Казахские песни Узбекские песни

Песня «Чын сүйүү»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Толкунданган сезимиңди байкадым,
Көз ирмебей калганың, эске түшөт ар дайым.
Неге сенин сүйүүң актай албадым,
Сени тиктеп калганым, жүрөгүмдү арбадың.
Кайырма:
Чын сүйүү, чын сүйүү сезими,
Жазгы сүйүү демиби,
Сүйүү мага келдиби?
Сагындым сенин мүнөзүңдү,
Элестетем сүрөтүңдү.
Тагдырым сага байланганбы?
Чын сүйүүгө айланганбы?
Жан жүрөгүм жалгыздыктан тажады,
Кубанычы тарады, бир өзүңдү самады.
Мен өзүмчө тагдырыма таарынам,
Жалгыз сени сагындым, эсте калды карааның.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Эң кымбат белектей, Өмүрдү кадырлаш керектей. Жеттимби баркына? Аптыгам айта албай, Артыма кайта албай. Көнсөм да адамдын дартына, Көнбөй койдум калпына! Кайырма: Бала кезге баргым келет, Жалганды билбеген, Жай-кышы гүлдөгөн. Адам бойдон калгым келет, Мансапка байланбай, Маңкуртка айланбай, Ак жашап… Өткөндү кектебей, Пейилиңди оңдосоң, Өзүмчүл болбосоң. Чындыктан четтебей, Адамды сыйласаң, Жан дүйнөңдү нур басат. Көнсөм да адамдын дартына, Көнө албадым калпына! Кайырма Бала кезге баргым келет, Адам бойдон калгым келет. Мансапка байланбай, Маңкуртка айланбай, Ак жашап, Ак жашап…
  • Бабалардан калган турмуш ыргагы, Бул жашоонун көркү көңүл ачууда. Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай, Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына. Сенсиз көрккө келбейт, Жазгы тентек желдей, Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей. Билчи, жаным, билчи, Жан дүйнөмө кирчи, Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей. Бир берилген шаттуу өмүрдө, Кир кетпесин аруу көңүлгө. Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай, Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө. Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет, Конок сымал коомай карап турсаң да. Максаттардын сересине умтулуп, ай, Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да. Назик көркү гүлдөй, Керемети күндөй, Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин. Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден, Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.
  • Жылмайып мени карасаң, Жылуулук сезим ар дайым сезилет. Жүрөгүмдө сен жаралсаң, Кубанычка батып ойлорумда сен. Кайра-кайра сени эстеп, Махабаттын булагына малынып. Кара-кайра сени эстеп, Кучагыма келчи, жаным. Кайырма: Сени сүйөм, чын жүрөгүмдөн, Көздөрүңө жалынам. Сени сүйөм, чын жүрөгүмдөн, Көрбөй калсам сагынам. Жүрөгүмдүн дарысы, Көңүлүмдүн баарысы. Жагымдуу көз карашы, Жүрөлүчү жарашып. Кылыктанган көздөрүңө, Кызыктырып жан дүйнөмдү кайрадан. Кусалыкка алдырбачы, Жалгыздыкка калтырбай мени. Кайра-кайра сени эстеп, Махабаттын булагына малынып. Кара-кайра сени эстеп, Кучагыма келчи, жаным.
  • Кыялымдасың, айтпайм эч кимге, Кыйналып жаздым, жаз келип сезимге. Карегимдесиң сен деп алоолоп жанган, Калемимдесиң сүйүү балы тамган. Кайырма: Ойгонгум келбейт. Түшүмдө гана жүзүңдөн сүйө алам. Оролуп термейт. Махабатка төшөлгөндөй бүт аалам. Бактылуубуз кандай… Ойлорумдасың, сансыз аткан күн батты, Ойлонуп жаттым, нечен таңдар атты. Сезимимдесиң гүлзар менен курчалган, Сезбейт экенсиң ансайын күч алган. Кайырма: Ойгонгум келбейт. Түшүмдө гана жүзүңдөн сүйө алам. Оролуп термейт. Махабатка төшөлгөндөй бүт аалам. Бактылуубуз кандай… Бир болууга жаралган жандарданбыз.
  • Токоюм бойлоп баратсам, Суктантып көздү караткан. Алыстан келген адамдар, ий, Кеткисиң ай келбейт ай-ий Таластан. Береке нурун сепкен жер, Каныкей жашын төккөн жер. Хан Бакай, Кошой баш болуп, Кабылан ай Манас ай-ий өткөн жер. Ак шумкар сызып учкан жер, Атагын дүйнө уккан жер. Чокусу бийик Таластын, Чолпонбай ай Чыңгыз ай-ий чыккан жер. Ак чөлмөк ойноп тан аткан, Айлуу түн бизге жарашкан. Канчалык ойноп күлсөм да эй, Кумарым ай канбайт ай-ий Таластан.