Казахские песни Узбекские песни

Песня «Тумарым»
исполнителя Мирбек Атабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, тумарым,
Түнкү шамдай өчүп барат ыраңың.
Таш боор белең жүрөгүңдө мээрим жок,
Аясаңчы, аясаңчы, аясаңчы, тумарым.
Тумарым, ай-ай, тумарым,
Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым.
Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат,
Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат.
Сенин атың, сенин сүйкүм элесиң,
Жүрөгүмдө тумар болуп сакталат.
Тумарым, ай-ай, тумарым,
Аясаңчы, менин сүйгөн тумарым.

Другие песни исполнителя:

  • Илебин өрттөп барам Эрмебей көзүн карайм Жамалың периштедей Жайылып аппак каннат Тазасың ааруу таңдай Тамшанткан таттуу балдай Алтыным алмаштырбайм Жалгызымсын толгон айдай Кайырма Суранамын жалынам Сен кетпечи жанымдан Сезимдерим сага болгон Таттуу экен баарынан Жыйнаган бактым болчу Жылыткан сайын толчу Гүл жыттанган гүлзар болсоң Булбул болуп мага кончу Себепсин жан ырыма Жетээрмин кадырына Ырыс менен сага кошкон Ыраазымын тагдырыма Кайырма
  • Ойлогон ойду тыя албай Үмүттүн баарын кыя албай Жүрөсүң дале шок болуп Билмексен болуп уялбай Сен менин айдай сулуу жыргалымсың Демдеги толкунданган ырларымсың Сүйүүмдү ээлеп алган кандай жансың? Койсоңчу жанды кыйнабай. Сен менин айдай сулуу жыргалымсың Демдеги толкунданган ырларымсың Сүйүүмдү ээлеп алган кандай жансың? Койсоңчу жанды кыйнабай. Ойломоюнча тура албай Илинген тордон чыга албай Обу жок сөздү кеп кылып Оюнчук кылып кыйнаба Сен менин айдай сулуу жыргалымсың Демдеги толкунданган ырларымсың Сүйүүмдү ээлеп алган кандай жансың? Койсоңчу жанды кыйнабай Ай жүзүң тунук бул кандай? Жүрөсүң кантип булганбай? Татсамбы деймин даамыңды Табышмагыңдан кур калбай! Сен менин айдай сулуу жыргалымсың Демдеги толкунданган ырларымсың Сүйүүмдү ээлеп алган кандай жансың? Койсоңчу жанды кыйнабай
  • Айылдын ары жагынан, Алмалуу колхоз багынан. Кечкурун иштеп тең кайтып, Келаткан күндү сагынам. Жаштыктын ошол чагынан, Тең татып өмүр балынан. Колумдан кызыл гүл алып, Коштошкон күндү сагынам. Сагынам, жаным, сагынам, Алыссың кантем жанымдан? Сүйгөнүн эстеп сагынуу, Эң кыйын экен баарынан.
  • Көз артат көптөр жериме, Көз мончок тагып койсомбу? Көркөмүң дагы арттырып, Көпөлөк болуп консомбу? Сук артат көптөр жериме, Айланып сууну чачсамбы? Ансайын көркүң арттырып, Ак марал болуп барсамбы? Кайырма: Сактасын суук көздөрдөн, Садагам Оштой жеримден. Сулайман пирим колдосун, Жоо жүрөк, баатыр элимди. Колумдан келсе туулган жер, Көз тумар болуп тагылсам. Уулуңду кимдер талашмак, От жалын болуп жагылсам. Кайырма:
  • Жалооруп карап сенин жамалың, Жалынга жүрөгүмдү байладың. Жашоомо жаралган сен ардагым, Жалгызым, бир өзүңдү сагындым. Сени сагынып, сени сагынып, Күндөрүм өтөт кусага батып. Сени сагынып, сени сагынып, Уйкусуз таңдар атты. Кайырма: Сен, жаралуу жүрөктү кыйнадың, Сени сагынам, сезимимди сыйбадың. Сен, тагдырымды неге кыйнадың? Сени сагынам, үмүтүмдү алдадың. Жанымда түбөлүккө калбадың, Жазыксыз жүрөгүмдү арбадың. Жанашып жарым болуп албадың, Жалгыздык күндөрдү арнадың. Күндөр жаңырып, жүрөк сагынып, Көздөрүң карегимде кадалып. Сезим жалынып, сага багынып, Түбөлүк сен деп жашайм. Табышпай калган биздин, Тагдырыбыз айрылган экен. Алыстарда жүрсөң да, Сагынам, сагынам, сагынам.