Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сүйүүм сакталат»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билемин сүйүүм сага түбөлүккө сакталат,
Жашоонун жарык нуру бир өзүңө арналат.
Сүйүүмдүн ачылбаган барактары өзүң менен го,
Жазгы таңдан нур төктүң го,
Жан дүйнөмдү гүлдөттүң ай, ай,
Асманда толуп турган айдай,
Агарып жаркыраган таңдай,
Түбөлүк жүрчү мени жандай,
Жаныңда болуу бакыт кандай,
Өзүңдү сүйө берем танбай,
Өмүрдү жалгыз сага арнай.
Сен десем сезимимде канат байлап уча алам,
Сезилет бир өзүңдөн жаралгандай бүт аалам.
Гүлүмдүн жыпар чачып жаңы ачканы өзүң элең го,
Жазгы таңдай нур төктүң го,
Жаныңан гүлдөттүң ай, ай,
Асманда толуп турган айдай,
Агарып жаркыраган таңдай,
Түбөлүк жүрчү мени жандай,
Жаныңда болуу — бакыт кандай,
Өзүңдү сүйө берем танбай,
Өмүрдү жалгыз сага арнай.

Другие песни исполнителя:

  • Улуу тарыхты канатына алган, Улут болуп сакталган. Урпактарынын мурасына калган, Уңгу сөздөн кеп салган. Байыртан мекен үчүн күйгөн, Эр Манастын уулубуз. Байырлап Ата Журтун сүйгөн, Жоголбосун уңгубуз. Кан майданга да төшүн тосуп барган, Кайра тартпай душмандан. Калкым үчүн деп чагылгандай жанган, Кайратынан жанбаган. Аий, Кыргызстаным менин, Ачык болсун асманың. Элим деп сактаган мекенин, Азаматтын аскарың. Кайырма: Кыргыз эли кең пейил элден, Кереметтүү жерден, ырыс береке берген. Мекеним өркүндөй бер кылымдарга, Ак калпагы асманга тийип. Ала-Тоодой бийик, Өркүндөй бер кылымдарга Ынтымак болсо, биз жеңебиз баарын, Ыйманыңды сактагын. Биригели биз биримдикке баргын, Бир бооруңду сатпагың. Жараткан бейпил жашоо берсин, Тынчтык болуп элимде. Жаңы аткан таң нурунан келсин, Береке кут жериме. Кайырма: Кыргыз эли кең пейил элден, Кереметтүү жерден, ырыс береке берген. Мекеним өркүндөй бер кылымдарга, Ак калпагы асманга тийип. Ала-Тоодой бийик, Өркүндөй бер кылымдарга
  • Благодарю я за тебя судьбу, И жизнь прошу, храни её одну. Не отыскать вечер наш прежний, Как жаль, что ты вдаль ушла. Не смог понять, смысл надежды, Слеза. Кайырма: Напомнит мне твои глаза, из далека, Я вижу, как страдает душа, Царит над нами луна, так холодна, Одна. Ты мне нужна. Я отпустил мечту свою, любя, Ты не грусти, тебе споёт звезда. Не забывай, помни я рядом, Быть мне твоим суждено. Не отпускай сердце ты взглядом, Оно.
  • Өзүң менен жүрсөм, жаным, Жарашып бул күндөрдүн баары. Алоолонгон сезимдерим, Улам-улам күчөп барат. Элестете албайм өзүмдү, Сенсиз өткөргөн бул өмүрдү. Өмүрүм да сен, Көңүлүм да сен, Ырларым да сен! Кайырма: Жадырап сен мага, Мен тартылам сага, Жамалың күлүп турганда. Эркелеп сен мага, Мен тартылам сага, Жамалың күлүп турганда. Күлүп турганда! Күлүп турганда! Бир гана сен, Табылгыс белек болдуң мага. Сен жана мен, Биз экөөбүздүн жолубуз бир, Ишенгин мага. Элестете албайм өзүмдү, Сенсиз өткөргөн бул өмүрдү. Өмүрүм да сен, Көңүлүм да сен, Ырларым да сен! Кайырма
  • Кимдин ким экенин, Билбегендер өз оюн айтсын, Жакшылыкты көзгө илбеген Кирдегендер жанымдан кайтсын Көрбөгөндүн көргөнү курусун жалганды чындык деп айтканда Менден кеткин алыска Ары кеткин алыска Унчуга албадым Турса дагы курчуп арманым, Жактырбасаң дагы жаман деп, Убактыңды мага арнадың Барын сынга салып Жөнү жок сүйлөгөндөн сага не пайда? Көлөкөңө жашынба Байланбай кур намыска