Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алдадың»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Гүл бакчаны аралап,
Экөөбүз бирге жүрөбүз.
Көз артышат бизди карап,
Баарысы, жашы-карысы.
Көз тийдиби, суук көздөр,
Билбедим, көздөр тийдиби?
Биздин сүйүү муздап барат,
Барган сайын муз болуп барат.
Кайырма:
Сен мени алдадың,
Алдадың, дагы-дагы алдадың.
Мен байкуш алдандым,
Алдандым, дагы-дагы алдандым.
Сен мага сүйөмүн,
Сүйөмүн деген сөздөрүң кайда?
Мен болсо, ишенип,
Ишенип жүрүпмүн кайра-кайра.
Деген сөздөрүң кайда?
Ишенбеймин эми сага, сага.
Алдадың, алдадың мени…
Менин болгон сүйүүмдү,
Өчүрдүң болгон сүйүүмдү.
Ишеничим түгөндү сага болгон,
Баары түгөндү…
Эми жалгыз кетсемби,
Жер жүзүнө тентип кетсемби?
Же болбосо, бул Ааламды,
Колум шилтеп, таштап кетсемби?
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Толкунданган сезимиңди байкадым, Көз ирмебей калганың, эске түшөт ар дайым. Неге сенин сүйүүң актай албадым, Сени тиктеп калганым, жүрөгүмдү арбадың. Кайырма: Чын сүйүү, чын сүйүү сезими, Жазгы сүйүү демиби, Сүйүү мага келдиби? Сагындым сенин мүнөзүңдү, Элестетем сүрөтүңдү. Тагдырым сага байланганбы? Чын сүйүүгө айланганбы? Жан жүрөгүм жалгыздыктан тажады, Кубанычы тарады, бир өзүңдү самады. Мен өзүмчө тагдырыма таарынам, Жалгыз сени сагындым, эсте калды карааның. Кайырма:
  • Жылмайып мени карасаң, Жылуулук сезим ар дайым сезилет. Жүрөгүмдө сен жаралсаң, Кубанычка батып ойлорумда сен. Кайра-кайра сени эстеп, Махабаттын булагына малынып. Кара-кайра сени эстеп, Кучагыма келчи, жаным. Кайырма: Сени сүйөм, чын жүрөгүмдөн, Көздөрүңө жалынам. Сени сүйөм, чын жүрөгүмдөн, Көрбөй калсам сагынам. Жүрөгүмдүн дарысы, Көңүлүмдүн баарысы. Жагымдуу көз карашы, Жүрөлүчү жарашып. Кылыктанган көздөрүңө, Кызыктырып жан дүйнөмдү кайрадан. Кусалыкка алдырбачы, Жалгыздыкка калтырбай мени. Кайра-кайра сени эстеп, Махабаттын булагына малынып. Кара-кайра сени эстеп, Кучагыма келчи, жаным.
  • Кимдин ким экенин, Билбегендер өз оюн айтсын, Жакшылыкты көзгө илбеген Кирдегендер жанымдан кайтсын Көрбөгөндүн көргөнү курусун жалганды чындык деп айтканда Менден кеткин алыска Ары кеткин алыска Унчуга албадым Турса дагы курчуп арманым, Жактырбасаң дагы жаман деп, Убактыңды мага арнадың Барын сынга салып Жөнү жок сүйлөгөндөн сага не пайда? Көлөкөңө жашынба Байланбай кур намыска
  • Таң атып күн батты Кетпедиң оюмдан Сезимди суусатты Сагыныч чогулган Кыялбай сен жакты Күтөмүн жолуңдан Ооо жолуңдан Гүл кармап колуңдан Сүрдөтпөчү сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды Ооо сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды ууу Сапарың карадым Билинбейт кабарың Унутам баардыгын Көргөндө караның Кайгыга салбачы Табылат аргасы Ооо айласы Мээримиң арначы Сүрдөтпөчү сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды Ооо сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды ууу Сүрдөтпөчү сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды Ооо сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды ууу