Казахские песни Узбекские песни

Песня «Махабат»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сенин сүйүүң алдадыбы?
Же махабаттын жалганыбы?
Жалгыз калган, жадап турган,
Жараланып сен калдың кайгы-муңга.
Сезимиңден жаңылдыңбы?
Сүйбөгөнгө жалындыңбы?
Баары бирдей, баркын билбей,
Сезбегенди сен эстеп сагындыңбы?
Кайырма:
Махабат жаралап,
Ааламды аралап.
Бактысыз неге жаралат?
Ак сүйүүсүн арнаганды,
Аяп неге карабадың?
Төгүп жашың ыйлап жаттың,
Уктабастан арзуудан жараландың.
Кайырма:
Махабат жаралап,
Ааламды аралап.
Бактысыз неге жаралат?

Другие песни исполнителя:

  • Өзгөрүп дүйнө бир сени менен, Өзүмдөн өзүм кызганып келем. Ак сүйүүм чексиз улана берет, Убакыт өзгөрүлсө да. Өрт болуп күйөт, жалындап денем, Өчүрбө, жаным, суранам сенден. Өзгөчө сага сезимим терең, Түбөлүккө жашоом — сен. А мен болсо сени жүрөгүмө сактап алдым, Өмүрүмөн артык көрөмүн сени, ардагым. «Алыстаба, жаным, сүйөмүн сени ансайын», Деген сөздөрүңдү унута албай эстеп дайым, Кайталап улам. Суранамын Жаратканымдан, Сүйүүмдү сакта, сакта ар дайым! Кайталап улам кубанычымды, Сүйүүмдү сактап, сактап ар дайым!
  • Таң атып күн батты Кетпедиң оюмдан Сезимди суусатты Сагыныч чогулган Кыялбай сен жакты Күтөмүн жолуңдан Ооо жолуңдан Гүл кармап колуңдан Сүрдөтпөчү сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды Ооо сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды ууу Сапарың карадым Билинбейт кабарың Унутам баардыгын Көргөндө караның Кайгыга салбачы Табылат аргасы Ооо айласы Мээримиң арначы Сүрдөтпөчү сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды Ооо сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды ууу Сүрдөтпөчү сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды Ооо сезимтал жанымды Жалгыздыктан билдим го баркыңды Бирге жүргөн кезимди сагынып Ак сүйүүм күчөп жаңырды ууу
  • Жарыкка көз жарганда эң оболу, Толгонуп канча жашы корободу. Кызыл эт балапандай баланы алып, Калтаарыбай киндик кескен эне колу. Кайырма: Үзүлбөй келечектен күткөн ою, Үйрөтүп, үзүр көрүү өмүр бою. Эмгектеп, талпынып жаңы баскан мезгилинде, Тай-тайлап жетелеген эне колу. Эзилип эт жүрөгү эчен жолу, Аластап тийбесин деп эч бир ооруу. Айланып түн уктабай, азап тартып, Ак сүтүн эмизген да, эне колу. Кайырма: Гүлдөтүп мээрим менен талаа-тоону, Кең салып, чаап берген турмуш жолун. Жашоонун үрөнүн сээп, өмүр улап, Чарчабай эмгектенген эне колу. Кайырма:
  • Күндөр жаңырат, күнөөсүз бирөө сагынат. Күтүп зарыгат, көргөндө көздөрү чагылат. Сүрдөп барыштан, сүйүп алыстан, Сүрөтүн карап жалынат. Ойлор жарышкан, курчап алышкан. Кайырма: Ай-ай, асыл жансың ай, Айдын нурундай, жанып турдуң ай. Ай-ай, асыл жансың ай, айдай жаркырай, Аздан калкып ай. Арзуу сезимди, айттырбай жигит сезбеди. Азгыра берди, ар дайым анын элеси. Ай жылдап күндөр, алдыга сүрөп, Айдады сүйүү кемеси. Кагып канатың бактың табасың. Кайырма:
  • Далеко не со мной, Знаю, смотришь ты сейчас, На небеса, на звезды и луну. Нелегко снег весной, Разлучили города нас с тобою, Жду тебя одну. Кайырма: Улечу первым рейсом в Нью-Йорк, Чтобы просто понять. Как скучаем по друг-другу, Мы ночами и не можем обнять. Улечу первым рейсом в Нью-Йорк, Чтоб почувствовать вновь. На другом краю планеты, Твою нежность, счастье и любовь. Снится сон — рядом ты, Обнимая в этом сне, Осуществились все мои мечты. Тает ночь, новый день, Близят новые минуты грусти, Ты уйдешь, оставив тень. Кайырма: