Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагыныч»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бакыт мага сезилип,
Ак жаан болуп себелеп.
Саамайыңдан сылап жүрктөн,
Өз жарыңды күтөсүн.
Саат өтпөй, күн өтпөй,
Кою түндө өчпөйт чырагым
Жамалыңа жан жетпей,
Күндөр өтпөй, таң кетпей.
Көңүлүмдү сага бурайын,
Жамалыңдан сылайын.
Жарашыктуу жаз айым,
Сүйүү гүлүн сага сунайын.
Саргайынкы кеч күздөй,
Санаам калды үзүлбөй.
Сүйөрүмдү сага билгизбейм,
Караныңа зар болуп.
Сенсиз дүйнөм тар болуп,
Түндөр өтөт дагы билинбей.

Другие песни исполнителя:

  • Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген, Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген. Тагдыр жолу — татаал жол, бирөөлөргө кепкенен, А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген, Туңгуюкка кептеген. Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай, Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай. Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай, Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай, Кара жанды кыйнамай. Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар, Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар. Адамзаттын ушулар убалына калчулар, Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар, Акыр заман салчулар. Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы, Өмүрлөрдүн чак түшү алтын жаштык турбайбы. Каран калсын көр оокат, кана, достор, ырдайлы, Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы, Эркин ойноп жыргайлы. Өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп, Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт. Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк, Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет, Бакыт канча ким билет. Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң, Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң. Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң, Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң, Качырганда билерсиң. Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө, Жан дүйнөсү бош калган наадандарга кур дүйнө. Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө, Биз өтсөк да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө, Дайым сулуу бул дүйнө. Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай, Мүнөт санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай. Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай, Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай, Бактыбызды байлабай. Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң, Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң. Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң, Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң, Миң жашасаң тойбойсуң.
  • Көңүлүмө бөлүнүп, Мээримиңе чөмүлүп, Бир өзүңө суктанам, Жамгыр болуп төгүлүп. Мен да ыраазымын сага, Ушул келген бактыма, Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана! Кайырма: Жүрөгүмдөн чыккан сырларым, Кубандырып турабы? Махабаттын сүйүү ырларын, Сага гана арнайын. Жаркыраган жылдызым, Жалгыз сенсиң ырысым. Жан жүрөктү эргиткен, Жалгыз сүйүүм сен белең? Мен да ыраазымын сага, Ушул келген бактыма, Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана! Кайырма
  • Кайырма: Our love is alive and so we begin Foolishly laying’ our hearts on the table, stumbling’ in Our love is a flame burning’ within Now and then fire light will catch us, stumbling’ in Мирбек Атабеков: Wherever you go, whatever you do You know these reckless thoughts of mine are followin’ you Чолпонай: I’ve fallen for you, whatever you do ‘Cause baby you’ve shown me so many things that I never knew Whatever it takes, baby, I’ll do it for you Кайырма: Мирбек Атабеков: You were so young, ah, but I was so free Чолпонай: I may have been young but baby, that’s not what I wanted to be Мирбек Атабеков: Well you were the one Чолпонай: Oh why was it me? Мирбек Атабеков: ‘Cause baby you’ve shown me so many things that I’d never seen Whatever you need, baby, you got it from me
  • Айылдын ары жагынан, Алмалуу колхоз багынан. Кечкурун иштеп тең кайтып, Келаткан күндү сагынам. Жаштыктын ошол чагынан, Тең татып өмүр балынан. Колумдан кызыл гүл алып, Коштошкон күндү сагынам. Сагынам, жаным, сагынам, Алыссың кантем жанымдан? Сүйгөнүн эстеп сагынуу, Эң кыйын экен баарынан.