктүң го, Жаныңан гүлдөттүң ай, ай, Асманда толуп турган айдай, Агарып жаркыраган таңдай, Түбөлүк жүрчү мени жандай, Жаныңда болуу — бакыт кандай, Өзүңдү сүйө берем танбай, Өмүрдү жалгыз сага арнай.
  • Жалооруп карап сенин жамалың, Жалынга жүрөгүмдү байладың. Жашоомо жаралган сен ардагым, Жалгызым, бир өзүңдү сагындым. Сени сагынып, сени сагынып, Күндөрүм өтөт кусага батып. Сени сагынып, сени сагынып, Уйкусуз таңдар атты. Кайырма: Сен, жаралуу жүрөктү кыйнадың, Сени сагынам, сезимимди сыйбадың. Сен, тагдырымды неге кыйнадың? Сени сагынам, үмүтүмдү алдадың. Жанымда түбөлүккө калбадың, Жазыксыз жүрөгүмдү арбадың. Жанашып жарым болуп албадың, Жалгыздык күндөрдү арнадың. Күндөр жаңырып, жүрөк сагынып, Көздөрүң карегимде кадалып. Сезим жалынып, сага багынып, Түбөлүк сен деп жашайм. Табышпай калган биздин, Тагдырыбыз айрылган экен. Алыстарда жүрсөң да, Сагынам, сагынам, сагынам.
  • Мына бүгүн сени көргөнү келдим, Сүйөрүңдү мени билгени келдим. Бирге жаныңда мен жүргөнү келдим. Ошондо жакшы болобу? Келчи Жаным, менин көнүлүмдү алчы, Жүрөгүмө сүйүү отун салчы. Бул кечеде мени менен бирге калчы, Ошондо жакшы болобу? Кайырма: Жаным мага жагасың, Жалын болуп жанасың. Жымыңдаган көздөрүңдөн ананайын, Сен оо секет перисиң. Кучагыма келесиң, Ошондо жакшы болобу? Кучагымдан орун бир өзүнө берейин, Кумарланып дагы сага мен келейин. Кудуңдаган Журок сырын мен чечейин, Ошондо жакшы болобу? Эмнегедир бир өзүндү мен карадым, Эмне мынча сулуулугуң мен бааладым. Эрикпечи Жаным, чогуу бирге басалы, Ошондо жакшы болобу?