Казахские песни Узбекские песни

Песня «Күндөр жаңырат»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күндөр жаңырат, күнөөсүз бирөө сагынат.
Күтүп зарыгат, көргөндө көздөрү чагылат.
Сүрдөп барыштан, сүйүп алыстан,
Сүрөтүн карап жалынат.
Ойлор жарышкан, курчап алышкан.
Кайырма:
Ай-ай, асыл жансың ай,
Айдын нурундай, жанып турдуң ай.
Ай-ай, асыл жансың ай, айдай жаркырай,
Аздан калкып ай.
Арзуу сезимди, айттырбай жигит сезбеди.
Азгыра берди, ар дайым анын элеси.
Ай жылдап күндөр, алдыга сүрөп,
Айдады сүйүү кемеси.
Кагып канатың бактың табасың.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Ысык-Көл бизге кучак жайып, Ысык-Көл бизди күтөт дайым. Ысык-Көлдүн ажайып жайы, Ысык-Көлгө эмне жетсин! Таптаза, тунук, кереметсиң, Касиеттүү Ысык-Көл! Кайырма: Эс алдырып Ысык-Көл, Баарыбыз пляжда. Кыздар бут жерде, Балдардын ою башка Эс алдырып Ысык-Көл, Музыка таң атканча. Келгиле биз менен чогуу Баарыбыз кайталап «көл». Ысык-Көлдүн толкундары, Ысык-Көлдүн алтын кумдары. Ысыган жандардын кумары, Ысык-Көлгө эмне жетсин! Таптаза, тунук, кереметсиң Касиеттүү Ысык-Көл! Кайырма:
  • Жаштык кез жаңы кийимдей, Эскирсе калган кийилбей. Боз улан бойдон турбайсың сен Бул жолуң өтөт билинбей. Кыярса калбас күбүлбөй, Кырчын кез тоонун гүлүндөй. Кыз бойдон дайым турбайсың сен, Кызык кез өтөт билинбей. Күнүгө сени жандаган, Күлгүн чак келбейт кайрадан. Элирбей жаштык кезиңди Эс-акыл менен пайдалан. Турмушка өчпөс из калтыр Туягың бүтүн чагыңда. Турмушка өчпөс из калтыр Туягың бүтүн чагыңда.
  • Мен да бай болгом, чоң болгом Чөнтөккө акча жык толгон Жанымда досторум көп эле Күлүп ойногон… Көнүмүш адатымды койбоптурмун Берилген ырыскыма тойбоптурмун Түбөлүк жашай берем дегенсип Ойлоптурмун… Дагы, дагы, чыда кичине Өтөр, кетер бул күндөрүң дечү эле Чыдай берем, чыдай берем а бирок Бүтпөйт эч эле… А мына, мына колдо турат дегенче Кармагыча учуп кетет бир кезде Чыдай берем, чыдай берем а бирок Бүтпөйт эч эле… Туй Ата… Ага тай деп сулуу кыздар жүрчү эле Мен күлсөм кошоматчылар күлчү эле Мактаган сайын дардаңдаарымды, Баары билчү эле Бул байлыгым бүтпөчүдөй Дептирмин… Карапайым эл ырысын жептирмин Жаман иштин кайра кайтып келеерин Билбептирмин… Дагы, дагы, чыда кичине Өтөр, кетер бул күндөрүң дечү эле Чыдай берем, чыдай берем а бирок Бутпөйт эч эле… А мына, мына колдо турат дегенче Кармагыча учуп кетет бир кезде Үмүт кылам, үмүт кылам а бирок Бүтпөйт эч эле… Туй Ата… Туй Ата… Мен да бай болгом, чоң болгом… Эх… Чөнтөкө акча жык толгон… Ай… Жанымда досторум көп эле… Туй Ата… Агатай деп сулуу кыздар жүрчү эле… Ой-ой-ой… Мен күлсөм кошоматчылар күлчү эле… Эх-эх-эх… Дагы, дагы, дагы чыда кичине Өтөр, кетер бул күндөрүң дечү эле Чыдай берем, чыдай берем а бирок Бүтпөйт эч эле… А мына, мына колдо турат дегенче Кармагыча учуп кетет бир кезде Бирок үмүт кылам ал күндөрүм баары бир Келет тез эле… Туй Ата…
  • Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй, Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй Кайык сымал толкундардан жалгыз калган, Өткүм келбейт, бул өмүрдө сени көрбөй. Жомоктой өтүп өмүр кайрылбайт, Жоготкон күнүң кайра табылбайт. Байлыгың бербейт баарын турмушта, Бакытың бийик учкан куш тура. Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй, Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй Жомоктой өтүп өмүр кайрылбайт, Жоготкон күнүң кайра табылбайт. Байлыгың бербейт баарын турмушта, Бакытың бийик учкан куш тура. Көк асманда жамгыр болуп төгүлгөндөй, Булуттардан капысынан бөлүнгөндөй Кайык сымал толкундардан жалгыз калган, Өткүм келбейт, бул өмүрдө сени көрбөй.
  • Мен оорудум бир жолугуп Махабатка бир мас болуп, кайра соолугуп Мынчалык неге сулуу? Көздөрүң тунук терең толукшуп. Кандай сонун сенин колуң Кармаганда сезер белең жүрөк согушун? Ким эле суктанбасын Тим эле кулпунасың, колуктум. Кайырма: Перидей жансың, Кериле бастың Мен сүйгөн жансың. Бакытымды таптымбы дейм, Шириним таттуу балым эй Жүрөгүмдү ээлеп алдын го бир өзүң Дагы, дагы, дагы дейм Тойбодум го татымыңа мен Сезимдерим ээлеп алдың го бир өзүң Махабатым сага арнадым, Сыртыңдан гана сүйгүм келди, сени ардагым. Ашыкмын сага билем, Айталбай аттиң, жүрөм арманым. Асыл, жаным, ананайын, Сөздөрүн терип, асыл жарым, сага арнайын. Жанашып түбөлүккө, Жарашып бул өмүрдө калайын.