Казахские песни Узбекские песни

Песня «Садагам Оштой жеримден»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көз артат көптөр жериме,
Көз мончок тагып койсомбу?
Көркөмүң дагы арттырып,
Көпөлөк болуп консомбу?
Сук артат көптөр жериме,
Айланып сууну чачсамбы?
Ансайын көркүң арттырып,
Ак марал болуп барсамбы?
Кайырма:
Сактасын суук көздөрдөн,
Садагам Оштой жеримден.
Сулайман пирим колдосун,
Жоо жүрөк, баатыр элимди.
Колумдан келсе туулган жер,
Көз тумар болуп тагылсам.
Уулуңду кимдер талашмак,
От жалын болуп жагылсам.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Снова вижу в далеке знакомый образ, Обаятельный твой взгляд и нежный голос, День за днём я всё сильней влюбляюсь, И не слышу слова да, ведь я стараюсь, Посмотри мне в глаза, ты поймёшь тогда, Что я от тебя, кажется без ума. Посмотри на меня, я достоин тебя, И будем с тобой, вдвоём навсегда. Кайырма: Снова придёт, этот рассвет, Я не пойму, ты со мной или нет? Снова придёт, этот закат, И принесёт нежный твой взгляд. Одиночество сжигает мою душу, И не чувствуя тепла, ты сердце рушишь, Я ведь знаю, есть любовь на этом свете, Быть с тобою, во что на примете. Искусственная полночь, в тонике луны, Короткие сны, вечерние мечты, Мои мысли полны воспоминания, О прошлом или том, что будущем, Было бы возможно, но что-то, Искренно я верил и пытал надежды, Строил планы, что хранил себя так бережно, Как бы я хотел время повернуть назад, Любить и быть любимым, видеть тот прекрасный взгляд.
  • Элесиң көз алдымда, Карагансыйт таарына, Салып сүйүү зарына мени. Сүйөрүңдү башканы, Чындык сенден качканы, Өкүндүрүп, сыздатты мени. Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады, Сезимге кайгы толуп, Неге тагдыр мени кыйнады? Кайырма: Бакытым белең мага бир келген, Жалындап жүрөк эңсеген? Көктөн тилеген күндөрүм менин, Кеттиби, жаным, сени менен? Үмүттөр өчпөй, сезимди өрттөй, Жалгызым, сени кыйбадым, Тагдырым, неге мени кыйнадың? Таразасыз тагдырдын таламына батырдың, Таштак жолго калтырып мени. Мейли мезгил, жыл өтсүн, Мейли сенсиз күн өтсүн, Сүйө берем түбөлүк сени. Алсыраган жүрөгүм сыздап, ыйлады, Сезимге кайгы толуп, Неге тагдыр мени кыйнады? Кайырма:
  • Кыялымдасың, айтпайм эч кимге, Кыйналып жаздым, жаз келип сезимге. Карегимдесиң сен деп алоолоп жанган, Калемимдесиң сүйүү балы тамган. Кайырма: Ойгонгум келбейт. Түшүмдө гана жүзүңдөн сүйө алам. Оролуп термейт. Махабатка төшөлгөндөй бүт аалам. Бактылуубуз кандай… Ойлорумдасың, сансыз аткан күн батты, Ойлонуп жаттым, нечен таңдар атты. Сезимимдесиң гүлзар менен курчалган, Сезбейт экенсиң ансайын күч алган. Кайырма: Ойгонгум келбейт. Түшүмдө гана жүзүңдөн сүйө алам. Оролуп термейт. Махабатка төшөлгөндөй бүт аалам. Бактылуубуз кандай… Бир болууга жаралган жандарданбыз.
  • Кара күчкө биз эмес багынгандай Каректерге катылган жалын бардай Оттой жанып кыргыздын жигиттери Окко каршы атылган чагылгандай Элим деп жандан ашып кечип атса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Эзилип да кул болгон кимге жаксын Элин кантип эр жигит жер каратсын Жүзү жарык аттанып ар намыска Жүрөгүндө деми бар эр Манастын Өмүрү эл тагдырын чечип жатса Эрдигиң унутулбайт эч убакта Өчпөйт,өчпөйт элесиң каректен Чакырып биримдикке айбатын берет деп Жашап, жашап жаш бойдон жүрөктө Барсыңар ак батада, барсыңар тилекте Ырыстуу айкөлдүн элибиз Эми биз тең бир элбиз Ынтымак күтөлү эми биз биримдикте Гүлдестеге бөлөп бейиттерин Эскерели Мекен шейиттерин Бир күн өтпө токто жүрөк Баатырларды жокто жүрөк Ар намыска жана бергин Акыйкатта тилеп тилек