Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бир өзүң»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен оорудум бир жолугуп
Махабатка бир мас болуп, кайра соолугуп
Мынчалык неге сулуу?
Көздөрүң тунук терең толукшуп.
Кандай сонун сенин колуң
Кармаганда сезер белең жүрөк согушун?
Ким эле суктанбасын
Тим эле кулпунасың, колуктум.
Кайырма:
Перидей жансың,
Кериле бастың
Мен сүйгөн жансың.
Бакытымды таптымбы дейм,
Шириним таттуу балым эй
Жүрөгүмдү ээлеп алдын го бир өзүң
Дагы, дагы, дагы дейм
Тойбодум го татымыңа мен
Сезимдерим ээлеп алдың го бир өзүң
Махабатым сага арнадым,
Сыртыңдан гана сүйгүм келди, сени ардагым.
Ашыкмын сага билем,
Айталбай аттиң, жүрөм арманым.
Асыл, жаным, ананайын,
Сөздөрүн терип, асыл жарым, сага арнайын.
Жанашып түбөлүккө,
Жарашып бул өмүрдө калайын.

Другие песни исполнителя:

  • Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде, Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде. Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар, Самашып сагынычымды, Самашып сагынычымды уккан кезде, Барам сага. Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде, Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде. Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз, Көп күндөр арабыздан, Көп күндөр арабыздан өткөн кезде, Барам сага. Ширесин карагаттар чачкан кезде, Ажарын жоогазындар ачкан кезде. Кучактап бейкутчулук түн коюнун, Күн нуру уясына, Күн нуру уясына баткан кезде, Барам сага. Гүлдөргө аарыларың конгон кезде, Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде. Алгачкы биз жолуккан кечтегидей, Алтын ай асмандагы, Алтын ай асмандагы толгон кезде, Барам сага, барам сага.
  • Жаным, жашоомдун негизи, Жаным, ойлордун деңизи. Жаным, жүрөктү эздиңби? Жаным, сүйүүмдү сездиңби? Кайырма: Кетпей койдуң эсимден, Келем сага кайра. Кайда качам мен өзүңдөн эми, Кайда, кайда? Жаным, тоолорго кетели, Жаным, гүлдөрдү кечели. Өзүң өмүрдүн тиреги, Жаным, бөлүнбөй жүрөлү. Кайырма:
  • Улуу тарыхты канатына алган, Улут болуп сакталган. Урпактарынын мурасына калган, Уңгу сөздөн кеп салган. Байыртан мекен үчүн күйгөн, Эр Манастын уулубуз. Байырлап Ата Журтун сүйгөн, Жоголбосун уңгубуз. Кан майданга да төшүн тосуп барган, Кайра тартпай душмандан. Калкым үчүн деп чагылгандай жанган, Кайратынан жанбаган. Аий, Кыргызстаным менин, Ачык болсун асманың. Элим деп сактаган мекенин, Азаматтын аскарың. Кайырма: Кыргыз эли кең пейил элден, Кереметтүү жерден, ырыс береке берген. Мекеним өркүндөй бер кылымдарга, Ак калпагы асманга тийип. Ала-Тоодой бийик, Өркүндөй бер кылымдарга Ынтымак болсо, биз жеңебиз баарын, Ыйманыңды сактагын. Биригели биз биримдикке баргын, Бир бооруңду сатпагың. Жараткан бейпил жашоо берсин, Тынчтык болуп элимде. Жаңы аткан таң нурунан келсин, Береке кут жериме. Кайырма: Кыргыз эли кең пейил элден, Кереметтүү жерден, ырыс береке берген. Мекеним өркүндөй бер кылымдарга, Ак калпагы асманга тийип. Ала-Тоодой бийик, Өркүндөй бер кылымдарга
  • Жаратканга жакын экен, Айт майрамы асыл экен. Курман чалсаң кутуласың, Балээлерден башың эсен. Жаратканды унуткандын, Жан дүйнөсү жакыр экен. Кулдугу бар, сыймыгы бар, Кыргыз эли баатыр экен. Кайырма Айтыңыз маарек, Айтыңыз маарек, Куттуу болсун майрамыңыз! Ала-Тоосу бийик болуп, Көкүрөккө үмүт толуп. Маарек болсун айтыңар деп, Ак батасы тунук болуп. Улуулары урмат кылса, Кичүүлөрү сылык болуп. Кылымдардан келе жатабыз, Кыргыз деген улут болуп. Кайырма Айтыңыз маарек, Айтыңыз маарек, Куттуу болсун майрамыңыз!
  • Ойлогон ойду тыя албай Үмүттүн баарын кыя албай Жүрөсүң дале шок болуп Билмексен болуп уялбай Сен менин айдай сулуу жыргалымсың Демдеги толкунданган ырларымсың Сүйүүмдү ээлеп алган кандай жансың? Койсоңчу жанды кыйнабай. Сен менин айдай сулуу жыргалымсың Демдеги толкунданган ырларымсың Сүйүүмдү ээлеп алган кандай жансың? Койсоңчу жанды кыйнабай. Ойломоюнча тура албай Илинген тордон чыга албай Обу жок сөздү кеп кылып Оюнчук кылып кыйнаба Сен менин айдай сулуу жыргалымсың Демдеги толкунданган ырларымсың Сүйүүмдү ээлеп алган кандай жансың? Койсоңчу жанды кыйнабай Ай жүзүң тунук бул кандай? Жүрөсүң кантип булганбай? Татсамбы деймин даамыңды Табышмагыңдан кур калбай! Сен менин айдай сулуу жыргалымсың Демдеги толкунданган ырларымсың Сүйүүмдү ээлеп алган кандай жансың? Койсоңчу жанды кыйнабай