Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тагдырым»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Элесиң көз алдымда,
Карагансыйт таарына,
Салып сүйүү зарына мени.
Сүйөрүңдү башканы,
Чындык сенден качканы,
Өкүндүрүп, сыздатты мени.
Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Сезимге кайгы толуп,
Неге тагдыр мени кыйнады?
Кайырма:
Бакытым белең мага бир келген,
Жалындап жүрөк эңсеген?
Көктөн тилеген күндөрүм менин,
Кеттиби, жаным, сени менен?
Үмүттөр өчпөй, сезимди өрттөй,
Жалгызым, сени кыйбадым,
Тагдырым, неге мени кыйнадың?
Таразасыз тагдырдын таламына батырдың,
Таштак жолго калтырып мени.
Мейли мезгил, жыл өтсүн,
Мейли сенсиз күн өтсүн,
Сүйө берем түбөлүк сени.
Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады,
Сезимге кайгы толуп,
Неге тагдыр мени кыйнады?
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Эмитеден көз карашың чоң кыздардай, Эртели-кеч адат болду го кызганмай. Эркелигиң калган менен, дале жашсың, Эми жүрөм коштошууга колум барбай. Деңиздей көздөрүң эсимден кетпей, Сагындырат. Кайырма: Махабат сүрөп, бир өзүңдү сүйөт, Алыс кетсем да, айга жетсем да. Кыя албай жүрөк, кыялымда жүрөт, Жанымда дайым, ойноп өтсөң да. Эрке кыз, эрке. Балким, сенин көз карашың өзгөрүлөт, Билем, сен да чоңоёсуң көз көрүнөө. Эчен жигиттер, чиркин, арттан калбай, Мага сенин эркелигиң гана жагат. Деңиздей көздөрүң эсимден кетпей, Сагындырат. Кайырма:
  • Мен эми башкамын, мен артыма кайтпаймын, Ааламда, жалганда бир сени унутуш үчүн. Жүрөктө так калды, көңүлүмдү ойлободуң сен, Жүдөп чарчадым. Сени эстеп сагынгам, кайрадан кайгыргам, Жүрөктү эзбегин, мен эми башкамын. Күн өтөт арадан, күтүүдөн тажагам, Жүрөктү эзбегин эми. Кайырмасы: Кара көз, мени аябадың, Жүрөктү жаралап койгон ырахатың сага. Жалганда өзүңсүз калсам да, Ыраазымын тагдырга. Мен эми кайгырбайм өткөн күндөрдү эстеп, Сүйүүгө кабылган тагдырга таарынбайм. Адашкан ак сүйүүм, азгырба мени, азгырба. Сени эстеп сагынгам, кайрадан кайгыргам, Жүрөктү эзбегин, мен эми башкамын. Күн өтөт арадан, күтүүдөн тажагам, Жүрөктү эзбегин эми. Кайырмасы: Кара көз, мени аябадың, Жүрөктү жаралап койгон ырахатың сага. Жалганда өзүңсүз калсам да, Ыраазымын тагдырга.
  • Көз артат көптөр жериме, Көз мончок тагып койсомбу? Көркөмүң дагы арттырып, Көпөлөк болуп консомбу? Сук артат көптөр жериме, Айланып сууну чачсамбы? Ансайын көркүң арттырып, Ак марал болуп барсамбы? Кайырма: Сактасын суук көздөрдөн, Садагам Оштой жеримден. Сулайман пирим колдосун, Жоо жүрөк, баатыр элимди. Колумдан келсе туулган жер, Көз тумар болуп тагылсам. Уулуңду кимдер талашмак, От жалын болуп жагылсам. Кайырма:
  • Жалооруп карап сенин жамалың, Жалынга жүрөгүмдү байладың. Жашоомо жаралган сен ардагым, Жалгызым, бир өзүңдү сагындым. Сени сагынып, сени сагынып, Күндөрүм өтөт кусага батып. Сени сагынып, сени сагынып, Уйкусуз таңдар атты. Кайырма: Сен, жаралуу жүрөктү кыйнадың, Сени сагынам, сезимимди сыйбадың. Сен, тагдырымды неге кыйнадың? Сени сагынам, үмүтүмдү алдадың. Жанымда түбөлүккө калбадың, Жазыксыз жүрөгүмдү арбадың. Жанашып жарым болуп албадың, Жалгыздык күндөрдү арнадың. Күндөр жаңырып, жүрөк сагынып, Көздөрүң карегимде кадалып. Сезим жалынып, сага багынып, Түбөлүк сен деп жашайм. Табышпай калган биздин, Тагдырыбыз айрылган экен. Алыстарда жүрсөң да, Сагынам, сагынам, сагынам.
  • Жалжалым, карааныңды эстей албай, Кусадан сагынычым тарабай. Жашоонун жакшылыгы эмнеде, Сезимим бактыман кетсең? Билмексен болуп неге сен жүрөсүң? Билсең да, жүрөгүмдү кыйнайсың. Сырыңды неге менден жашырып, Көркүңдү жазчы, жылмайып. Кайырма: Жүзүң сезилет кайра-кайра, Сагынам, ойлоп күн-түн. Жүрөгүмө кайгы толду, Келчи, жаным, мага кайра. Негедир таарынып сен жүрөсүң, Кечиргин, негизи, мен күнөөлүүмүн. Эстечи эстен кетпес күндөрдү, Мээримдүү айлуу түндөрдү. Кайырма: