Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагынган кезде»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен эстеп өзүңдү,
Назик мүнөзүңдү,
Сагынган кезде.
Эркелеп кетчү элең,
Үмүт берчү элең,
Ал күндөр эсте.
Сагынган кезде,
Унута албай көздөрүң неге?
Убайымда жашаймын сен деп.
Ушул экен тагдырым дебе.
Кайырма:
Мен сагынган кезде,
Сен сагынган кезде.
Жолуңду карап,
Убакыт санап,
Көздөрүм жанат.
Ишенгин демек,
Жүрөгүм сен деп,
Кагыла берет.
Ишенгим келет,
Сүйүүдө тунук,
Ишенич керек.
Мен эстеп өзүңдү,
Кара көзүңдү,
Сагынган кезде.
Эркелеп кетчү элең,
Үмүт берчү элең,
Ал күндөр эсте.
Аралап сезимди,
Убакыт келгенде,
Тагдырым сен белең?
Жаным, билбейм.
Түшүмө киресиң,
Жаныма сен келгенде.
Түшүнсөң билесиң,
Сагынган кезде.
Сагынган кезде,
Унута албай көздөрүң неге?
Убайымда жашаймын сен деп.
Ушул экен тагдырым дебе.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Биз өткөрдүк күндөрдү Бирге куруп келечекти Жашоонун даамын татып Бирге тилеп берекени Сүйүү баркын түшүрбөй Бир үй-бүлөө болдук бүтүндөй Өйдө-төмөн өмүрдөн Ачуу-таттуу барын көрдүк Сүйүм өчпөй көңүлдөн Сыноолорду баарын жеңдик Шаңга толуп үйүбүз Өчпөйт эми биздин сүйүүбүз Сүйөм сени… Өзүн болдуң жүрөгүмдүн теңи Үй-бүлөмдүн сенсиң берекеси Өмүрдө гана… Сүйөм сени… Эң бактылуу адам кылдың мени Балдарымдын сенсиң энекеси Өмүрдө гана…. Сыноолорго сынбастан, бардыгына дайын болдум Турмуш жолун бир баскан Сен өмүрлүк жарым болдуң Үй-бүлөмдүн жарыгы Жүрөгүмдүн сенсиң жарымы Өмүрлүк жар жылдызым Бакыт жолдон себеп кылдың Көбөйсүн деп кыргызым Мага уул кыз белек кылдың Кол кармашкан жаш жубайлар Дайым биздей болсун бактылуу…
  • Гүл бакчаны аралап, Экөөбүз бирге жүрөбүз. Көз артышат бизди карап, Баарысы, жашы-карысы. Көз тийдиби, суук көздөр, Билбедим, көздөр тийдиби? Биздин сүйүү муздап барат, Барган сайын муз болуп барат. Кайырма: Сен мени алдадың, Алдадың, дагы-дагы алдадың. Мен байкуш алдандым, Алдандым, дагы-дагы алдандым. Сен мага сүйөмүн, Сүйөмүн деген сөздөрүң кайда? Мен болсо, ишенип, Ишенип жүрүпмүн кайра-кайра. Деген сөздөрүң кайда? Ишенбеймин эми сага, сага. Алдадың, алдадың мени… Менин болгон сүйүүмдү, Өчүрдүң болгон сүйүүмдү. Ишеничим түгөндү сага болгон, Баары түгөндү… Эми жалгыз кетсемби, Жер жүзүнө тентип кетсемби? Же болбосо, бул Ааламды, Колум шилтеп, таштап кетсемби? Кайырма:
  • Өмүр, багытым таппай издеп күйүп-жансам да, Өмүр, тагдырда жан үрөп мен өңдөн азсам да. Өмүр, бакытты азап жандап түйшүк тартсам да. Мен сени сүйөм, өмүр, Мен сени сүйөм, өмүр… Кайырма: Алдымдан азгырып чакырдың, ай, Алдың го жаштыктын жазын далай. Антсең да сыйлоого акым бар, ай, Мен сени сүйөм, өмүр… Берерин билбеймин али эртеңдин, Тирүүлүк билигин араң тердим Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да, Мен сени сүйөм, өмүр… Өмүр, жетерде бийиктикке кулап калсам да, Өмүр, өйдөлөп кайра турар кубат алсам да. Өмүр, алдыңа далай сынып ыйлап барсам да, Мен сени сүйөм, өмүр, Мен сени сүйөм, өмүр… Кайырма: Өмүр, күз болуп салдың мени сагынычтарга, Өмүр, учурдуң кээде ак кар бурганактарга. Өмүр, көктөмдөй сага бирок али куштармын. Мен сени сүйөм, өмүр, Мен сени сүйөм, өмүр… Кайырма:
  • Көз артат көптөр жериме, Көз мончок тагып койсомбу? Көркөмүң дагы арттырып, Көпөлөк болуп консомбу? Сук артат көптөр жериме, Айланып сууну чачсамбы? Ансайын көркүң арттырып, Ак марал болуп барсамбы? Кайырма: Сактасын суук көздөрдөн, Садагам Оштой жеримден. Сулайман пирим колдосун, Жоо жүрөк, баатыр элимди. Колумдан келсе туулган жер, Көз тумар болуп тагылсам. Уулуңду кимдер талашмак, От жалын болуп жагылсам. Кайырма:
  • Снова вижу в далеке знакомый образ, Обаятельный твой взгляд и нежный голос, День за днём я всё сильней влюбляюсь, И не слышу слова да, ведь я стараюсь, Посмотри мне в глаза, ты поймёшь тогда, Что я от тебя, кажется без ума. Посмотри на меня, я достоин тебя, И будем с тобой, вдвоём навсегда. Кайырма: Снова придёт, этот рассвет, Я не пойму, ты со мной или нет? Снова придёт, этот закат, И принесёт нежный твой взгляд. Одиночество сжигает мою душу, И не чувствуя тепла, ты сердце рушишь, Я ведь знаю, есть любовь на этом свете, Быть с тобою, во что на примете. Искусственная полночь, в тонике луны, Короткие сны, вечерние мечты, Мои мысли полны воспоминания, О прошлом или том, что будущем, Было бы возможно, но что-то, Искренно я верил и пытал надежды, Строил планы, что хранил себя так бережно, Как бы я хотел время повернуть назад, Любить и быть любимым, видеть тот прекрасный взгляд.