Казахские песни Узбекские песни

Песня «Аппак сүйүү»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бабалардан калган турмуш ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай,
Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына.
Сенсиз көрккө келбейт,
Жазгы тентек желдей,
Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей.
Билчи, жаным, билчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей.
Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай,
Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө.
Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп, ай,
Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да.
Назик көркү гүлдөй,
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден,
Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.

Другие песни исполнителя:

  • Элестетем сени, качан болсо деги, Журогумдун торун ээлеп алдын эми. Эркеледин мага, мен унуттум анда, Кайгырбачы жаным, суйом сени гана. Ал кундор кайда, айтчы жаным мага, Мейли таарынсан да, сагынам. Кайырма: Элестетем откон кундорумду мен, Сагынып журокко толду сезимдер. Энсей берем дайым неге сени мен, Жалгызымсын жан дуйномду эргиткен. Жарык нурун чачкан, жылдыздай жанган, Коздорунду карап, журчу элем го самап. Биз откоргон кундорду, сырдашкан тундорду, Эч унутпайм жаным, энсей берем дайым. Ал кундор кайда, айтчы жаным мага, Мейли таарынсан да, сагынам.
  • Кара күчкө биз эмес багынгандай Каректерге катылган жалын бардай Оттой жанып кыргыздын жигиттери Окко каршы атылган чагылгандай Элим деп жандан ашып кечип атса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Эзилип да кул болгон кимге жаксын Элин кантип эр жигит жер каратсын Жүзү жарык аттанып ар намыска Жүрөгүндө деми бар эр Манастын Өмүрү эл тагдырын чечип жатса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Өчпөйт,өчпөйт элесиң каректен Чакырып биримдикке айбатын берет деп Жашап, жашап жаш бойдон жүрөктө Барсыңар ак батада, барсыңар тилекте Ырыстуу айкөлдүн элибиз Эми биз тең бир элбиз Ынтымак күтөлү эми биз биримдикте Гүлдестеге бөлөп бейиттерин Эскерели Мекен шейиттерин Бир күн өтпө токто жүрөк Баатырларды жокто жүрөк Ар намыска жана бергин Акыйкатта тилеп тилек
  • Всё не случайно, в сердце печально, времени мало, чтобы понять. Не сказать о любви, я не в силах солгать без тебя. И везет мне в жизни я сам не похож на себя. Ты же мой талисман, ты мой ответ, я твоя ночь, ты мой рассвет. Рядом с тобой обрел мечты, только ты , я и ты. Все не случайно, ты моя тайна. Жизнь свела нас. Знай. Не нужна мне удача, богатство мое это ты. Повезет лишь тогда мне когда мы разделим мечты.
  • Бакыт мага сезилип, Ак жаан болуп себелеп. Саамайыңдан сылап жүрктөн, Өз жарыңды күтөсүн. Саат өтпөй, күн өтпөй, Кою түндө өчпөйт чырагым Жамалыңа жан жетпей, Күндөр өтпөй, таң кетпей. Көңүлүмдү сага бурайын, Жамалыңдан сылайын. Жарашыктуу жаз айым, Сүйүү гүлүн сага сунайын. Саргайынкы кеч күздөй, Санаам калды үзүлбөй. Сүйөрүмдү сага билгизбейм, Караныңа зар болуп. Сенсиз дүйнөм тар болуп, Түндөр өтөт дагы билинбей.