Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жалынам»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

«Көк бөрү» тасмасына саундтрек
Илебин өрттөп барат, ирмебей көзүң карап,
Жамалың периштедей, жайылып аппак канат.
Тазасың аруу таңдай, тамшанткан таттуу балдай,
Алтыным, алмаштырбай, жалгызымсың толгон айдай.
Кайырма:
Суранамын, жалынам.
Сен кетпечи жанымдан.
Сезимдерим сага болгон,
Таттуу экен баарынан.
Жыйналган бактым болчу, жыл өткөң сайын толчу.
Гүл жыттанган гүлзар болсом, булбул болуп мага кончу.
Себепсиң жаңы ырыма, жетермин кадырыңа.
Ырыс менен сага кошкон, ыраазымын тагдырыма.
Кайырма:
Суранамын, жалынам,
Сен кетпечи жанымдан.
Сезимдерим сага болгон,
Таттуу экен баарынан.
Суранамын жалынамын,
Таттуу экен баарынан.

Другие песни исполнителя:

  • Кайкып учкан канаты бар Ак булуттун арасынан кезиккен Катарыңда жүрдүм эле кагылып Кайда кеттиң жүрөгүмдү эзип сен Көк асмандай ачыктыгынды сүйүп мен Көлдөй толкуп көңүлүбүз бириккен Көктө сызган куштан кабар жиберем Көкөлөбөй түшүп келчи бийиктен Кайырма: Асмандагы периштем асмандагы Азабыңдан арманга батсам дагы Ачык болуп жолуң дайым кара булут тозбосун Акыркы бул балким коштошуу Арылбастан сага деген сагыныч Айтылбастан калды канча жалыныч Желде сызып кыдыралы дүйнөнү Жерге түшкөн жанды кайра алып уч
  • Кайгы-муңду ойго албай, Кубаныч жолун жандай. Баратамын багынып мен, Шайыр жашоо аралай. Убакыт учат сызып, Күндөрүм өтөт кызык. Көтөрөлү көңүлдү биз, Жалын жаштыкка кызып. Жаштык дайрасында жалында, жалында. Кайырма: Оуеи… Жалын жаштык деми, Жадыраган сезим. Арбап мени, сени, Халее… Жылдыздарды карачы, Жаштыгыңды баалачы. Балбылдаган жашоодо, Бакытыңды самачы. Күндөрүм өтөт кызык, Убакыт учат сызып. Көтөрөлү көңүлдү биз, Жалын жаштыкка кызып. Жаштык дайрасында жалында, жалында. Кайырма:
  • Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген, Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген. Тагдыр жолу — татаал жол, бирөөлөргө кепкенен, А бирөөгө азап менен арман-муңун чектеген, Туңгуюкка кептеген. Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай, Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай. Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай, Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай, Кара жанды кыйнамай. Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар, Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар. Адамзаттын ушулар убалына калчулар, Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар, Акыр заман салчулар. Максат менен чырмайлы, ызат-сыйга чулгайлы, Өмүрлөрдүн чак түшү алтын жаштык турбайбы. Каран калсын көр оокат, кана, достор, ырдайлы, Эл-журт болсо, биз болобуз, эл мүдөөсүн сыйлайлы, Эркин ойноп жыргайлы. Өткөн өмүр – качкан куш, канаттары дилдиреп, Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт. Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк, Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет, Бакыт канча ким билет. Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң, Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң. Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң, Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң, Качырганда билерсиң. Адал жүрөк, ак ниет алсыздарга шум дүйнө, Жан дүйнөсү бош калган наадандарга кур дүйнө. Кадырына жеткенге катасы жок нур дүйнө, Биз өтсөк да калар жаркып дайым жапжаш бул дүйнө, Дайым сулуу бул дүйнө. Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадай, Мүнөт санап өмүрлөр өтүп жатат байма-бай. Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай, Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай, Бактыбызды байлабай. Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң, Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң. Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң, Миң-миң сырлуу бул өмүргө жүз жашасаң тойбойсуң, Миң жашасаң тойбойсуң.
  • Токоюм бойлоп баратсам, Суктантып көздү караткан. Алыстан келген адамдар, ий, Кеткисиң ай келбейт ай-ий Таластан. Береке нурун сепкен жер, Каныкей жашын төккөн жер. Хан Бакай, Кошой баш болуп, Кабылан ай Манас ай-ий өткөн жер. Ак шумкар сызып учкан жер, Атагын дүйнө уккан жер. Чокусу бийик Таластын, Чолпонбай ай Чыңгыз ай-ий чыккан жер. Ак чөлмөк ойноп тан аткан, Айлуу түн бизге жарашкан. Канчалык ойноп күлсөм да эй, Кумарым ай канбайт ай-ий Таластан.
  • Дайранын көркү кемеде, Баланын көркү энеде, Акыл айтсаң тыңшабай, Акмактын көркү жемеде. Шибердин көркү — мал менен, Жылкынын көркү — жал менен. Жылдыздай жанган кара көз, Жигиттин көркү — жар менен. Булбулдун көркү гүлдө бар, Ырчынын көркү үндө бар, Ак шумкар учса асманга, Амалың болсо үндөп ал! Бычактын көркү кынында, Жылкынын саны кулунда, Азамат болсоң, эр жигит, Ардактуу иштен корунба. Шибердин көркү — мал менен, Жылкынын көркү — жал менен. Жылдыздай жанган кара көз, Жигиттин көркү — жар менен. Булбулдун көркү гүлдө бар, Ырчынын көркү үндө бар, Ак шумкар учса асманга, Амалың болсо үндөп ал!