Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сени гана»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көңүлүмө бөлүнүп,
Мээримиңе чөмүлүп,
Бир өзүңө суктанам,
Жамгыр болуп төгүлүп.
Мен да ыраазымын сага,
Ушул келген бактыма,
Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана!
Кайырма:
Жүрөгүмдөн чыккан сырларым,
Кубандырып турабы?
Махабаттын сүйүү ырларын,
Сага гана арнайын.
Жаркыраган жылдызым,
Жалгыз сенсиң ырысым.
Жан жүрөктү эргиткен,
Жалгыз сүйүүм сен белең?
Мен да ыраазымын сага,
Ушул келген бактыма,
Жалгыз жүрөгүм эңсейт сени гана!
Кайырма

Другие песни исполнителя:

  • Элесиң көз алдымда, Карагансыйт таарына, Салып сүйүү зарына мени. Сүйөрүңдү башканы, Чындык сенден качканы, Өкүндүрүп, сыздатты мени. Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады, Сезимге кайгы толуп, Неге тагдыр мени кыйнады? Кайырма: Бакытым белең мага бир келген, Жалындап жүрөк эңсеген? Көктөн тилеген күндөрүм менин, Кеттиби, жаным, сени менен? Үмүттөр өчпөй, сезимди өрттөй, Жалгызым, сени кыйбадым, Тагдырым, неге мени кыйнадың? Таразасыз тагдырдын таламына батырдың, Таштак жолго калтырып мени. Мейли мезгил, жыл өтсүн, Мейли сенсиз күн өтсүн, Сүйө берем түбөлүк сени. Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады, Сезимге кайгы толуп, Неге тагдыр мени кыйнады? Кайырма:
  • Жылмайып мени карасаң, Жылуулук сезим ар дайым сезилет. Жүрөгүмдө сен жаралсаң, Кубанычка батып ойлорумда сен. Кайра-кайра сени эстеп, Махабаттын булагына малынып. Кара-кайра сени эстеп, Кучагыма келчи, жаным. Кайырма: Сени сүйөм, чын жүрөгүмдөн, Көздөрүңө жалынам. Сени сүйөм, чын жүрөгүмдөн, Көрбөй калсам сагынам. Жүрөгүмдүн дарысы, Көңүлүмдүн баарысы. Жагымдуу көз карашы, Жүрөлүчү жарашып. Кылыктанган көздөрүңө, Кызыктырып жан дүйнөмдү кайрадан. Кусалыкка алдырбачы, Жалгыздыкка калтырбай мени. Кайра-кайра сени эстеп, Махабаттын булагына малынып. Кара-кайра сени эстеп, Кучагыма келчи, жаным.
  • «Көк бөрү» тасмасына саундтрек Илебин өрттөп барат, ирмебей көзүң карап, Жамалың периштедей, жайылып аппак канат. Тазасың аруу таңдай, тамшанткан таттуу балдай, Алтыным, алмаштырбай, жалгызымсың толгон айдай. Кайырма: Суранамын, жалынам. Сен кетпечи жанымдан. Сезимдерим сага болгон, Таттуу экен баарынан. Жыйналган бактым болчу, жыл өткөң сайын толчу. Гүл жыттанган гүлзар болсом, булбул болуп мага кончу. Себепсиң жаңы ырыма, жетермин кадырыңа. Ырыс менен сага кошкон, ыраазымын тагдырыма. Кайырма: Суранамын, жалынам, Сен кетпечи жанымдан. Сезимдерим сага болгон, Таттуу экен баарынан. Суранамын жалынамын, Таттуу экен баарынан.
  • Айтамын гана ээй, Атадан гана калган мурасты. Жаңырып заман, эй, Жаңы муун баба салтын улантты. Намысын бийик сактаган эл, Добушун угуп тыңдап жүрөктүн. Кадырын туюп барктанам мен, Эч тарыхтан өчпөй жыл өтсүн. Кайратыңдан жанбаган, Калың элди барктаган. Эгемендикти энчилеп Өмүрүн берген бизге Канча адам э-эй-и-ий? Ташта изи калган кыргызымдын. Бириң кеттиң алыска, Бириң жетти жылдызга. Бириң жарап намыска, Бири-бириңден талашпа. Арнагам гана, эй, Жериме чындап өчпөс эмгекти. Баатырлар гана, эй, Байыртан буруп тынчтык элдешти. Намысын бийик сактаган эл, Добушун угуп тыңдап жүрөктүн. Кадырын туюп барктанам мен, Эч тарыхтан өчпөй жыл өтсүн. Кайратыңдан жанбаган, Калың элди барктаган. Эгемендикти энчилеп Өмүрүн берген бизге Канча адам э-эй-и-ий? Ташта изи калган кыргызымдын. Бириң кетип алыска, Бириң жетти жылдызга. Бириң жарап намыска, Бири-бириңден талашпа.