Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаштык деми»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кайгы-муңду ойго албай,
Кубаныч жолун жандай.
Баратамын багынып мен,
Шайыр жашоо аралай.
Убакыт учат сызып,
Күндөрүм өтөт кызык.
Көтөрөлү көңүлдү биз,
Жалын жаштыкка кызып.
Жаштык дайрасында жалында, жалында.
Кайырма:
Оуеи…
Жалын жаштык деми,
Жадыраган сезим.
Арбап мени, сени,
Халее…
Жылдыздарды карачы,
Жаштыгыңды баалачы.
Балбылдаган жашоодо,
Бакытыңды самачы.
Күндөрүм өтөт кызык,
Убакыт учат сызып.
Көтөрөлү көңүлдү биз,
Жалын жаштыкка кызып.
Жаштык дайрасында жалында, жалында.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Керек эмес күндөр бекер күйгөнү, Кел, замандаш, өзгөртөбүз дүйнөнү. Табам десең келечекти жаркыган, Тазалыктан башта үйдөгү. Кызыл туудай желбиресек оболоп, Кыргызстан эртең гүлгө оронот, Бийик тоодой жашап, жапыз болбойлу, Биз оңолсок, заман оңолот. Кайырма: Билим болуп жолдошуң, Минип акыл жоргосун, Ала-Тообуз сени колдосун. Жалгызмын деп ой кылбай, Кошул биздин толкунга, Куралат деңиз тамчыдан. Если хочешь что-то изменить вокруг, Ты найди слова надежды и любви. Руку дай тому, кто верит и пойдёт За тобой в далёкий, верный путь. Пусть услышит мир дыханье гор твоих, Как блестят озёра и поют ручьи. Пусть всегда цветёт земля от слов твоих, Вместе мы сберечь её должны. Кайырма: Булутту камчылай өмүр күүсү уланат, Теңир-Тоо толготуп, адамзат ойгонуп… Бакыт кушу конобу деп жергеме, Балдарынан үмүт кылат эл деле, Жарык болуп мекенге биз күйбөсөк, Жалын жашты берди эмнеге? Кайырма:
  • Бул жашоодо таза жолду танда, Мүмкүнчүлүк келет ар бир жанга. Өзүм дебей бир өмүрдө күйүп, Эмгегиңди элиң үчүн арна. Жалкоо болбой кайрат, күчүң барда, Чоң жарышта сапарыңдан калба. Жашоодогу жеңиш ошол экен Пайдаң гана тийсе ар бир жанга. Өкүнбөйлү өткөн ишке кайра, Кур дүйнөгө берилип байланба. Атың өчпөй, жашап кылымдарга, Баштаган жолуңдан эч тайманба, Из калтыргын жүрөктө нур барда. Жарык болуп күн нурундай тийсең, Жан дилиңден бул жашоону сүйсөң. Жалп деп анан өчкөн өңдүү жалын, Бул учурлар кайрылбаган ирмем. Өзгөртөсүң келечекти бир сен, Өзөгүсүң жаңы күндүн билсең. Адамдарга үлгү болуп дайым, Жашагысы келгендей сен жүрсөң!
  • Толкунданган сезимиңди байкадым, Көз ирмебей калганың, эске түшөт ар дайым. Неге сенин сүйүүң актай албадым, Сени тиктеп калганым, жүрөгүмдү арбадың. Кайырма: Чын сүйүү, чын сүйүү сезими, Жазгы сүйүү демиби, Сүйүү мага келдиби? Сагындым сенин мүнөзүңдү, Элестетем сүрөтүңдү. Тагдырым сага байланганбы? Чын сүйүүгө айланганбы? Жан жүрөгүм жалгыздыктан тажады, Кубанычы тарады, бир өзүңдү самады. Мен өзүмчө тагдырыма таарынам, Жалгыз сени сагындым, эсте калды карааның. Кайырма:
  • Көз ачып шаттуу дүйнөгө жаңы келип Ымыркай жан шеригим көпөлөгүм Нур заман гүл жыттанган мекенде Өсө бер сен болгун көкөлөгүм Келечек канатымсың бел байлаган Дүйүмсүң мөмөлөгөн жер жайнаган Эл үчүн кызмат кылсаң эр жеткенде Урматтап ызат этип баары сага Батадан бүткөн карааным Түгөнбөс мүрөк булагы Эл уулу болуп өсө бер Канымдан бүткөн чырагым Таалайым кандан бүткөн берекемсиң Сайбанын көк майсамдуу көлөкөмсүң Ыңалап үнүң чыкса мен кубанган Ырыс чачып баарына, ырыс чачкан төрө экенсиң