Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бул дүйнө»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген,
Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген.
Тагдыр жолу — татаал жол, бирөөлөргө кепкенен,
А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген,
Туңгуюкка кептеген.
Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай,
Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай.
Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай,
Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай,
Кара жанды кыйнамай.
Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар,
Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар.
Адамзаттын ушулар убалына калчулар,
Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар,
Акыр заман салчулар.
Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы,
Өмүрлөрдүн чак түшү алтын жаштык турбайбы.
Каран калсын көр оокат, кана, достор, ырдайлы,
Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы,
Эркин ойноп жыргайлы.
Өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп,
Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт.
Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк,
Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет,
Бакыт канча ким билет.
Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң,
Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң.
Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң,
Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң,
Качырганда билерсиң.
Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө,
Жан дүйнөсү бош калган наадандарга кур дүйнө.
Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө,
Биз өтсөк да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө,
Дайым сулуу бул дүйнө.
Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай,
Мүнөт санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай.
Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай,
Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай,
Бактыбызды байлабай.
Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң,
Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң.
Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң,
Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң,
Миң жашасаң тойбойсуң.

Другие песни исполнителя:

  • Снова вижу в далеке знакомый образ, Обаятельный твой взгляд и нежный голос, День за днём я всё сильней влюбляюсь, И не слышу слова да, ведь я стараюсь, Посмотри мне в глаза, ты поймёшь тогда, Что я от тебя, кажется без ума. Посмотри на меня, я достоин тебя, И будем с тобой, вдвоём навсегда. Кайырма: Снова придёт, этот рассвет, Я не пойму, ты со мной или нет? Снова придёт, этот закат, И принесёт нежный твой взгляд. Одиночество сжигает мою душу, И не чувствуя тепла, ты сердце рушишь, Я ведь знаю, есть любовь на этом свете, Быть с тобою, во что на примете. Искусственная полночь, в тонике луны, Короткие сны, вечерние мечты, Мои мысли полны воспоминания, О прошлом или том, что будущем, Было бы возможно, но что-то, Искренно я верил и пытал надежды, Строил планы, что хранил себя так бережно, Как бы я хотел время повернуть назад, Любить и быть любимым, видеть тот прекрасный взгляд.
  • Карааныңа зар, мен ар дайым, Карегиң кайгы баспай, күлүп турсаң айдайым. Эркелетип сен кучак жайып, Каражаның канча жашка чыкса дагы-балакайың. Кайырма: Энекем ай, таза аккан суудай, Таң аткан нурдай, Эрте эле кеч киреби? Берекем ай, замзамдан ууртам, Сагынган уулуңдан кейибе эч бир эми. Мээримиңе зар апакебай, Жүрөгүм сага тартып, көзүм артып, жете албай. Ымыркайың ыйлай-ыйлай, Канча күн уктатпадым, уйкуларын мага арнай. Кайырма:
  • Таң атып күн батты Кетпедиң оюмдан Сезимди суусатты Сагыныч чогулган Кыялбай сен жакты Күтөмүн жолуңдан Ооо жолуңдан Гүл кармап колуңдан Сүрдөтпөчү сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды Ооо сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды ууу Сапарың карадым Билинбейт кабарың Унутам баардыгын Көргөндө караның Кайгыга салбачы Табылат аргасы Ооо айласы Мээримиң арначы Сүрдөтпөчү сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды Ооо сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды ууу Сүрдөтпөчү сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды Ооо сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды ууу
  • Жалжалым, карааныңды эстей албай, Кусадан сагынычым тарабай. Жашоонун жакшылыгы эмнеде, Сезимим бактыман кетсең? Билмексен болуп неге сен жүрөсүң? Билсең да, жүрөгүмдү кыйнайсың. Сырыңды неге менден жашырып, Көркүңдү жазчы, жылмайып. Кайырма: Жүзүң сезилет кайра-кайра, Сагынам, ойлоп күн-түн. Жүрөгүмө кайгы толду, Келчи, жаным, мага кайра. Негедир таарынып сен жүрөсүң, Кечиргин, негизи, мен күнөөлүүмүн. Эстечи эстен кетпес күндөрдү, Мээримдүү айлуу түндөрдү. Кайырма:
  • Мен эми башкамын, мен артыма кайтпаймын, Ааламда, жалганда бир сени унутуш үчүн. Жүрөктө так калды, көңүлүмдү ойлободуң сен, Жүдөп чарчадым. Сени эстеп сагынгам, кайрадан кайгыргам, Жүрөктү эзбегин, мен эми башкамын. Күн өтөт арадан, күтүүдөн тажагам, Жүрөктү эзбегин эми. Кайырмасы: Кара көз, мени аябадың, Жүрөктү жаралап койгон ырахатың сага. Жалганда өзүңсүз калсам да, Ыраазымын тагдырга. Мен эми кайгырбайм өткөн күндөрдү эстеп, Сүйүүгө кабылган тагдырга таарынбайм. Адашкан ак сүйүүм, азгырба мени, азгырба. Сени эстеп сагынгам, кайрадан кайгыргам, Жүрөктү эзбегин, мен эми башкамын. Күн өтөт арадан, күтүүдөн тажагам, Жүрөктү эзбегин эми. Кайырмасы: Кара көз, мени аябадың, Жүрөктү жаралап койгон ырахатың сага. Жалганда өзүңсүз калсам да, Ыраазымын тагдырга.