Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргыз элим»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Улуу тарыхты канатына алган,
Улут болуп сакталган.
Урпактарынын мурасына калган,
Уңгу сөздөн кеп салган.
Байыртан мекен үчүн күйгөн,
Эр Манастын уулубуз.
Байырлап Ата Журтун сүйгөн,
Жоголбосун уңгубуз.
Кан майданга да төшүн тосуп барган,
Кайра тартпай душмандан.
Калкым үчүн деп чагылгандай жанган,
Кайратынан жанбаган.
Аий, Кыргызстаным менин,
Ачык болсун асманың.
Элим деп сактаган мекенин,
Азаматтын аскарың.
Кайырма:
Кыргыз эли кең пейил элден,
Кереметтүү жерден, ырыс береке берген.
Мекеним өркүндөй бер кылымдарга,
Ак калпагы асманга тийип.
Ала-Тоодой бийик,
Өркүндөй бер кылымдарга
Ынтымак болсо, биз жеңебиз баарын,
Ыйманыңды сактагын.
Биригели биз биримдикке баргын,
Бир бооруңду сатпагың.
Жараткан бейпил жашоо берсин,
Тынчтык болуп элимде.
Жаңы аткан таң нурунан келсин,
Береке кут жериме.
Кайырма:
Кыргыз эли кең пейил элден,
Кереметтүү жерден, ырыс береке берген.
Мекеним өркүндөй бер кылымдарга,
Ак калпагы асманга тийип.
Ала-Тоодой бийик,
Өркүндөй бер кылымдарга

Другие песни исполнителя:

  • Жаштык кез жаңы кийимдей, Эскирсе калган кийилбей. Боз улан бойдон турбайсың сен Бул жолуң өтөт билинбей. Кыярса калбас күбүлбөй, Кырчын кез тоонун гүлүндөй. Кыз бойдон дайым турбайсың сен, Кызык кез өтөт билинбей. Күнүгө сени жандаган, Күлгүн чак келбейт кайрадан. Элирбей жаштык кезиңди Эс-акыл менен пайдалан. Турмушка өчпөс из калтыр Туягың бүтүн чагыңда. Турмушка өчпөс из калтыр Туягың бүтүн чагыңда.
  • Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй, Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй Кайык сымал толкундардан жалгыз калган, Өткүм келбейт, бул өмүрдө сени көрбөй. Жомоктой өтүп өмүр кайрылбайт, Жоготкон күнүң кайра табылбайт. Байлыгың бербейт баарын турмушта, Бакытың бийик учкан куш тура. Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй, Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй Жомоктой өтүп өмүр кайрылбайт, Жоготкон күнүң кайра табылбайт. Байлыгың бербейт баарын турмушта, Бакытың бийик учкан куш тура. Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй, Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй Кайык сымал толкундардан жалгыз калган, Өткүм келбейт, бул өмүрдө сени көрбөй.
  • Everything that I can’t erase now, May be that is hurting me just for this moment. Baby, believe me, can you forgive me? All the pain that I caused and left your heart broken. Why can’t you just come back and leave everything? I don’t wanna hurt you again and again! May be it is time that’ll make me stronger, I just don’t wanna, I just don’t wanna fall… Refrain: And I feel that I’m falling (with you), I can see how we’re falling deep inside. Can we tell that it’s over? Love is all we’ve got, it will take us till the end… Could it be that we won’t get (get a chance)? Could it be that we forget (about our plans)? I don’t think that it’s over, Please don’t kill our love, I believe in happy end!!! Everything that we have created, That is all our love and we cannot erase that. Everytime when I see you crying, I can understand, that I’m not even trying. Trying to believe, that my love is the strongest, Try to understand, that I’m not even worth it! All that I can say, is I’m a bad guy. You’re not a bad guy, you are the best one for me!
  • Мен эстеп өзүңдү, Назик мүнөзүңдү, Сагынган кезде. Эркелеп кетчү элең, Үмүт берчү элең, Ал күндөр эсте. Сагынган кезде, Унута албай көздөрүң неге? Убайымда жашаймын сен деп. Ушул экен тагдырым дебе. Кайырма: Мен сагынган кезде, Сен сагынган кезде. Жолуңду карап, Убакыт санап, Көздөрүм жанат. Ишенгин демек, Жүрөгүм сен деп, Кагыла берет. Ишенгим келет, Сүйүүдө тунук, Ишенич керек. Мен эстеп өзүңдү, Кара көзүңдү, Сагынган кезде. Эркелеп кетчү элең, Үмүт берчү элең, Ал күндөр эсте. Аралап сезимди, Убакыт келгенде, Тагдырым сен белең? Жаным, билбейм. Түшүмө киресиң, Жаныма сен келгенде. Түшүнсөң билесиң, Сагынган кезде. Сагынган кезде, Унута албай көздөрүң неге? Убайымда жашаймын сен деп. Ушул экен тагдырым дебе. Кайырма: