Казахские песни Узбекские песни

Песня «Суранам»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өзгөрүп дүйнө бир сени менен,
Өзүмдөн өзүм кызганып келем.
Ак сүйүүм чексиз улана берет,
Убакыт өзгөрүлсө да.
Өрт болуп күйөт, жалындап денем,
Өчүрбө, жаным, суранам сенден.
Өзгөчө сага сезимим терең,
Түбөлүккө жашоом — сен.
А мен болсо сени жүрөгүмө сактап алдым,
Өмүрүмөн артык көрөмүн сени, ардагым.
«Алыстаба, жаным, сүйөмүн сени ансайын»,
Деген сөздөрүңдү унута албай эстеп дайым,
Кайталап улам.
Суранамын Жаратканымдан,
Сүйүүмдү сакта, сакта ар дайым!
Кайталап улам кубанычымды,
Сүйүүмдү сактап, сактап ар дайым!

Другие песни исполнителя:

  • I куплет Ынтымак менен, ырыс күнүбүз келгендей. Биримдик менен, кыйын учурду жеңгендей. Сыноодон өтөбүз, жеңишке жетебиз, Өмүрдө жанып бир келген эй. Жашайбыз ал үчүн, Жакшы күн бар үчүн, Биз дейбиз эми жекеленбей. Кайырма: Элим, жашасын элим! Кубанычтын жолун курап Элим, бар болсун элим, Журок сен деп согуп турат Бар болгун Элим! II куплет Баары алдыда, Жаңыртып күлкү, ырларын. Жаштар жабыла, Элимдин курайт жыргалын. Биликтей күйүшкөн, Отко даап киришкен, Заманың билди кыз-уулдарын. Жүрөктөн сүйүп сен, Алдыга үмүттөн, Жашагын, жаша утулбагын. Кайырма: Элим, жашасын элим! Кубанычтын жолун курап Элим, бар болсун элим! Журок сен деп согуп турат Керек эсенин. Тарыхтан улгу алып келечекке багыт сал, Алыска умтулалы, кутот бизди жарыктар. Ала тоодой бек бололу, Элибизге чеп бололу! Баарыбыз тен биримдикте Улуу тек бололу Кымындай болунбой, Ынтымакка келип биз, Созсуз коздогонго жетебиз. Кыргызым эч качан Сыноодон женилбе, Кутуудо алдыда Керемет келечек. Сыноодон отобуз, Женишке жетебиз. Омурдо жанып бир келген эй Жашайбыз ал учун Жакшы кун бар учун Биз дейбиз эми жекеленбей Элим, жашасын элим! Кубанычтын жолун курап Элим, бар болгун элим! Журок сен деп согуп турат Элим, жашасын элим! Кубанычтын жолун курап. Элим, бар болсун элим! Кубанычтын жолун курап. Элим, бар болсун элим! Журок сен деп согуп турат Бар болгун элим! Бар болгун элим!
  • Билбедим таарыныч эсимде каларын Болбогон нерсеге чо күмөн саламын Кереги жок ойлорду мен кайда катамын Ачкым келет жаңыдан сүйүү барагын Кайырма: Мен сени менен Кыялдарга жетем От жалындай болуп күйсөм дагы Намысымды бийик койсом дагы Сени менен Арманымды жеңем Өзүмдү мен өзүм билсем дагы Өзүмдү мен өзүм сүйсөм дагы Сени менен Мен сени менен Башкаларга көңүл бурсам дагы Өзүмдү мен өзүм билсем дагы Сени менен Билгизбей ичимдем сыр бербей каламын Түшүнбөйм бүтпөгөн түгөнбөс талабын Биз кетирген катаны өзүмо аламын Кантсемда кыялбайм эң кымбат жамалын
  • Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй, Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй Кайык сымал толкундардан жалгыз калган, Өткүм келбейт, бул өмүрдө сени көрбөй. Жомоктой өтүп өмүр кайрылбайт, Жоготкон күнүң кайра табылбайт. Байлыгың бербейт баарын турмушта, Бакытың бийик учкан куш тура. Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй, Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй Жомоктой өтүп өмүр кайрылбайт, Жоготкон күнүң кайра табылбайт. Байлыгың бербейт баарын турмушта, Бакытың бийик учкан куш тура. Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй, Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй Кайык сымал толкундардан жалгыз калган, Өткүм келбейт, бул өмүрдө сени көрбөй.
  • Өмүр, багытым таппай издеп күйүп-жансам да, Өмүр, тагдырда жан үрөп мен өңдөн азсам да. Өмүр, бакытты азап жандап түйшүк тартсам да. Мен сени сүйөм, өмүр, Мен сени сүйөм, өмүр… Кайырма: Алдымдан азгырып чакырдың, ай, Алдың го жаштыктын жазын далай. Антсең да сыйлоого акым бар, ай, Мен сени сүйөм, өмүр… Берерин билбеймин али эртеңдин, Тирүүлүк билигин араң тердим Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да, Мен сени сүйөм, өмүр… Өмүр, жетерде бийиктикке кулап калсам да, Өмүр, өйдөлөп кайра турар кубат алсам да. Өмүр, алдыңа далай сынып ыйлап барсам да, Мен сени сүйөм, өмүр, Мен сени сүйөм, өмүр… Кайырма: Өмүр, күз болуп салдың мени сагынычтарга, Өмүр, учурдуң кээде ак кар бурганактарга. Өмүр, көктөмдөй сага бирок али куштармын. Мен сени сүйөм, өмүр, Мен сени сүйөм, өмүр… Кайырма:
  • Айылдын ары жагынан, Алмалуу колхоз багынан. Кечкурун иштеп тең кайтып, Келаткан күндү сагынам. Жаштыктын ошол чагынан, Тең татып өмүр балынан. Колумдан кызыл гүл алып, Коштошкон күндү сагынам. Сагынам, жаным, сагынам, Алыссың кантем жанымдан? Сүйгөнүн эстеп сагынуу, Эң кыйын экен баарынан.