Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сени менен»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билбедим таарыныч эсимде каларын
Болбогон нерсеге чо күмөн саламын
Кереги жок ойлорду мен кайда катамын
Ачкым келет жаңыдан сүйүү барагын

Кайырма:

Мен сени менен
Кыялдарга жетем
От жалындай болуп күйсөм дагы
Намысымды бийик койсом дагы

Сени менен
Арманымды жеңем
Өзүмдү мен өзүм билсем дагы
Өзүмдү мен өзүм сүйсөм дагы

Сени менен
Мен сени менен
Башкаларга көңүл бурсам дагы
Өзүмдү мен өзүм билсем дагы
Сени менен

Билгизбей ичимдем сыр бербей каламын
Түшүнбөйм бүтпөгөн түгөнбөс талабын
Биз кетирген катаны өзүмо аламын
Кантсемда кыялбайм эң кымбат жамалын

Другие песни исполнителя:

  • Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, тумарым, Түнкү шамдай өчүп барат ыраңың. Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок, Аясаңчы, аясаңчы, аясаңчы, тумарым. Тумарым, ай-ай, тумарым, Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым. Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат, Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат. Сенин атың, сенин сүйкүм элесиң, Жүрөгүмдө тумар болуп сакталат. Тумарым, ай-ай, тумарым, Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым.
  • Сенин сүйүүң алдадыбы? Же махабаттын жалганыбы? Жалгыз калган, жадап турган, Жараланып сен калдың кайгы-муңга. Сезимиңден жаңылдыңбы? Сүйбөгөнгө жалындыңбы? Баары бирдей, баркын билбей, Сезбегенди сен эстеп сагындыңбы? Кайырма: Махабат жаралап, Ааламды аралап. Бактысыз неге жаралат? Ак сүйүүсүн арнаганды, Аяп неге карабадың? Төгүп жашың ыйлап жаттың, Уктабастан арзуудан жараландың. Кайырма: Махабат жаралап, Ааламды аралап. Бактысыз неге жаралат?
  • Карааныңа зар, мен ар дайым, Карегиң кайгы баспай, күлүп турсаң айдайым. Эркелетип сен кучак жайып, Каражаның канча жашка чыкса дагы-балакайың. Кайырма: Энекем ай, таза аккан суудай, Таң аткан нурдай, Эрте эле кеч киреби? Берекем ай, замзамдан ууртам, Сагынган уулуңдан кейибе эч бир эми. Мээримиңе зар апакебай, Жүрөгүм сага тартып, көзүм артып, жете албай. Ымыркайың ыйлай-ыйлай, Канча күн уктатпадым, уйкуларын мага арнай. Кайырма:
  • Керек эмес күндөр бекер күйгөнү, Кел, замандаш, өзгөртөбүз дүйнөнү. Табам десең келечекти жаркыган, Тазалыктан башта үйдөгү. Кызыл туудай желбиресек оболоп, Кыргызстан эртең гүлгө оронот, Бийик тоодой жашап, жапыз болбойлу, Биз оңолсок, заман оңолот. Кайырма: Билим болуп жолдошуң, Минип акыл жоргосун, Ала-Тообуз сени колдосун. Жалгызмын деп ой кылбай, Кошул биздин толкунга, Куралат деңиз тамчыдан. Если хочешь что-то изменить вокруг, Ты найди слова надежды и любви. Руку дай тому, кто верит и пойдёт За тобой в далёкий, верный путь. Пусть услышит мир дыханье гор твоих, Как блестят озёра и поют ручьи. Пусть всегда цветёт земля от слов твоих, Вместе мы сберечь её должны. Кайырма: Булутту камчылай өмүр күүсү уланат, Теңир-Тоо толготуп, адамзат ойгонуп… Бакыт кушу конобу деп жергеме, Балдарынан үмүт кылат эл деле, Жарык болуп мекенге биз күйбөсөк, Жалын жашты берди эмнеге? Кайырма:
  • Дайранын көркү кемеде, Баланын көркү энеде, Акыл айтсаң тыңшабай, Акмактын көркү жемеде. Шибердин көркү — мал менен, Жылкынын көркү — жал менен. Жылдыздай жанган кара көз, Жигиттин көркү — жар менен. Булбулдун көркү гүлдө бар, Ырчынын көркү үндө бар, Ак шумкар учса асманга, Амалың болсо үндөп ал! Бычактын көркү кынында, Жылкынын саны кулунда, Азамат болсоң, эр жигит, Ардактуу иштен корунба. Шибердин көркү — мал менен, Жылкынын көркү — жал менен. Жылдыздай жанган кара көз, Жигиттин көркү — жар менен. Булбулдун көркү гүлдө бар, Ырчынын көркү үндө бар, Ак шумкар учса асманга, Амалың болсо үндөп ал!