Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кара көз»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен эми башкамын, мен артыма кайтпаймын,
Ааламда, жалганда бир сени унутуш үчүн.
Жүрөктө так калды, көңүлүмдү ойлободуң сен,
Жүдөп чарчадым.
Сени эстеп сагынгам, кайрадан кайгыргам,
Жүрөктү эзбегин, мен эми башкамын.
Күн өтөт арадан, күтүүдөн тажагам,
Жүрөктү эзбегин эми.
Кайырмасы:
Кара көз, мени аябадың,
Жүрөктү жаралап койгон ырахатың сага.
Жалганда өзүңсүз калсам да,
Ыраазымын тагдырга.
Мен эми кайгырбайм өткөн күндөрдү эстеп,
Сүйүүгө кабылган тагдырга таарынбайм.
Адашкан ак сүйүүм, азгырба мени, азгырба.
Сени эстеп сагынгам, кайрадан кайгыргам,
Жүрөктү эзбегин, мен эми башкамын.
Күн өтөт арадан, күтүүдөн тажагам,
Жүрөктү эзбегин эми.
Кайырмасы:
Кара көз, мени аябадың,
Жүрөктү жаралап койгон ырахатың сага.
Жалганда өзүңсүз калсам да,
Ыраазымын тагдырга.

Другие песни исполнителя:

  • Бакыт мага сезилип, Ак жаан болуп себелеп. Саамайыңдан сылап жүрктөн, Өз жарыңды күтөсүн. Саат өтпөй, күн өтпөй, Кою түндө өчпөйт чырагым Жамалыңа жан жетпей, Күндөр өтпөй, таң кетпей. Көңүлүмдү сага бурайын, Жамалыңдан сылайын. Жарашыктуу жаз айым, Сүйүү гүлүн сага сунайын. Саргайынкы кеч күздөй, Санаам калды үзүлбөй. Сүйөрүмдү сага билгизбейм, Караныңа зар болуп. Сенсиз дүйнөм тар болуп, Түндөр өтөт дагы билинбей.
  • Илебин өрттөп барам Эрмебей көзүн карайм Жамалың периштедей Жайылып аппак каннат Тазасың ааруу таңдай Тамшанткан таттуу балдай Алтыным алмаштырбайм Жалгызымсын толгон айдай Кайырма Суранамын жалынам Сен кетпечи жанымдан Сезимдерим сага болгон Таттуу экен баарынан Жыйнаган бактым болчу Жылыткан сайын толчу Гүл жыттанган гүлзар болсоң Булбул болуп мага кончу Себепсин жан ырыма Жетээрмин кадырына Ырыс менен сага кошкон Ыраазымын тагдырыма Кайырма
  • Кайкып учкан канаты бар Ак булуттун арасынан кезиккен Катарыңда жүрдүм эле кагылып Кайда кеттиң жүрөгүмдү эзип сен Көк асмандай ачыктыгынды сүйүп мен Көлдөй толкуп көңүлүбүз бириккен Көктө сызган куштан кабар жиберем Көкөлөбөй түшүп келчи бийиктен Кайырма: Асмандагы периштем асмандагы Азабыңдан арманга батсам дагы Ачык болуп жолуң дайым кара булут тозбосун Акыркы бул балким коштошуу Арылбастан сага деген сагыныч Айтылбастан калды канча жалыныч Желде сызып кыдыралы дүйнөнү Жерге түшкөн жанды кайра алып уч
  • Карааныңа зар, мен ар дайым, Карегиң кайгы баспай, күлүп турсаң айдайым. Эркелетип сен кучак жайып, Каражаның канча жашка чыкса дагы-балакайың. Кайырма: Энекем ай, таза аккан суудай, Таң аткан нурдай, Эрте эле кеч киреби? Берекем ай, замзамдан ууртам, Сагынган уулуңдан кейибе эч бир эми. Мээримиңе зар апакебай, Жүрөгүм сага тартып, көзүм артып, жете албай. Ымыркайың ыйлай-ыйлай, Канча күн уктатпадым, уйкуларын мага арнай. Кайырма:
  • Азгырылып, сезим менен ойноп, айрылдым өзүңдөн, Биздин сүйүүбүздү жомок деп ойлоп. Сага жагыш үчүн издеп айла, Жалган айтып алдадым. Сени жоготуудан коркуп анда. Көрбөптүрмүн сендей жанды, Көздөрүңдө сыйкыр барбы? Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың… Жан дүйнөмдүн тынчын алып, Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс! Сенсиз калдым эми жалгыз. Кайырма: Жүрөгүмдү ээлеп алдың, Бар дүйнөмө бүлүк салдың. Жалын болуп күйүп-жандым, күйүт салдың. Бакыт сен жок сезилбеди, Жүдөттүң го сезимимди. Сагынычка эзбей эми, келчи деги, Суранамын кечир мени. Алоолонуп жүрөк эзип кайра, ар дайым эсимде, Ал күндөрүм менин соолубас дайра. Эми сезимдерим издеп айла, Жалгыздыкка кезигем, сенин «сүйөм» деген сөзүң кайда? Көрбөптүрмүн сендей жанды, Көздөрүңдө сыйкыр барбы? Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың… Жан дүйнөмдүн тынчын алып, Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс! Эми сенсиз калдым жалгыз. Кайырма: Жүрөгүмдү ээлеп алдың, Бар дүйнөмө бүлүк салдың. Жалын болуп күйүп-жандым, күйүт салдың. Бакыт сен жок сезилбеди, Жүдөттүң го сезимимди. Сагынычка эзбей эми, келчи деги, Суранамын кечир мени. Суранамын кечир суранамын. Кубанычым болуп, кучагыма толуп, Кайрылсаңчы, сарсанаага алдырбай. Аясаңчы мени жалгыз калтырбай, Суранамын кечир мени!