Казахские песни Узбекские песни

Песня «Энекем, ай»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Карааныңа зар, мен ар дайым,
Карегиң кайгы баспай, күлүп турсаң айдайым.
Эркелетип сен кучак жайып,
Каражаның канча жашка чыкса дагы-балакайың.
Кайырма:
Энекем ай, таза аккан суудай,
Таң аткан нурдай,
Эрте эле кеч киреби?
Берекем ай, замзамдан ууртам,
Сагынган уулуңдан кейибе эч бир эми.
Мээримиңе зар апакебай,
Жүрөгүм сага тартып, көзүм артып, жете албай.
Ымыркайың ыйлай-ыйлай,
Канча күн уктатпадым, уйкуларын мага арнай.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Кайкып учкан канаты бар Ак булуттун арасынан кезиккен Катарыңда жүрдүм эле кагылып Кайда кеттиң жүрөгүмдү эзип сен Көк асмандай ачыктыгынды сүйүп мен Көлдөй толкуп көңүлүбүз бириккен Көктө сызган куштан кабар жиберем Көкөлөбөй түшүп келчи бийиктен Кайырма: Асмандагы периштем асмандагы Азабыңдан арманга батсам дагы Ачык болуп жолуң дайым кара булут тозбосун Акыркы бул балким коштошуу Арылбастан сага деген сагыныч Айтылбастан калды канча жалыныч Желде сызып кыдыралы дүйнөнү Жерге түшкөн жанды кайра алып уч
  • Кара күчкө биз эмес багынгандай Каректерге катылган жалын бардай Оттой жанып кыргыздын жигиттери Окко каршы атылган чагылгандай Элим деп жандан ашып кечип атса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Эзилип да кул болгон кимге жаксын Элин кантип эр жигит жер каратсын Жүзү жарык аттанып ар намыска Жүрөгүндө деми бар эр Манастын Өмүрү эл тагдырын чечип жатса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Өчпөйт,өчпөйт элесиң каректен Чакырып биримдикке айбатын берет деп Жашап, жашап жаш бойдон жүрөктө Барсыңар ак батада, барсыңар тилекте Ырыстуу айкөлдүн элибиз Эми биз тең бир элбиз Ынтымак күтөлү эми биз биримдикте Гүлдестеге бөлөп бейиттерин Эскерели Мекен шейиттерин Бир күн өтпө токто жүрөк Баатырларды жокто жүрөк Ар намыска жана бергин Акыйкатта тилеп тилек
  • Эң кымбат белектей, Өмүрдү кадырлаш керектей. Жеттимби баркына? Аптыгам айта албай, Артыма кайта албай. Көнсөм да адамдын дартына, Көнбөй койдум калпына! Кайырма: Бала кезге баргым келет, Жалганды билбеген, Жай-кышы гүлдөгөн. Адам бойдон калгым келет, Мансапка байланбай, Маңкуртка айланбай, Ак жашап… Өткөндү кектебей, Пейилиңди оңдосоң, Өзүмчүл болбосоң. Чындыктан четтебей, Адамды сыйласаң, Жан дүйнөңдү нур басат. Көнсөм да адамдын дартына, Көнө албадым калпына! Кайырма Бала кезге баргым келет, Адам бойдон калгым келет. Мансапка байланбай, Маңкуртка айланбай, Ак жашап, Ак жашап…
  • Жагымдуу сөздөр жүрөктө сакталат Жабыркап кээде каректен жаш тамат Өткөндү улап жаңы күн башталааат Көрсө турмуш жолу мезгилге багынат турбайбыыы Кайырма: Мезгил учаааат артка кайрылбастан Көздөрүңдүүү көргүм келип кайрадан Өткөн күндү жүргүн унутпастан Каректердиии менден алыс албаган Ак сүйүү дайым жүрөктө сакталааат Ал сезииим каректен дароо байкалааат Жыл өттүү сезимим сага арналааат Көрсө сүйүү күчү мезгилге багынат турбайбы Кайырма:
  • Элестетем сени, качан болсо деги, Журогумдун торун ээлеп алдын эми. Эркеледин мага, мен унуттум анда, Кайгырбачы жаным, суйом сени гана. Ал кундор кайда, айтчы жаным мага, Мейли таарынсан да, сагынам. Кайырма: Элестетем откон кундорумду мен, Сагынып журокко толду сезимдер. Энсей берем дайым неге сени мен, Жалгызымсын жан дуйномду эргиткен. Жарык нурун чачкан, жылдыздай жанган, Коздорунду карап, журчу элем го самап. Биз откоргон кундорду, сырдашкан тундорду, Эч унутпайм жаным, энсей берем дайым. Ал кундор кайда, айтчы жаным мага, Мейли таарынсан да, сагынам.